БУТ ЭМНЕДЕН ШИШИЙТ?

№764 23-29-июнь, 2017-ж.

Бутуңуз бут кийимге батпай шишип, баскан сайын ыңгайсыздык жараткан учурлар болобу? Сиз буга кээде көңүл бурасыз, кээде бурбайсыз, туурабы? Бут шишүүнүн себептерин Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы Болот Турусбеков айтып берет.

АЗ УБАКЫТКА ШИШИСЕ
(мисалы бир нече саат же бир күн)

Бут көпкө баскандан, узакка тике тургандан улам шишийт.


Ыңгайсыз бут кийим менен бассаңыз, бийик така кийип жүрсөңүз да бул абалга тушугасыз.


Көпкө бутту салаңдатып, отуруп иштөөгө мажбур болсоңуз, бутту узакка кайчылаштырып отурсаңыз бут шишип баштайт.


Чиркей, бүргө сыяктуу жандыктар чагып алганда, аллергия жаралса да шишийт.


Муундарда мурда жаракат болсо жана бутка сыз өтсө шишик пайда болот.


Жай учурунда суу көп ичилгендиктен, суу организмде көбүрөөк калып буттун шишүүсүнө шарт түзөт. Суюктук ашыкча ичилгенде кан тамырлардын иштөөсү бузулуп, бут шишийт.


ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

  • Үйгө келгенде бут кийимди чечип, бутту муздак суу толтурулган идишке (дагара, ванна) салып туруңуз. Же крандагы агып жаткан сууга бутуңузду 5 мүнөт тосуңуз. Бутуңуз сергип, шишик батыраак тарайт.
  • Муздак суу куюлган дагарага 1 чай кашык аш содасын же ромашканын кайнатмасын кошуп койсоңуз да буттагы чарчоону, шишикти тез таркатат.
  • Муздак сууга салганда да кетпесе, анда картошканы сүргүчтөн өткөрүп бутка жабыштырып үстүнө полиэтилен пакетин жаап байпак кийип алыңыз. Муну 1 саат кармаңыз.
  • Бутту өйдө көтөрүп чалкалап жатуу керек. Бул үчүн буттун алдына бир нерсе коюп коюңуз.
  • Көпкө отуруп иштөөгө туура келсе, бир жарым саат сайын ордуңуздан туруп, басып дем алып келип, кайра отурганыңыз жакшы.

БУТ КӨПКӨ ШИШИСЕ (жумалап)
Бут узакка шишисе, биринчиден, жүрөктүн начар иштешинен кабар берет. Алгач буттун кетмени шишийт, адан соң шишик жогорулап отурат. Бут шишип жатканда жүрөк лакылдап, демигүү башталса, кардиологго кайрылуу керек.

Буттун кан тамырларында клапандар бар. Ал клапандар канды өйдөгө өткөрүп, кайра жабылып турат. Кайсы бир себептен улам, маселен, жаш өйдөлөгөндө клапандар жакшы иштебей калат. Натыйжада кандын жарымы өйдө, жарымы ылдый агат. Ылдый көздөй аккан кандын курамындагы сары суу буттун төмөн жагына топтолуп, бут шишийт. Эгерде кечкисин бут шишип, эртең менен турганда тарап кетсе, демек, клапандарда маселе бар.

Буттун кан тамырларынын алсызданышынан, бузулушунан улам шишийт. Варикоз же тромбофлебит пайда болушу мүмкүн. Бул айрыкча аялдарда 40 жаштан кийин пайда болот.

Бөйрөк оорусу өтө күчөп кетсе да бут шишийт. Жүрөк ооруса, бут шишип, анан шишик өйдө жылат. Бөйрөктүкү бет, көз шишип, андан кийин гана шишик төмөн бутту карай жылат.

Калкан сымал безинин кызматы начарлап, гормондорду бөлүп чыгаруу начарласа да бут катуу шишийт. Шишиктин үстүн басып турганда чуңкур жаралып, ошол жер кызарып жана кызаруу бир топко кетпесе, демек, калкан безде маселе бар.

Боордун цирроз оорусунан бут шишийт (кээде курсак да шишийт).

Кош бойлуу учурда буттун шишигени кадимки көрүнүш. Анткени организм алсызданып, кан айлануу системи начарлайт. Эгерде кечке маал шишип, эртең менен тарап кетсе тынчсыздануунун кереги жок. Катуу шишип жана оңой менен тарабаса, анда дарыгерге көрүнүп себебин тактатуу керек.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН

  • 4-5 күндөн ашык бут шишигени тарабаса, тез арада дарыгерге көрүнүңүз. Эрте кайрылсаңыз көп оорунун алдын алганга үлгүрөсүз.
  • Бут шишигенде алгач терапевт адисине кайрылышыңыз керек. Ал керектүү анализдерди тапшыртып, маселе кайсы органда экенин аныктап керектүү адистерге (кардиолог, уролог, эндокринолог) жөнөтөт. Эгерде ички органдардын баары таза чыкса, анда кан тамыр хирургуна барууңуз керек.

Нуржамал Жийдебаева
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(2)
27.06.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jakshy kenesh eken
28.06.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да отуруп иштегендиктен кечкисин шишип калып атат..жакшы кенештер экен..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо