№764 23-29-июнь, 2017-ж.
16-18-июнь күндөрү Нью-Йоркто Евразия киносунун эл аралык фестивалы болуп, Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" жана Болсунбек Таалайбек уулунун "Олжо" тасмалары калыстардын назарына коюлду. Жыйынтыгында "Асман алдында" фильми баш байгени багынтты. Кыргыз кинематографына жакшы салым кошкон тасма "Кыргызфильм" улуттук киностудиясында бир жыл ичинде тартылып бүткөн. Эки башка мүнөздөгү бир туугандардын турмушка көз карашын, адамдарга болгон мамилесин сүрөттөгөн экран-баянда Жамал Сейдакматова баштаган таланттуу бир топ актриса-актёрлорубуз роль жараткан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |