БИР БҮРКҮМ

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

  • Кыргыз мамлекетинде 10 376 адам кайрылман статусун алган. Бул боюнча омбудсмен Кубат Оторбаев билдирди.

  • Өлкөдө учурда авариялык абалдагы 15 мектеп бар. Ал мектептердин окуучулары чатырларда билим алып жатышат. Бул боюнча билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева айтты.

  • Акыркы 25 жыл ичинде Кыргыз өлкөсүндө бир дагы заманбап төрөт үйү курулган эмес. Бул тууралуу акыйкатчынын атайын докладында айтылат.

  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери куткаруучулар 145 адамды ар кандай кырсыктардан сактап калышкан.

  • Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Ал 2015-жылдын 11-ноябрынан тарта аталган кызматты аркалап келген.

  • 2016-жылдын февралында Бишкек–Кара-Балта жолунда фото жана видеого тартып калуучу каражат коюлган. Ошондон бери 89 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

  • 3 жыл аралыгында Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү лифттер жаңыланат. Бул тууралуу калаа мэри Албек Ибраимов билдирди.

  • УКМК өлкөдө террордук актыларды ишке ашырууну көздөгөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

  • Бишкек–Кара-Балта унаа жолун кеңейтүүгө 120 миллион 800 миң доллар жумшалат. Андыктан жол боюндагы 3 миң дарак кыйылат. Бул боюнча Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо