БИР БҮРКҮМ

№761 2-8-июнь, 2017-ж.

  • Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон бир нече жер титирөөдөн кийин 610 турак жай АВАРИЯЛЫК АБАЛДА деп табылды. Аталган маалыматты ӨКМ таратты.

  • Жыл башынан бери КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ 116 адам баш калка издеп келген. Аталган маалыматты Мамлекеттик миграция кызматынан кабарлашты.

  • Ош облусундагы ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДАН жабыркагандар үчүн ачылган ӨКМнын атайын эсебине 13,6 миллион сом чогулду. Бул тууралуу ӨКМ 31-май күнү билдирди.

  • Мурунку билим берүү жана илим министри КАНАТ САДЫКОВ Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп шайланды.

  • 2017-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз өлкөсүнөн 114 адам ДЕПОРТАЦИЯЛАНГАН. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

  • 2017-жылдагы ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО 15-октябрда өтөт. Бул мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаттарынын 106сы колдоп, 3-окууда жактырышты.

  • Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир төртүнчү бойго жеткен жаран ЧЫЛЫМ чегет. Жыл сайын 6 миңдей адам тамекиге байланыштуу оорулардан улам көз жумат. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

  • Орусия жана Казакстан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТТОРУН тааныды. Мындан улам жаңы үлгүдөгү паспорттор менен аталган мамлекеттерге тоскоолдуксуз кирип-чыкса болорун Тышкы иштер министрлиги билдирди.

  • Орусиянын Челябинск облустук соту 30-май күнү кримтөбөл АЗИЗ БАТУКАЕВДИН эжеси Яха Батукаева боюнча өкүм чыгарып, 17 жылга кести. Анын 28 килограмм героинди сактап жүргөндүгү сотто аныкталган.

  • Башкы прокуратура "АЗАТТЫККА" карата сотко жазган доо-арызын кайтарып алды. Аталган маселени карап чыгууну 12-майда президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага сунуштаган. "Азаттыкка" 20 миллион сом доо коюлуп, банк эсеби камакка алынган болчу.

  • Мамлекеттик кызматкерлер 2018-жылдын 1-январынан тарта МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕН сынак тапшырып калуулары мүмкүн. Аталган мыйзам долбоору учурда коомдук талкууга коюлду.

  • 2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусиядагы МИГРАНТТАР үчүн чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөр менен эл, жүк ташып иштөөгө тыюу салынат.

  • Кыргыз өлкөсүндөгү АЙДООЧУЛАР өзү менен кошо алкотестерди алып жүрүүсү парламентте демилге болуп көтөрүлдү.

  • Лондондун экономика жана тынчтык институтунун чыгарган "БЕЙПИЛДИКТИ СҮЙГӨН ӨЛКӨ" рейтингинде Кыргыз өлкөсү 111-орунга жетип, АКШ менен Кытайды артта калтырды.

  • 31-май күнү Ош-Исфана жолунда Патрулдук милициянын кызматкери 12 жашар КЫЗДЫ СҮЗҮП кетти. Жабыркаган Н.М. аттуу кыздын буту сынгандыгы анык болду.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо