«ТҮБӨЛҮК СҮЙҮҮНҮН» 3-сезону тартылабы?

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

Баарыбыз демибизди ичке алып күткөн «Түбөлүк сүйүү» Kara sevda») сериалынын финалы жакындоодо. 2 сериясы гана калды! Экинчи сезондо сценарий жазуучулар Шерлок Холмстун детективдик окуяларындай эле башты айландырышты. Сериалда сүйүү үч бурчтугу эле эмес, ромб, квадраты да кошулуп кеткендей.

БАШ АЙЛАНТКАН 3 БУРЧТУК

Экинчи сезон курч окуялар менен башталат. Эмирди атып жиберип түрмөгө түшүп калган Кемалга Нихан боюнда бар экенин, баласынын атасы ал экенин айтууга белсенип жолугууга барат. Бирок жолугушууга Кемал ызасы менен чыкпай коюп, өмүрүндөгү эң жакшы кабарды укпай калат. Ал түрмөдөн чыгып, Нихан менен анын күйөөсү Эмирден кек алууну көксөйт. Андыктан Асу Алажаханга үйлөнүү сунушун киргизет. Нихан чет өлкөгө кетип, боюндагы наристени жарык дүйнөгө алып келет. Кыз төрөп, атын Дениз коёт, дал Кемал экөө эңсеген, кыялданган атты. Эмир эми жоопсуз сүйүүсүнө кичинекей Дениз аркылуу жетүүнү көздөп, Ниханды чогуу жашаганга мажбурлайт. Аргасыз көнгөн Нихан андан өч алуу планына чындап киришет.
Кемал болсо Нихандын инисинин өлүмүн изилдеп жүрүп сүйүктүүсү менен жолдору кайра биригет. Нихан кызы Эмирден эмес, Кемалдан экенин айта албайт. Бул учурда Кемал менен Асунун никелеше турган күнү жакындайт. Бирок Кемал Асу ниети таза, өзүн көрсөткөндөй «коёнек» кыз эмес экенинен шекшийт да, изилдеп отуруп анын Эмирдин бир тууган карындашы экенин билет. Кемал Эмирдин кудуретин, байлыгын, фамилиясын өчүрүш үчүн компаниянын жарым акциясына ээ болуш керек эле. Андыктан аны менен келишим никеге турат. Ортодо Кемалдын карындашы Зейнеп да бар. Ал Эмирге катуу ашык, Нихандын иниси Озандын өлүмүнө да катыштыгы бар. Бирок чындык калкып чыгып, Озанды Зейнеп эмес, Асу өлтүргөнү билинет.
Кемал Нихандын кызы Дениз өзүнөн экенин билет. Бул арада Эмирдин чындап айласы кетет. Ишенген фирмасы карызга батат, атасы түрмөдө, карындашы Асу психикасы жабыркагандардын бейтапканасында. Ошентсе да Нихандан баш тарта албайт. Ал тургай Зейнептин карынындагы болочок уулу да аны токтото албайт.
Кемал менен Нихан акыры үйлөнүшөт. Эмир көп нерсени ойлоп отуруп, Денизди уурдап кетүүнү туура көрөт. Акыры Эмирден кутулушуп Нихан менен Кемал биригет.

«СЕРИАЛ БҮТӨРҮ МЕНЕН ҮЙЛӨНӨМ»

Сезондун бүтүшү менен сиз сүйгөн актёр Бурак Өзчивиттин «эркиндиги» бүтчүдөй. "Боз торгой" сериалында тартылган өнөктөшү, актриса Фахрие Эвжен экөөнүн үйлөнүү тою июнь айынын аягында боло турганы белгилүү болду. Бурак «Той июнь айында Стамбулда болот, датасын айтпай туралы, андан кийин экөөбүз тең узак эс алууга чыгабыз. Андыктан мен дагы силер менен бирдикте «Түбөлүк сүйүү» качан аягына чыгарын күтүп жатам» деп билдирди. Бул той түркиялыктар үчүн "Жылдын тою" деп аталып, азыртадан эле аларды аңдып, кыз кандай көйнөк киери, бал айы кайда өтөрү тууралуу сөз болууда.
Сезондун бүтүшү менен Неслихан Атагүл (Нихан) дагы эс алууга чыгарын айтты. Ал эми Зейнептин ролундагы Хазал Филис жана «жеңилбес» Каан Урганжыоглу жакынкы убактарда кайрадан жаңы сериалдарга тартылып күйөрмандарын сүйүнтүшөрүн белгилешти.

Көп адам күткөн үйлөнүү той да болду.


2-СЕЗОНДУН ЫСЫК ИРМЕМДЕРИ

Бул сезондо ысык сезимдерге да көп орун берилген. Бири күйөөсү бар, экинчиси эми үйлөнө турган башкы каармандар бул абалдан кандай чыкты? Неслихан «Мында эч кандай уят нерсе жок. Биз актёр катары элди ошол нерсеге, түбөлүк сүйүүбүзгө ынандырышыбыз керек эле. Мен өз кесибимди аткардым. Жолдошум Кадир дагы буга түшүнүү менен карады» деп билдирди. Ал эми Бурак Өзчивит бул тууралуу сөз кылгандан баш тарткан.

КЫСКА, БИРОК КЫЗЫКТУУ

  • Бурак Өзчивит «Түбөлүк сүйүү» сериалы үчүн мурутун алдырганын айтат. «Мен «Даңазалуу кылымда» 5 жыл мурутчан жүрдүм. Кемал заманбап адам болгондон кийин мурутумду алышка туура келди. Менин атам да көп жыл мурутчан жүрүп, алдыргандан кийин уялып көчөгө чыкпай койгон. Мага да оор болду, бирок сериал үчүн бул курмандыкка бардым» дейт актёр.
  • Сериалда Көпүк аттуу күчүк бар эмеспи. Ээсинин айтканын айткандай аткарган Кепук актёр Бурактын өзүнүн күчүгү.
  • Сериалдагы эң кичине каарман Дениздин ролун Арвен Берен Кушатман аткарган. Ал болгону 1 гана жашта. Бир аптада 2 жолу тартуу ишине катышкан кичинекей актрисанын Инстаграм баракчасына миңдеген күйөрмандар кат калтырышат.
  • Рейтинг боюнча алдыңкылардан болгон «Түбөлүк сүйүүнүн» 3-сезону да тартылат деген сөздөр болууда. Бирок кино тартуучу топ бул маалыматка ооба да, жок да деп жооп бербей турган маалы.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(37)
19.06.2017. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх kara sevda kara sevda эн жакын адамдарынлын окуясын коргондой эле болдумго ыйласа кошо ыйлап кулсо кошо кулуп 3-куну финал коробуз буйруса.менимче 3-сезону болбойт болуш к.к .супер инфо ушул сериялдагы Асу(Melisa pamuk) жонундо маалымат бериниздерчи
19.06.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Farm94, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
19.06.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Туболук эмес эле Кара суйуу го(Черная любовь). Туболук суйуу болгондо Вечная любовь болмок...
20.06.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AykaMer, Kara деген создун бир канча мааниси бар. Бул жерде черная деген мааниде эмес, бутпос, унутулгус, туболуктуу деген мааниде колдонулган.
19.06.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күчүктүн аты Кепук эмейле Көпүк го.суперчилер кыргызча эле жазсаңар,орусча эмес.Кепук да орустардын переводунда айтат.
19.06.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Eliza.nurjanovna,Köpuk деп айтат турктор. Орусча "ё" болот. Кыргызча тамга турктордо жок
20.06.2017. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AykaMer,ошо сиз айткан көпүк болуп окулат кыргызча,түрктөрдө кыргызча тамга жок,кыргызча тыбыштар бар.ошону менен көпүк көпүк болуп кала берет
19.06.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асу жонундо жазгылааачы сураныч админ????
19.06.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Masha00, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
19.06.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал кучук кимдин кучугу болот? Коргон эмес экенмин.
19.06.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аттап буттап кордум чыдабай эмне болот экен деп?жакшы экен. Боз торгой кандай которулат????
19.06.2017. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kaninaiman, Королёва птичка певчая деген кино болуш кк
22.06.2017. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaninaiman,Акыркы сериясында ыйлайсыздар даярлана бериниздер
19.06.2017. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Даңазалуу кылымда кимдин ролун ойногон Кемал, билгендер болсо айтып коесуңарбы?..
Fekus түзөттү 2017-06-19 14:41:30
19.06.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Fekus,Малкочо уулу Балибей болсо керек
19.06.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балибейдин ролун аткарат
19.06.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зейнеп(Хазал) жана Эмир(Каан) ж.о да жазгылачы супер инфо.
19.06.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aylin_kg, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
19.06.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Турктор копук эмес копек дейт итти копук иттин аты болсо керек
19.06.2017. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын биринен бирин ашып укмуш туркчо уйротупсунорго))) укмуш билет екенсинер молодцы))))) ха
19.06.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх сонун кино да Неслихан менен Бурак бири бирине куп жарашкан тугой болмок
20.06.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Королек птичка певчая Боз торгой

Черная любовь Түбөлүк сүйүү

Укмуш котогонсуңар го
20.06.2017. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туп туура эле которулган, кара деген туркчо чексиз, туболук дегенди тушундурот, а черная деген сыя.
20.06.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болду эми 3 сезон болбойт го дейм. Ниханда Кемальда олушту го. Экоосу аппак кийинип бейиште чогу жургону мн бутту да сериал. Кийинки сезонун кимдер аткармак эле
20.06.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
NURiZADA14,коой мен көрө элекмин акыркы сериясын жүрөгүм токтойт экөө өлүп калса
21.06.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara sevda, Туболук суйуу болуп которулабы эмне?
21.06.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кинолорду коруп убактымдын коп болугун короткум келбейт негедир.
22.06.2017. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Финал болум да бутту.Кемал менен Эмир Козжоуглу олду.
22.06.2017. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нихан ыйлаган бойдон калды 4жыл откорушту Дениз да чоноюп калды. Аябай ыйлатты :(
22.06.2017. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы сериясын бутуро калып силер менен болушойун десем эч ким жок го
22.06.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74-сериясында олуп калдыда буттубу ошондо??????
22.06.2017. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аягын жакшыраак бутот деп ойлодум эле,мен ойлогондой болбоду.Сценаристти барып эле ургум келди.Бир жылга жакын бекер эле корупмун.Эмир олсо да,Кемалды тируу койсо болмок.Экинчи турец.сериал корбойм деп озумо соз бердим
24.06.2017. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягы мындай бутот деп ойлогон эмесмин.
24.06.2017. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 жыл кутуп коргон бир орус кинонун аягында скорий менен больницага кетти деген маалымат чынбы экен уккандар барбы
25.06.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вхаахха . ушул сериалдын 1-сезонун 24 эле сериясын кордум. Чыдай албай калдым уже Нихан ыйлактан
25.06.2017. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ,супер инфо айтып койгула 3 сезону кереги жок !))Болду кордук ,кайгылуу бутсо да бутсун .Чыккандан баштап кором ,кутуп чарчадым бутсо бутсунчу .)
26.06.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara sevda - Бесконечная любовь болуп которулат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо