Абдылда Иманкулов: "САЯСАТЧЫЛАРДАН БЕЛЕК АЛГЫДАЙ 17 ЖАШТАГЫ КЫЗ ЭМЕСМИН"

№762 9-15-июнь, 2017-ж.

Элге сүймөнчүк куудулдардын катарында Абдылда Иманкулов да бар. Акыркы учурларда "бул куудул дагы саясатка өтөт экен" деген кептер чыккан. Күлкү талаасынын каарманы super.kg порталына түз эфирге келип, баарлашып кетти. Күйөрмандарынан WhatsApp жана SUPER.KG`ге келген түркүн суроолорго куудул даярданып келгендей ишенимдүү жооп берип жатты.

Алгач түз эфирдин алып баруучулары Абдылда Иманкуловго "Акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз..." деген суроо узатышты.
– Февралдын башынан тартып Баткендин Сүлүктүсүнө, Ысык-Көл, Ат-Башы жерлерине гастролго чыктым. Азырынча каникулдамын.

WhatsApp жана SUPER.KG порталынан көрүүчүлөрдөн суроолор жаады:
"Абдылда байке, бизде юмор менен сатиранын сапаты жоголуп бараткандай. Силер учурунда мыкты сатираларды жаратчу элеңер. Азыркылар бардыгы жеңил-желпи, "албарсты" дегендер. Ушуга бир дабаа таппайсыздарбы?"
-Абдылда байке, бизде юмор менен сатиранын сапаты жоголуп бараткандай. Силер учурунда мыкты сатираларды жаратчу элеңер. Азыркылар бардыгы жеңил-желпи, "албарсты" дегендер. Ушуга бир дабаа таппайсыздарбы?
– Бизде сатира, юмордун сапаты жоголуп кетти дегенге мен кошулбайм. Андай болсо, жогору жактагылар мынчалык чычалабайт эле. Болгондо да сатира мурдагыдай эмес, эң сонун деңгээлде. Мурун сыналгыдан тамашаларыбыз байма-бай берилчү эле. Азыр эфир бермек түгүл, сахнаны ала албай жатабыз.

– Куудулдардын эң байы ким? Борончу байке болуш керек, ээ? Сизде эмне байлык бар?
– Менде байлык аябай көп. Жаңырган жылда сахнада жүргөнүмө 35 жыл болот. Ушул күнгө чейин мен кандай концерт койбоюн зал толтура эл келет, менин байлыгым ошол.

– Депутат Жанар Акаев сыйлыктар тууралуу "тааныш-билиштерге берилип жатат. Канча жылдан бери сахнада жүргөн Абдылда Иманкулов, Рахман Разыковдун наамдары жок. Бийликти сындаганы үчүн аларга наам эмес, сахна дагы берилбей жатат" деди. Бул сөз сизге майдай жакса керек, ээ?
– Жанар да, Түгөлбай байке да туура сүйлөптүр. Жанар "мамлекет сыйлыкты өзү издеп барып бериш керек" деп маселе көтөрүптүр. Артистке наамды колунан жетелеп келип эле берүү туура. "Мен мактоого арзыймын, ушул сыйлыкты алышым керек" деп сыйлык берчүлөргө баргым келбейт.

– Ошол сыйлыктардын берилбей жатканына сиздин бийлик төбөлдөрдү сындаганыңыз себеп болуп жатабы?
– Сөзсүз түрдө. Биз, куудулдар, кайсы бийлик болбосун, качкын бийликпи, баскын бийликпи, баарына "тагдырдын өгөй балдары" болуп келебиз. Сыйлык алыш үчүн биз оозубузду тыйышыбыз керек. Ажобуз "куудулдар бир жерлерин "кысып" эле отурушса" дейт. Бирок мен сыйлык алыш үчүн же башка алыш үчүн оозумду жаап, тумчугуп жүргөнчө каалаган жеримде каалаган оюмду айтып жашаганым жакшы.

– Сиз курактуу эле Рахман Разыков "Беш тапан" өңдүү топту түзүп, шакирттерди тарбиялап жатат. Сиз талантыңызды өзүңүз менен алып кетчүдөй эле жалгыз жүрөсүз да, тынч эле. Же мүнөзүңүз катаалбы? Шакирттер түтпөй кетеби сизге?
– Кайсы жерден көрдүңүз эле менин жапжалгыз туруп алып 2-3 саат бою концерт койгонумду? Экинчиден, жанагы шакирттерди алып жүрүүнүн ошончолук азабы болот. Өткөндө да журналисттер бир суроо берген эле, "Рахман Разыков, Жамбыл Камчиев фестиваль өткөрүп жатышат, сиз эмнеге өткөрбөйсүз?" деп. Анан мен "андай иш-чараларды уюштуруш үчүн Рахманга, Жамбылга окшоп кем акылыраак болушум керек" десем, ал мени суроолуу карады. "Фестиваль же сынактарда ар кандай сөздөр чыгат. Ошол сөздөргө маани бербеген, укса да укмаксан болгон киши кем акыл да" дедим .

– Замандашыңар, куудул Манас Бердибеков тууралуу унутуп койгондойсуздар. Мисалы, акыркы жолу качан эскерүү кечесин өткөрдүңүздөр эле? Уулу Санжар Бердибеков менен кабарлашып турасыздарбы? Ошого бир жардам берип койсоңуздар жакшы болмок...
– Эскерүү кечеси кечээ жакында болуп өттү. Бир ай боло элек болсо керек. Юрий Бобков өткөрдү. Ал эми катыш туурасында, чынын айтыш керек, аяшыбыз менен мамилебиз жакшы эмес. Ал менен Манастын тирүү кезинде эле жакшы эмес болчубуз.

– Аялзатын канчалык деңгээлде сыйлайсыз? Эгерде аялыңыз дагы үйлөн десе үйлөнөт белеңиз?
– Охоо, кана эми ?.. Жеңеңер менен жашап жатканыма 35 жыл болот экен. Жаманбы, жакшыбы билбейм, жашап жатабыз. Көп жылдан бери жашап жатканыбызга караганда экөөбүз тең эле түзүкпүз го дейм. Экинчи аял алууга кеч болуп калды, мурдараак болсо ...

– Саясатчылардан белек алып көрдүңүз беле?
– Жок, эч качан. Саясатчылардан белек алгыдай мен 17-20 жаштагы кыз эмесмин да, караган эле киши жактырып калгыдай...

– Арыктаганга аракет кылып көрдүңүз беле?
– Жок, чынын айтайын. Себеби андай арыктаганга аракет кылгыдай өтө деле семирип кеткен жок окшойм. Бирок мен 3 эле күндө арыктап, кайра 3 эле күндө семирип кетем. Жаш кезимде да эч бир спорттун түрү менен машыккан эмесмин . Футболду эле көрүп бир аз кызыгып койгонум болбосо.

– Бийликти сындаганыңыз үчүн кысым көрсөтүүлөр болбойбу?
– Аркы жылы кышында мен концерт берем деген ойдо келишим түзүп залды ижарага алып, акчасын төлөп койгон элем. Кийин мага зал берилбей турганын айтышты, анан мен атайын камера менен келишим, квитанциямды алып Спорт ордосунун алдына бардым. Кирсем, директордун орун басары "Биз сизден мурун башка бирөөгө берип койгонубузду байкабай сизге да берип алыппыз" дейт. Менден мурда сахнаны ижарага алган кыз артист дагы, ырчы дагы эмес, ошол жерде билет саткан кыз экен. "Мен же концерт коём, же мени камашыңар керек күнөөмдү далилдеп" дедим. "Эгерде силер концертти имараттын ичине берсеңер, мен сыртка коём" дегем. Ачык эле айтып коёюн, Улукбек Ормонов баштаган депутаттардан үчөө-төртөө кийлигишип жатып, араң концерт коюуга мүмкүн болгон.

– Саясатка аралашайын деген оюңуз барбы?
– Былтыр Мискенбаев аттуу депутат менен радиодон кайым айтышканда ал "Абдылда байке, мен сизди мынчалык экен деп ойлобоптурмун. Сиз маданият министри болушуңуз керек экен" дейт. Мен "ооба, мени ал жакка дайындоого күчүң жетет. Негизи министр болуп иштей албайм. Бирок депутат боло алам. Анткени элдин көңүлүнө жаккан далай сөз айтасың, бирок эч нерсеге жооп бербейсиң. Бул менин жумушум" дегем . Анын сыңарындай, саясатка аралашайын деген азыр оюм жок.

"Азыр эфир бермек түгүл, сахнаны ала албай жатабыз".

Эфир соңунда куудул өзүнө жаккан суроонун ээлерине кол тамгасы түшүрүлгөн SUPER.KG`нин белектерин берди.



Жазгүл Кенжеева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(17)
12.06.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Өмүрлүү болуң агай. Сиздин турушуңуз эле күлкүлүү да. Супер куудулсуз. Ишиңизге ийгилик.
12.06.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бар болуңуз Абдылда ака,берген интервьюдакы өзүңүздүн сүйлөгөн сөздөрүңүздү,өзүңүздүн үн менен сүйлөтүп окудум.Как будто сиз сүйлөп жаткандай кылып.
13.06.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurbekasr,мен дагы. Элестетип алгам. Крупный экран менен суроолуу жузун корсототко. Ошол жерлерин айрыкча элестетип жаттым...
Бар болунуз агай
12.06.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик сизге,жогорудагыларга тамаша аркылуу элдин ичиндегин айтып,жеткирип журо бериниздер,жете турган жерлерине жетип акылдарына кирип калышса ажеп эмес.
12.06.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кишинин актердук чеберчилигине да ото жогорку баа берип келем, кинодо да жакшы ойнойт. Ден соолукта журунуз
13.06.2017. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым кааласа сиздер да наам алган мезгил келет. Бирок элдин берген наамы,баасы алардыкынан мин эсе жогору. Сизди эл баалайт, урматтайт. Мен да талантынызды жогору баалайм. Сиздей адамдар бир эле жаралат.
Aiba89 түзөттү 2017-06-13 00:47:04
13.06.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ден-соолуңуз чың болуп, элди күлдүрүп жүрө бериң, сизди эл баалайт Абдылда ага.
13.06.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коммен. чыкпады админ.???
13.06.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirkaa5182, саламатсызбы? Комментарий жазган соң бетти жаңылап көрүңүз.
13.06.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алоо
13.06.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бар болунуз менин тайкемгооо
13.06.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бар болунуз Абдылда байке
13.06.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизи Абдылданы көрүп эле күлө бересиң го..... мага жагат....
13.06.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анча мынча уят тамашаларын эске албаганда.....
13.06.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз ага бар болунуз коп жашаныз ден соолукта болунуз.
14.06.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бийликти мактап сатира айтканда анда давно эле наам алмак, бирок Абдылда байкеге эл эбак эле Эл артисти наамын берип койгон. Ушундай улуу инсандарыбызга сахнада 35 жыл жүргөн куудулдарыбыз наам ала элек кээ бири албай эле өтүп кетишти. Анан кечээ эле бир ыры менен таанылган маанилүү деле ырлары жок жаш ырчыларыбыз наам алганда маданият министрлигине бийликке өтө нааразы болуп кетет экенсиң.
16.06.2017. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бегимай Бекбоеванын мамасы кайра чыга баштаганбы.?Жаныл Бекбоева
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо