ЖАЙКЫ МОДА-2017. РОМАНТИКАЛУУ 80-ЖЫЛДАРГА КАЙТЫП БАРАБЫЗ

№761 2-8-июнь, 2017-ж.

Кыздар, келишкен бой-мүчөнү көрсөтүүчү жай келди. Бул жайдагы актуалдуу кийимдер даңазалуу 80-жылдардын жеңи кенен тигилген көйнөктөрү, 70-жылдардын чолок шымдары болмокчу. Ошондой эле платформа такалуу бут кийимдер, ачык түстөгү өңдөр модада.

ЧОЛОК ШЫМ


Гардеробуңузда бул кийим жок болсо, сөзсүз сатып алыңыз. Ыңгайлуу, аптапта ысытпаган чолок шымдар быйыл трендде болмокчу. Бели өйдө, кең чөнтөктөр менен кооздолгон чолок шымдардын заманы.

КӨЙНӨКТӨР


Быйыл төшүндө, жеңинде бүйүрмөлөрү көп барпыраган көйнөктөр жана ийиндери ачык көйнөктөр да модада. Кош этек сымал тигилген сарафандарды тандасаңыз да жаңылбайсыз. Ал эми кеңсеге кийиле турган көйнөктөрдүн жакасы жабык болот. Кейибеңиз, анын ордуна буттарыңызды көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк бар. Анткени көйнөктөрдүн этеги санга чейин ачык болот. Ак-кара сызыктуу классика бул жайда да актуалдуу.

Ушундай жеңи кенен тигилген көйнөктөр жайдын тренди.


БУТ КИЙИМ


Бул жайда шиш такалуу бут кийимдерди ката турсаңыз болчудай. Анткени жайдын тренди – платформа. Үстүндө ар кандай боолор же жалтырак таштар чөгөрүлгөнү талапка ылайык. Балеткалар, кедалар мурдагыдай эле өкүмүн жүргүзөт.

БАШ КИЙИМ


Жайдын ысыгында баш кийимсиз жүрүү бир топ кооптуу. Түрдүү шляпалар сизди коргоп эле тим болбой, көрк да берип турат. Ошондой эле бандан (чыт жоолук) салынсаңыз болот.

АКССЕСУАРЛАР


Жайда өтө чоң жана өтө кичинекей сумкаларды алыңыз. Ошону менен бирге булгаары курлар жана тор кол каптар да модада. 90-жылдардагыдай моюнга тыкыс тагылган чокерлер (каргы сымал моюнга тага турган кооздук) да кайтып келди. Ал баркыттан, булгаарыдан, же таштардан тизилген болсо моюнуңузду көркүнө чыгарат. Бир жагы кыска, бир жагы узун сөйкөлөр, ийинге чейин салынуучу жана балтырды кооздогон бутка тагылуучу билериктер да жайдын көркүнө көрк кошмокчу.

ЖЫНСЫ


Кайсы учур болбосун жынсылар модада. Жай мезгилинде шым, көйнөк болобу, баары кооздолуп сайылган саймалар менен өзгөчөлөнөт.

ШЫМ


Бизге клёш шымдар кайтып келди. Жайкы шымдардын бул жылдагы өзгөчөлүгү – ачык өңдөрүндө. Сапсары, кыпкызыл, жапжашыл, айтор, каалаган ачык түстүү шым алсаңыз болот. Модада дагы деле бели өйдө тигилген шымдар. Баса, юбка болуп баратып шым болгон (юбка-шым) багалеги кенен келген кыска классикалык шымдарды кийсеңиз да саркечтиктен артта калбайсыз.

ЮБКА

Юбкалар ар кандай узундукта болушу күтүлөт. Өзгөрүлбөгөнү юбканын дээрлик бардыгы тилик болот. Андан тышкары тюль же ар кандай жука материал менен сыртынан капталат.

Нуржамал Жийдебаева
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(16)
05.06.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балдарга ХХХ да жок го...
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-05 09:47:49
05.06.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мен да бир клошко окшогон шым алдым олло жарашпайт экен оля Мода-озуно жарашыктуу кийинуу.(окшойт)
05.06.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура,мода озуно жарашыктуу кийинуу гана болуп саналат.Азыр мода деп эле жарашканы дагы жарашпаганы да кийип журот.Кочодон коруп "каап тимеле койбоптур да "деген учурлар коп кездешет.
05.06.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мода дүйнөсүнө сунуш бийик така кийбегендерге да сонун бут кийим чыгаргылачыы
05.06.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин Чон апам кыска шортик кийген кыздарды корсо ииий кокуй тээтиги кыз шым кийбей эле чыгып алган го дечуу эле биринчи суротту коруп эске тушуп кетти
05.06.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бири да жаккан жок и вроде бы бул кийимдер быйыл мода да эместей.
05.06.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тортунчу койнок начночкага окшош экен
05.06.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне деген моодалар чыгып жатат кийсен жарашпайт кийбесен кийгин келет
06.06.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакасы жабык болот бирок эч кайгырбаныз буттарды корсотконго мумкунчулук бар санга чейин ачык' дейт ой тобоо
06.06.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
cholpon119966,мен да ошону окуп тан калдым,элге денени корсотууго ундоптур.
07.06.2017. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
meni_kut, анда эмне бар экен аяык кийгендери кийет кийбегендери жабыгын кийет...бул жакта жон гана жазылып атат..барып ал дебей элего тобоо...
07.06.2017. 05:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Соонун мода мага жакты...билгендей эле кийиниптирмин мен))) моюндагынын туру бар, бели узун шортик, бели узун шымдарым да коп..))) короче жакты
08.06.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эң соооонун МОДА жана эч качан өзгөрбөй турганын айтайынбы?
Узуун көйнөк, башыңа жоолук, бутуңа такасы жок эле бир нерсе кийсең өзүңдү ушунчалык жеңил сезип каласың. Айланаңдагыларга да жакшы көрүнөт.
09.06.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Быйылкылар жакпады шо то. Калдайган жендер, клеш, 90- жылдардын бир кызыктай нерселери кайра чыгыптыр, жынса менен жынса кийуу, пфф. Балким жаш суйкайган сулуулар кийсе жарашаттыр, бизге окшогон келиндерге жарашыктуу койноктордон отоору жок.

09.06.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijan,сизге кошулам
10.06.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизге окшогон келиндерге жоолук,кен койнок,басканга удобный бут кийим,модага карасак кайындардын алдында чолок шым менен элестетип койгула..........
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо