ЖАРАМАЗАН АЙТТЫК, ЖАРПЫБЫЗ ЖАЗЫЛЫП КАЙТТЫК...

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

"Жарамазан, жарамазан айтсак деп, Жабырашып, жабырашып кайтсак деп..."- белгилүү ырчылар менен биргеликте бул жылы да ата салтын улап, учуп-күйүп атактуулардын үйүнө жөнөдүк. Жарамазанчылар "Музаман" тобунун жигиттери, ырчылар Дайыр Исмадияров, Нияз Абдыразаков, Айпери Сыдыкова, актриса Рахат Аксултанова жана комузчу, аккордеончу, шылдыракчы кыргыздын таланттуу жигиттери болушту.


Шаарды шаңга бөлөгөн жарамазанчылар "чү" дегенде эле ырчы Кенже Көбөкованын жаңы сатып алган үйүнө шатыра-шатман кирип барышты. "Ак наныңдан бере кой, айланайын, жеңеке" дегенди уккан ырчы айым күйпөлөктөп нанын көтөрүп чыгып, жарамазанчы жигиттердин кулагына "баалуу кагаз" кыстарды. Анан ал: "Силер менин үйүмө келген алгачкы чыгармачыл коноксуңар. Келериңерди билгенде Нарындан кой сойдуруп алдырмак экенмин, эми койду күзүндө келип жеп кетесиңер",- деп ак дасторконуна аш коюп, ал эле эмес, комузу менен бир шиңгил ырдап да берди. Кетерде Кенже айым уулу Аманды алып келип "Ушул уулума бата берип койгула. Буюрса, эмкиде уулумдун тоюнда келип койдун этин жеп кеткиле" деди эле, жарамазанчы жигиттер "Ай, Кенже эже, күзүндө сойчу коюңузду эптеп нары жылдырып жатасызбы?" деп тамашага салып, андан соң ак батасын беришип, сапарыбыз уланды.

Кенже Көбөкова: "Студент куракта биз дагы жатаканадагы теңтуштар, курсташтар менен жарамазан айтчубуз. Кээде түнкү саат 2ге чейин шаар аралап кетер элек. Силер жаштыгымды эске салдыңар".

Кийинки кезек ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиевага келип жетти. Ырчынын үйү 9-кабатта экен, 1-кабаттан баштап жарамазан айтып чыгышкан жарамазанчыларды ырчы айым так секире бийлеп, күлүп-жайнап тосуп алды. Андан соң үйүнө киргизип, дасторконун жая салды. Жарамазанчылардын арасында орозо кармагандар да бар эле. Ошол жерден Асел айымга сиңдилери атайын Дубайдан берип жиберген курмадан жеп ооз ачышты. "Эртерээк айтсаңар, тамак жасап коёт элем. Шашпасаңар, азыр деле жасай коём" деп Асел айым конок үй менен ашкананын ортосунда жүрдү. "Пейилиңизге ыраазыбыз" деп кеткенге камынып жатсак, үй ээси "Жаз жамгырын" ырдап берди эле, жанатан бери жарамазан айтып жатышкан ырчылар "тахти-тахти-тах-тах" деп аны коштоп калышты. Ырчы айым таланттуу ини-сиңдилери менен чогуу ырдап, сүрөткө түшүп, ак батасын берип узатты.

Асел Турдалиева: "Негизи биздин үйгө биринчи жолу силер жарамазан айтып келдиңер. Кошуналар орустар, таң калып жатышса керек..."
Жарамазанчылар: "9-кабатка чыккыча чарчап, сиздикине жетпей калышчу тура. Кенже эженикинен жегенибиздин баары чыкты".

Жарамазанчылар андан ары сапарыбызды улап, караңгы киргенине карабай тамашоучу Зияш Турдубековдун үйүнө кирип бардык. Тамашоучунун апасы сандыгын ачып, жарамазанчылардын ар бирине калпак кийгизип, жоолугун салып, колдоруна акча карматты. Зияш кумган, кол аарчысын алып чыгып, колго суу куюп, тамакка киргизди. "Уулум ушул үйдө чоңойгон, эми мени келиндүү кылып кубантса жакшы болор эле" деп калды эле, жарамазанчылар: "Келинди алыстан издеп эмне кыласыз? Мына "түндүктүк келин" өзү келип отурат. Жоолукту болсо салып койдуңуз",- деп актриса Рахат Аксултанованы көрсөтүп тамашалап жатышты. Тамашоучу жигиттин апасы "Келинди да өз жолу менен алган жакшы. Зияшымдын да көздөп жүргөнү бардыр" десе, анда жарамазанчылар "Зияш бир кызды арыктата албай күтүп жүрсө керек" деп күлүшүп, суранып отуруп тамашоучуга "Арыктачы" аттуу ырын ырдатышты. Ошентип түн бир оокумда жарамазанчылар шаңдуу маанай менен үйлөрүнө тарашты.

Зияш Турдубеков: "Бир жолу орозо айында Рүстөм деген досум экөөбүз көчөдө жүрүп, ооз ачарга акчабыз жок калыптыр. Анан экөөбүз гамбургер саткан жерге жарамазан айтып, 2 гамбургер бекер жегенбиз".


Шаарды шаңга бөлөгөн жарамазанчылар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
19.06.2017. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh Ziyash kandai kyzga uilonor boldu eken... Soonun bala da, apasy da jakshy okshoit, yimanduu kelin alyp kolu uzaryp kalsyn.
19.06.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика көрүнбөйт да.
19.06.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айпери менен Дайыр сулуулугун корсоткну келишкенби.
SUPER.KG видео
19.06.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оң кол менен жегилее туугандар ☺
19.06.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы Айпери ал? Мен Айжамал кабылова деп жатамго.
SUPER.KG видео
19.06.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр жарамазан айтып коюп барышабы э!!!
19.06.2017. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
«Музамандын» жигиттери абийирин жаап кетиптир. Болбосо калганынын жарамазан айтканга үнү жетет беле деп койдум))
19.06.2017. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уч эле уйго барыштыбы
19.06.2017. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчылар куйгузушот да ушуну тим эле коюшпаптыр. Зияш сонун бала да ыймандуу аялга туш болсун.
19.06.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Музаман"дын жигиттерине эч ким жетпейт да,азаматтар
19.06.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери жаразаман билбейт окшойт да,
19.06.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел эжени кошуп алгылачы супер инфо
22.06.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калганы эптеп курсак тойгузуп акча таап,суперге чыгыш учун эле ээрчип алышкан го орозодо тойго чакыруу жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо