9-КЛАССТЫ АЯКТАДЫҢБЫ? АНДА ИШ ТААП КЕТЕ АЛЧУ КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛУУГА УМТУЛ

№761 2-8-июнь, 2017-ж.

Учурда өлкөбүздө 92 миң окуучу 9-классты, ал эми 62 миң окуучу 11-классты аяктап, окуу жайларга тапшыруу алдында турушат. Андыктан 9-классты аяктаган соң, абитуриент кайсы окууга тапшыруу менен өзүнө жана коомго пайда алып келер кесипке ээ болорлугу тууралуу маалымдайбыз. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2015-жылдан берки изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, "айлыгы көп жана талап жогору" деп эсептелген кесиптер төмөндө көрсөтүлгөн.

"4000 БЮДЖЕТТИК ОРУН БАР"

Төөлөсбай Абылкасымов, Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси:
– Мурун экономика, медицина, укук таануу (юриспруденция), туризм, курулуш, педагогика жана инженердик-технология (IT) тармагына абитуриенттердин басымдуу бөлүгү тапшырчу. Бирок акыркы 5-10-жылдан бери жогорудагы багыттар боюнча билим алып жаткандардын саны кескин өсүп, бул кесипке ээ болгондордун потенциалы түшүп кетти. Эл аралык билим берүү багытындагы эксперттер да биздин мамлекетте 2-3 эле тармакта (экономика, педагогика, укук таануу) окуп жаткандар кескин көбөйгөнүн жана алардын деңгээли канааттандырбай жатканын айтып чыгышты. Мамлекетке караган орто-кесиптик окуу жайларга тапшырчу талапкерлер үчүн жылына 5 миң бюджеттик орун берилчү. Быйыл бул көрсөткүч 4 миңге түштү. Биздин мамлекетке эң зарыл болгон айыл чарба жана кайра иштетүү тармактары боюнча берилген бюджеттик орундар толбой жатат. Мындан улам атайын стратегия иштеп чыктык. Анда айыл чарба, медицина, туризм, курулуш жана педагогика негизги тармактар катары киргизилди жана реформалар жүргүзүлөт.
Ар бир кесип ардактуу дегендей мыкты адис өзүн жана кесибин эч качан уят кылбайт. Мыкты кадрлар гана өлкөнү да өзүн да багып кете алат. Назарыңыздарда азыркы учурда кирешелүү жана популярдуу болуп жаткан кесиптер.

ТИГҮҮЧҮЛҮК


Аталган кесип учурда эң көп жумуш орундарын түзгөн тармак. Аталган кесип ээлери бир айда эң аз дегенде 20 миң сом айлык алышат. 2017-жылдын январь айында эле Бишкек шаарынын өзүндө 600 вакансия ачылган. Ал эми республика боюнча тигүү цехтери күн санап ачылууда.

ШИРЕТҮҮЧҮ


Жыл санап республика аймагында ири курулуш иштери жүрүүдө. Мындан улам ширетүүчүлөргө талап жогору. Бул багытта да мамлекеттик окуу жайларда бюджеттик орундар каралган. Аталган кесиптин ээлери 25 миң сомдон 80 миң сомго чейин айлык маяна ала алышат.

ЭНЕРГЕТИКА


2016-жылы аталган багыт боюнча өлкө аймагынан 1084 абитуриент окууга киришкен. Бул жаатта негизги иш ГЭСтерде жүргөндүктөн нымдуу, кооптуу, түнкү жумуш деген категориялар боюнча айлык маяна көп төлөнөт. Орточо эсеп менен алганда, эң аз эмгек акы 25 миң сомду түзөт. Бул багытта электр станцияларынын техниги, электр монтажчы жана электр менен камсыздоочу адистер даярдалат.

IT-АДИСИ


"XXI кылым жаңы технологиялар заманы" деп айтылгандай, учурда күн санап заманбап технологиялар менен иштеген инженер-технолог (IT) кызматкерлерине талап күчөп барат. Бул кесипти аркалаган адистер орточо эсепте эң аз дегенде 30 миң сомдон жогору айлык алышат. Айрым ишканалар 100 миң сомго чейин маяна төлөшөт. 2016-жылы аталган багыт боюнча республика аймагынан 2311 абитуриент тапшырган. Учурда мамлекеттик мекемелер электрондук системге өтө баштап, биометрикалык системдер киргизилип жаткандыктан, IT кызматкерлерине талап жогору.

АШПОЗЧУ-КОНДИТЕР


Ашпозчу-кондитер кесибине даярдоочу окуу жайларда аталган багытта билим алгандар үчүн бюджеттик орундар каралган. Өлкө боюнча 2016-жылы бул тармакка 1358 окуучу тапшырган. Башында 15 миң сомдон жогору маяна менен баштап, такшалган адис болгон соң 40 миң сом жана андан көп маяна алса болот.

АНДАН СЫРТКАРЫ

  • чачтарач
  • офис-менеджер
  • маркетолог
  • токойчу
  • сатуучу-консультант
  • куруучу кесиптерине да талап жогору. Эскертүү: Өлкөдөгү көпчүлүк кабыл алуу комиссиясы 2017-жылдын 1-июлунан тарта иштей баштайт. Орто кесиптик окуу жайларда 9-классты аяктагандар үчүн окуу мөөнөтү 2 жыл 10 айды түзөт.

Окууга тапшырууда талап кылынуучу документтер:

1. Күбөлүк (окууну бүткөндүгү тууралуу)
2. Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк
3. Директордун атына арыз
4. Жашаган жеринен маалым кат
5. Мектептен мүнөздөмө
6. №086-У медициналык маалым каты
7. 3*4 өлчөмүндөгү сүрөт (6 даана)

«Супердин» сурак бурчу

Кесипти эмнесине карап тандайсыз?

Аймээрим Кылычбекова, 8-класстын бүтүрүүчүсү, Жалал-Абад шаары:
– Кичинемден эле өзүмдү-өзүм дарылоону үйрөнүшүм керек деген максат койгом. 11-классты аяктаган соң медициналык академияга окууга тапшырам. Ата-энем да каршы эмес. Дарыгерлер канча айлык алары мен үчүн маанилүү эмес. Оорулууларга жардам берсем болду. Окууну аяктагандан кийин иш таап кетериме толук ишенем.

Айгерим Нурдин кызы, 9-класстын бүтүрүүчүсү, Сокулук району:
– Ички иштер министрлигинин академиясына же юридикалык окуу жайга тапшырууну пландап жатам. Кесип тандоодо "иш таап кете аламбы?" деген суроо коём өзүмө. Укук коргоо органында иштөө кызыгуума атам себепчи. Ал да ушул тармакта иштейт. Айлыгы 10-15 миң сом деп уктум. Быйыл ушул эки тармактын бирине окууга тапшырууга аракет жасайм.

Руслан Эркеев 8-класстын бүтүрүүчүсү, Талас шаары:
– Эс тарткандан бери компьютерге абдан кызыгам. Ушул тармакта өзүмдү сынап көрүүнү максат кылып, программисттик кесипти тандайын деп жатам. Бул тандоомду ата-энем да колдоду. Өзүм да кызыгам. Ачыгын айтсам, айлыгы канча экенин да билбейм. Программисттерге иш көп экен. 9-классты аяктап эле Бишкекке окууга тапшырам.

Бактыгүл Назырбек кызы, 8-класстын бүтүрүүчүсү, Бишкек шаары:
– Мен 11-классты аяктап, визажисттик курска тапшырып, ошол тармакта иштөөнү пландап жатам. Кичинемден эле бул багытка кызыгуум бар. Азыр да сиңдилеримди өзүм боёнтом. Күнүнө жакшы иштесең
10 миң сомдон жогору акча тапса болот экен. Апам макул, атам менен кеңеше элекмин. Иш табылат деген ойдомун.

Жумаида Маматкадырова, 9-класстын бүтүрүүчүсү, Ала-Бука району:
– 11-класска чейин окуп, кийин кытай тили боюнча котормочулук кесибине тапшырууну пландап жатам. Азыр өлкөбүздөгү кендерди кытайлар иштетип жаткандыктан, кирешелүү, зарыл кесип деп ойлойм. Айлыгын да жакшы төлөшөт. Бирок дагы башка багытка өзгөрүп кетишим мүмкүн. Кесип тандоодо айлыгына да көңүл бурам.

Асхат Ишенаалы уулу, 8-класстын бүтүрүүчүсү, Кочкор району:
– Жогорку окуу жайга 11-классты аяктаган соң гана тапшырам. Кесип тандоодо өзүмдүн жөндөмүмө карайм. Бишкек шаарында котормочулук боюнча окусам деп жатам. Араб тилине кызыккандыктан ушул багытта мыкты адис болууну каалайм. Азырынча котормочулук кесип менен канча акча тапса болорун билбейм.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
05.06.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен програмист болгум келет кызыгуум бар
08.06.2017. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы окуу жайды тандаса да оз ишин билген мыкты адис болушсунчу! Азыр эптеп эле диплом сатып алмай болуп калбадыбы?
05.06.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу бүтүрүүчүлөр силерге ийгилик жакшылап ойлонуп жүрөгүңөргө жаккан кесипти тандагыла силерге оомат бакыт тилеп калам шустри болгула любой жерге ишке алат ийгилик карочи
05.06.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы окуу жайлар 9 класстын базасында кабыл алышат,ошолордун тизмесин күткөнбүз да..мүмкүн болсо билип берсеңиздер жакшы болот эле
05.06.2017. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик бутуруучулор эн оор кундор алдыда бекем болгула,ийилсенерда сынбагыла,жаман жолдон алыс болгула ден соолукта болгула ,эх окуучулук кундор сагындымго,кана еми кайтып келсе окумакмын 5ке атак 3ко еле окуп журупмун ,намыстанбай женил курстарда еле окуй бергила ата эненерди кыйнабай ошол ен жакшысы обув ремонт,телефон ремонт,поварлыкка,парикмахер,компьютерный курс и.т.д мед фак,юрист,толуп жатат кыргызстанда азыр баары москвада кара жумушта иштеп журот,ахыбалы чирик
05.06.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9 класстан кийин институт, колледжке окуйсунар. 11 коасстан кийин универ , академияда.
06.06.2017. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фармацевт да жакшы кесип. 3 жылдык деп тоготпой башка кесип тандадым эле. Азыр кээде окунуп калам
06.06.2017. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фармацевт не болуп чыгат
06.06.2017. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozgeldi,аптекадан отурасын
06.06.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр таш ыргытсан Экономисттер мн юристтердин башына тушот.

Озум компьютер боюнча колледжди, андан сон Экономист-бухгалтер адистигин аяктагам.
Жумуш табылбайт, айлык акты аз дебей, студент болуп жургон убактан аракет кылып баштоо керек. Эгер оз кесибиндин мыкты адиси болсон, башкалардан коп тармактуу озгочолугун мн айырмаланып турсан иш беруучу да сени кое бербейт.

Азыр ар бир менчик ОсООлордо, бюджеттик жана жеке менчик иш каналарда, банк, фирма, бут бардык жер
06.06.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Sagyn.91,
Жерде акча каражаттарынын эсебин бухгалтерлер жургузот. Ар бир майда барат жумушчулардын маянасын, салык системин, социалдык эсептоолорун, материал, негизги каражаттарынын эсебин бухгалтерлер жургузуп келет.

Озум ушул тармакта иштеп кордум. Эн сонун кесип. Жоопкерчилик биринчи орунда турат. Окууну аяктабай жатып иштегендиктен маянам 12000с болчу. Эгер толук кандуу адис болуп жетилсен, тажрыйбан болсо анда 15000-20000 с жогору айлык маянага иштесен болот.

09.06.2017. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттик бала бакчалардагы поварлардын айлык маянасы канча экен.Билсенер жазып койгулачы.
09.06.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sagyn.91,
Мамлекеттик бала бакчалардагы ашпозчулардын айлык маянасы канча экен.Билсенер жаза кетсенер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо