Айжан Акылбекова: "МУХТАРДЫ КЕП КЫЛГАНДАРГА ТЕҢЕЛГИМ КЕЛГЕН ЖОК"

№762 9-15-июнь, 2017-ж.

– Айжан, саламатсыңбы? Акыркы учурда улам бир долбоор менен иштеп келесиң. Улуттун кызыкчылыгын көздөгөн долбоорлордун идеясы кандайча жаралды?
– Жакшы, рахмат. Акыркы убакта элечекке байланыштуу бир нече долбоордун үстүнөн иштедик. "100 элечек" аталышындагы долбоордон кийин "1000 элечек" кылалы дедим эле, бирок башкалар ушундай аталыш менен өткөрүп жиберишти. Анан биз өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып, айымдарга элечек кийгизип, фотосессия кылдык. Бардык аймактарды кошкондо 600 чамалуу айымга улуттук кийим кийгизип, макияж жасап, сүрөткө тартып, интернетке жүктөдүк. Бул бизге эмнеге керек? Ойлоп көрсөм, биз тарыхта тилибиз, анан кийимибиз менен эле калат экенбиз. Ошондуктан улуттук кийимибизди даңазалагым келди. 600 айымдын ичинен бирөө гана "мага жакпайт. Кийип жүргөнгө ыңгайсыз го, уялам" деди.

– Элечекке чейин хиджабдар көргөзмөсүн да өткөрдүң эле. Көргөзүлгөн кийимдер сатыкка чыкпайт го, долбоорлор өзүн-өзү актайбы?
– Ооба, кийимдер сатылбайт. Ошондуктан долбоор өзүн-өзү актабайт. Көп жерлерде көргөзүлгөндүктөн, эскирип деле калат. Көргөзмөгө келгендер "ушул көйнөк жагып калды, каяктан сатып алсак болот?" дей башташты. Ошондон улам мага идея келип "Оймок арт" студиясын ачып, сатылчу кийимдерди ошол жерге коё баштадым. Студияда чакан цехибиз бар, улуттук кийимдерден кеп такыя, элечек, белдемчи, көйнөктөр тигилет. Кандайдыр бир долбоорго киришкенде студиядагы кийимдерди арзан сатып түгөтүп, андан түшкөн каражатты долбоорго жумшайбыз. Андан сырткары жеке керектөөмө жумшалчу каражатымдан кошом дегендей.

– Жеке керектөөңө жумшалчу акчаны кошкондо кандай, жолдошуң калтырып кеткен каражаттан кошосуңбу же башка ишкерлик менен алектенесиңби?
– Албетте, Мухтардан балдарына тиешелүү нерсе калган. Балдардын ырыскысын тартып алып элге чачып ийген да туура эмес. Мен өзүмдүн студияма байланыштуу иштер менен гана алектенем. Бир долбоор бүткөндөн кийин экинчиге идея бар, бирок каражаттын тартыштыгынан же акчам топтолгуча деп күтүп калам. Долбоорлор менен жаңыдан иштей баштаганда Мухтардын бир туугандары жардам беришти. Ал кезде кырдаал бир аз башкача болчу. Мухтардан айрылгандан кийин мен ойлонгонго, бош отуруп калганга убакыт калтырбашым керек эле. Эч нерсеге алаксыбай койсом мен өзүмдү таптакыр жоготуп алмакмын. Мисалы, күнүнө коротулчу 1000 сомдун да 200-300 сомун үнөмдөп калам. Мода кубалабайм, улам машина которбойм, болгонуна топук кылып жүрө берем. Жаңыланганга кетирчү акчаны долбоорго жумшоо үчүн чогултам.

– Башынан эле үнөмдүүсүңбү же кийин пайда болдубу?
– Жакшы суроо. Мен мурун үнөмчүл эмес болчумун. Мухтар барда эч нерсени ойлобой эркелеп жүрчүмүн. Ал өтүп кеткенде эртеңимди, балдарымды ойлоп отуруп ушул сапат пайда болду. Мухтардын каза болушу мага сабак болду. Байлык сенин жаныңды же ден соолугуңду сактап калбайт экен. Колдо бар нерсени туура жумшап, туура пайдалансаң сенин утушуң ушул болорун түшүндүм. Күйөөсү бар аялдын таянары болот, эркелейт, балким, жашоону майда-чүйдөсүнө чейин ойлонбойт. Биз, тескерисинче, ар тараптан бышык болгонго аракет кылабыз. Ар нерсеге көңүл буруп, таарынып, ыза болуп, ыйлап отуруп алуу деген жок. Мен өжөр, балким, бир аз мерез да болуп калдым. Бул сапатты жакшы деп айта албайм. Бирок айла жоктуктан келип чыкты.

– Балдарың чет өлкөнүн системи менен билим алат экен, кайсы мектепте окушат?
– Балдарым Эл аралык Кембридж мектебинде окушат. Улуусу 5-классты, ортончусу 3-классты, кичүүсү 1-классты аяктады. Убагында Кыргызстан мага аябай тар болуп, бул жерден көчүп кетким келген. Ошондон улам балдарымды англис тилиндеги мектепке бергем. Сыртка чыксам эле Мухтарды эстеткен жерлер. Бирок балдарымдын туугандары кетирбей коюшкан. Ал кезде балдарым да кичинекей, анын үстүнө өзүм да ооруп жүргөм. "Ар бир нерсенин артында жакшылык бар" дегендей, азыр кетпей калганыма сүйүнөм. Анткени башка жерге барсам деле оюмда Мухтар болмок экенин кийин түшүндүм.
Менин үйдөн да жаным тынбайт. Балдарым "апа, сизди аяйбыз. Иштей берип арыксыз. Кантип сизге жардам берсек болот?" дешкенинен "силер жакшы окусаңар төлөө акысынын 50 пайызы азаят. Мага жардам бергениңер ошол" дегем. Ошондон уламбы, үчөө тең жакшы окушат. Жакшы окушкандыктан, анын үстүнө 1 үйдөн 3 бала окугандыктан бизге арзандатуу бар.

– Балдарың айтмакчы, чын эле өтө арыктап кетипсиң...
– Акыркы учурда башым ооруп жүрөт. Израилге барып, нур терапиясын алып келгем. Жыл сайын дарыланып турам.

– Акыркы күндөрү Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика бири-бирине болгон ич күптүлүгүнө Мухтар Өмүракуновдун ысымын аралаштырып жатышат, оор тийген жокпу?
– Көзү өткөн адамдын артынан бир гана жакшы сөздөр айтылышы керек. Биз ал ырчыларга жөн гана теңелбей коёлу дедик.

– Мурун Мухтар байкенин биринчи жубайы жөнүндө эч нерсе айтпай, жазбай, сүрөтүн да илчү эмес элең.
– Апам айтмакчы, ортобузда талашкан эч нерсебиз жок. Бири-бирибиз жөнүндө жаман айтышпаганыбыз Мухтарга болгон сыйыбыз деп билем. Ал мен жөнүндө же мен ал жөнүндө айтпай койсок деле Мухтардын 2 үй-бүлөсү бар экенин эл билет. Эки үйдүн балдары бир тууган катары жакшы катташат, анткени алар Мухтардын балдары, эч ким чек коё албайт.

– 2 аял алууну мыйзамдаштырабыз дегендер бар. Бул нерсеге башынан өткөргөн аялзаты катары көз карашың кандай?
– Куранда 4 аял алууга уруксат. Бирок бардык никеси жашыруун болбошу зарыл. Дин боюнча илими жок адамдын бир нече аялга адилет мамиле кылуусу, аларга жоопкерчилик алуусу кыйын маселе. Биздин коомдо бир аялдын жоопкерчилигин көтөрүп жүрүү да оор. Башымдан өткөргөн аялзаты катары айтсам, биздин коомчулук азыр буга даяр эмес.

– Мухтар байке 2 жубайына бирдей мамиле кыла алдыбы?
– Бирдей мамиле кылды. Ошондуктан азыр 2 үй-бүлөнүн тең нааразычылыктары жок, көзү жокто да сыйлап, сөз тийгизбегенге аракет кылып келебиз.

– Рахмат маегиңе, ишиңе ийгилик!

"Турмушка чыкканда Мухтар Куранды окуп көрсөң деген. Ошондон бери изилдеп жүргөм. Жолдошум каза болгондо хиджаб кийип, дин жолуна түштүм".


"Балдарым "көп иштейсиз" деп мени аяп турушат".


Сүйүн Кулматова
Адиль Рашидов
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(63)
12.06.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тынч эле болгула
12.06.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Супер мен тушунгон жокмун. Мурда муктардын биринчи аялынын суротун эч жерге койбой соз козгобочун дейт журналист. А азыр кайжерге коюп жатат суротун???? Жооп кутом
13.06.2017. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love.me.again,Фейзбукка жакында койгон эки уй булонун суротторун
13.06.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuzat88,фейсбукта ким деген,баракчасын таппадым
12.06.2017. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
-Sumitra-, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
12.06.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул айым динди жакшы тушунот. Бирок мен бир жолу "Мен кайра турмушка чыгуум учун Мухтар кайра тирилиши керек"деген интервьюсун окуган элем. А динде жалгыздык жаратканга гана жарашат деп айтылат. Балдары чонойсо баары оз жолун таап кетет. Туура куйоосу жакшы жолдош болчу бирок ал эми жок. Тагдырга конуу керек. Али жаш турмушка чыгуу керек. Озу айтмакчы аял куйоосуно эркелейт коп нерсени ойлонбойт. Бул да аял бирок бардык нерсеге озум жетишем дейт экен ,ошондуктан да ооруйт.
12.06.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Урматтуу супер инфо.Неге ушул Айжан айымдан эле интервью ала бересинер?Мухтардын эл билген расмий турдо катталган никеси барда.Ошол аялдан интервью алсаныздар жакшы болмок.
12.06.2017. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бироонун уй булосунон тапкан бакыт копко узабаптыр аттин..Мурдагы сулуу Айжан жок..Тенине тийсе мумкун бактылуу болмок..
12.06.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо аябай окшош экен
12.06.2017. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
ырчылардын чуусу боюнча Айжандын пикирин билиш үчүн, дагы эмне сөз айтылат экен деген мааниде алынган интервью. Дагы ырбатыштын кереги жок!!!
12.06.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
билбейм мага биринчи аялы жагат,сулуу,жаш. жакшына,тын.
13.06.2017. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aijana121197,биринчи аялы ким деген
12.06.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Негизи ушундай экен жашоодо бироонун бакытынын устуно бакыт кура албайт экенсин.. шариятта эки цч аял алуу бар
Бирок коп учурда бакыт кура албайт окшойсун менини билишимче
12.06.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага ден соолук берсин балдарындын жанында бол
12.06.2017. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мухтар байкенин бийлиги байлыгы жок карапайм адам болсо тиет беле? А эркектер акчасы кобое баштаса жаш кыздар мн журо башташат. Кудай таразалайт го.
16.06.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djal1987, туура ой жугуртупсун красавчик
12.06.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аябай жакат оорубаныс денсоолукта болунуз

12.06.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Балдары кембридж мектебинде окууса жакшы эле жардам беришет экенда туугандары молодцы
13.06.2017. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
hanisa,Контракт 5000$ .
14.06.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mela,жылына 9000-11000$-классына жараша, уч бала орточо 30000$, балким скидкасы мн 20000, мен болсо он жылдан бери 4000$ машинага жетпей журом))).
15.06.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gordaya,Ошо да((((
13.06.2017. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мухтар байке эмне болуп козу откон ооруганбы?
13.06.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altynaika01,Куба шаарында эс алып журуп,3 метрлик толкун тартып кеткен
15.06.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
meni_kut,Куба шаар эмес олко. Поколение безграмотных
13.06.2017. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айжан айым мыкты актриса ойногон ролдорун жеткире аткарган мухтар омуракуновду суйгон учун анын уй булосу болсо да турмушка чыккандыр
13.06.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайданы мактоого татыктуу бироонун ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2017-06-13 16:59:05
13.06.2017. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Abdizhapar, далилсиз бирөөнү каралоодон алыс болуңуз.
13.06.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын эле эмнеге биринчи аялынан(байбичесинен) интервью албасынар? Качан болсо ушул аялы берет интервьюну
13.06.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nargiza1986,себеби бул актриса болчу, эл тааныйт дегендей... Мухтардын аялы катары эле берип жаткан жери жок интервьюну, мурунку актриса азыр эмне м.н алек деп окурмандарды да кызыктырыш к.к да
13.06.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр коментарийлерди окуп отуруп ой келди,биздин коралбастык,жаман жагыбызды чукуп турган,биринин жашоосуна бири кийлигише берген ушу сапаттарыбыз жоюлмак тургай кучоп баратат,барыбыз эле акылдуу боло беребиз,эмне учун ийгилигине кубанып,колдоп котормолоо деген сапат бизде аз?ушул окундурот
13.06.2017. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура.Чынында анын ийгилиги жонундо кеп болбоптур,баары эле жашоосуна квзыктар эххх....
14.06.2017. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх. Бул кызды теледен коруп канчасы ашык болгон эле
14.06.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишинер канча дейм да бироонун жашоосу менен.Экинчи катыны болобу 10 катыны болобу.Оозунарды болушунча кое берип сындапсынарго.Канчанчы катыны болсо да 3 баланы тороп тарбиялап атпайбы.Ошол да болсо куйоосунон калган туяк.Созунор менен сынынар менен Айжан эженин казагына аш салып бербейсинер.Кайра уялбайсынарбы 3 балалуу атасыз жесир калган аялды сындаштан.
14.06.2017. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул айым араб олколорундо жашагым келет,биякта кыйналам деп журбоду беле.
15.06.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анжелика менен бир комнатада жатты деген ушул Муктарбы???
15.06.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni.,ооба.
15.06.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
barakcha,Анжелика го 13токен ,Эми бул Муктар жонундо бир нерсе жазайын десем козу отуп кетиптир. Эгер Айчуроктун айткан чын болсо,кантип дити барды дейм да. Айчурок деле козгобой эле койсо болмок . Озу жаш кезинде кандай экенин,кайдан чыкканын унутуп калды го. Озун примадонна сезип эле
16.06.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анжелика озу да тымпыйып жанына жатып албай мен укиабайм корком десе деле болмок да. Айбек менен дагы жашабайм десе болмок да. Озуно майдай жакккан го.
16.06.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акча болсо еки жубайын бирдей карайт да
16.06.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар ушунчалык таш боорбуз. Айжан эже окуп калсаныз журогунузду оорутпаныз. Алдыга кадар таштап журо бериниз. Буюрса артынызда жолонор таянаар уч уулунуз осуп келе жатат. Бактылуу болдунуз.
18.06.2017. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эээ кыргыздар , укмуш эле калкпыз.
Баардык жагынан төп келишкен Айжан эжени да жөн койбойсуңар го ар кайсыны айтып. Ушак жагынан рекорд эле коёбуз, жумурткадан кыр издегенди жакшы көрөбүз кыргыздар.
Айжан эже, сизге Аллахым бекем ден соолукту, чексиз мүргүбөс өмүрдү, кажыбас кайратты, жакшы жашоо шартты , оору сыркоодон алыс кылып , баардык тилектериңизди колдоп , эки дүйнө бактылуулукту насип этсин! Сиз күчтүү айымсыз! Алдыга умтула бериңиз!
18.06.2017. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец э Айжан эже кыйын эжекен Ийгилик
24.06.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу аял экен.Ырчылардын чырына кыска так жооп берип коюптур.Суперчилер мындан кандай соз чыгат экен деп интервью алышса керек эле
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо