МАКСИМ БАКИЕВ КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮН СОТТО УТУП АЛДЫ

№760 26-май - 1-июнь, 2017-ж.

Экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Англиянын Жогорку Сотунда Кыргыз өкмөтүнүн үстүнөн жазган доо арызынын негизинде жеңип алды. Аталган маалыматты Максим Бакиевдин адвокаты жалпыга маалымдоо каражаттарына тараткан. Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына өкмөт 2016-жылы Максим Бакиевдин экономикалык кылмыш жасаганын сотто далилдей албаганын айтып: "Мен 2016-жылы апрелде доо арызды берүү мөөнөтү тууралуу маселени көтөрүп чыкканымда "маалымат туура эмес" деп мени айыпташкан болчу. Эми мына ошол адамдар коомго мамлекеттин бюджети канча сумманы эсепке албай койсо болорун айтышсын. Экс-президенттин уулунун коррупция жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу далилдерди бере албаган ведомство өз өлкөсүнүн кызыкчылыктарына карата ушундай шалаакы мамилеси үчүн кандайдыр бир жоопкерчилик алышы керек",- деп жазып чыкты.
Эске салсак, Кыргыз өкмөтү Максим Бакиевдин үстүнөн жазган доо арызын 2016-жылдын октябрь айында кайтарып алганы кабарланган. Өкмөт бул иш кайрадан жанданарын убадалап, "Бакиев сотто жеңди" деп айтыш туура эместигин эскерткен. Маалыматка караганда, сот өкмөттү Максим Бакиевге кетирген чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирген. Сот процессинде Максим Бакиевдин кызыкчылыгын "Хикман энд Роуз" юридикалык компаниясы коргоодо.
Өкмөттөн окуя тууралуу "маалымат бизге бейрасмий түрдө келди, расмий маалымат такталууда" деген жооп беришти.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо