ӨКМӨТТӨ КЫРГЫЗЧА ШРИФТ ЖОКПУ?

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

10-июнда "Мегакомдун" абоненттерине KR_Okmotu деген аталышта өкмөттөн кат келди. Анда: "Ыйман, адеп жана маданият жылы" "Бөлүнсөң бөөрү жеп кетет, Бөлүнүп калды кыргыз деп, Бөлөк элге кеп кетет. (Манастан)" деп жазылган. Бул кат боюнча социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрдү. Өкмөттүн маалыматына ылайык, бул Ыйман, маданият жана адеп жылынын алкагында жасалып жаткан иш-чара экен. Каттын аталышы мамлекеттик органдардын, өкмөттүн мамлекеттик тилге карата мамилесин ачык көрсөттү. "Өкмөт" деген сөздү өкмөт туура жаза албайбы деген суроо туулат. Же аларда кыргызча шрифт жокпу? Каттын аталышы эле эмес, тексти да ката. "Бөөрү" эмес, "бөрү" деп жазыларын 3-класстын окуучусу деле билсе керек. Сындар күчөгөндө өкмөттүн маалымат кызматы муну уюлдук оператордун катасы деп түшүндүрүүгө аракет кылды.
Мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү программасынын алкагында 2014-2020-жылдар аралыгында кыргыз тилин өнүктүрүүгө 497 миллион сомго жакын каражат бөлүнөрүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдирип келишкен. 2015-жылы ал сумманын 243 миллиону мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн. Өкмөттүн жогорудагы катынан кийин ал миллиондор эмне иштерге жумшалып, кандай жыйынтыкка жетишип ийдик деген суроо жаралат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо