БАБАНОВ ЖАЛАЛ-АБАДДА

№761 2-8-июнь, 2017-ж.

Өткөн жумада Өмүрбек Бабанов жалал-абаддыктар менен жолугушуп, кенен-кесир пикир алышты. Ал жолугушууда 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «15 мыйзам» деген программа менен чыкканын жана алар четинен аткарылып жатканын баса белгиледи. Адегенде эле партиялаштары айтканын аткарып депутаттык кол тийбестиктен, автоунаадан, KG үлгүсүндөгү атайын номурдан, 120 жардамчыдан, 120 айдоочудан баш тартканын, анын аркасы менен казынада 100 миллион сомдун айланасындагы акча үнөмдөлгөнүн билдирди. Ошондой эле парламенттен 7 пайыздык агрокредит боюнча мыйзам өтүп, президенттин кол коюусунда турганын, 2018-жылдан тартып дыйкандар дал ушул айыл чарба кредитин ала баштаарын айтты. Мындан тышкары 10 пайыздык ипотекалык кредиттердин берилиши да дал ушул «РАЖ» фракциясынын эмгеги экенине токтолду. Анын сөзүн угуп отуруп, «Республика–Ата Журттан» башка партиялар өз программаларын ишке ашырып жатабы деген суроо туулат.
Кандай болгон күндө дагы эл күздөгү президенттик шайлоодо калыстык кылып, убадасына турган, сөзү менен кылган иши дал келген лидерге добуш берүүсү зарыл.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо