БАБАНОВ ТАЛАСТА

№762 9-15-июнь, 2017-ж.

Өмүрбек Бабанов өткөн жумада өз кичи мекени Таласка барып, «Республика–Ата Журт» фракциясынын көчмө жыйынын өткөрдү. Жыйынга бир топ министрлердин орун басарлары катышып, чогулган элдин суроолоруна жооп беришти. Бабанов козголгон маселелер боюнча министрлик өкүлдөрүнө тапшырма берип, бир топ маселе ошол эле жерде чечилди. Келген эл негизинен келе жаткан президенттик шайлоо тууралуу кеп кылышып, Өмүрбек Токтогуловичке ийгилик тилешип, ак баталарын беришти. Ушундай эле фракциянын көчмө жыйындары буга чейин Ысык-Көл, Чүй, Баткен, Жалал-Абад облустарында болуп өткөн. Буга чейинки облустардагы жолугушууларда губернаторлор катышып келсе, бул саам Таластын губернатору Даир Кенекеев келген жок. Фракция лидери баш болуп, өкмөт өкүлдөрү биргеликте Талас көйгөйлөрүн чечели деп келген жыйынга Кенекеевдин келбей коюшун калың эл «бизге кайдыгер көз карашта экен» деп түшүнүп калды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо