«КЕНТАВР» АКТАН АРЫМ КУБАТТЫН ҮЙҮНӨ САЯКАТ

№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.

Тарткан кинолору, жашоого көз карашы, ой жүгүртүүсү, жашоо образы өзгөчө кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын жашаган үйү да өзгөчө. "Жубайым башында биз деле эмерек, килем алып, эл сыяктуу жашайлы дечү. Азыр көнүп калды" дейт Сокулук районунун Күн-Туу айылында жашаган каарманыбыз.


– Чарбакты уулум Мирлан экөөлөп карайбыз. Тамашалап "Мирлан кино тартып жатканда мен, мен кино тартып жатканда Мирлан карайт" деп калам.Короо-жайды шыпырып, тазалай бергенден чарчабайм. Мага эргүү иштеп жатканда келет. Азыр өрүк, алча бышып турган маал. Короо-жайга өзгөчө маани береримди билген чыгармачыл адамдар үйдөн кино, клип да тартып кетишет.


ЧОҢ ҮЙ

– Үйгө киргенде эле коридордо "Свет аке" тасмасындагы реквизиттер: велосипед жана Свет акенин кийим-кечеси турат.


1-КАБАТ

– Бала кезимден дүнүйөгө кызыкпайм. Жадакалса үйүмдө жумшак эмерек, кийим салгыч, уктоочу керебет да жок. Үйүмдү музей кылып ачайын деген оюм бар. Азыркы турушунда деле үй-музей. Адатта адамдар байлык деп умтулуп жыйначу буюмдардын ордунда меникинде киного байланыштуу буюмдар, сыйлыктар турат. Расмий түрдө музей деп ачып, айылдын окуучуларына көрсөтүп, арасындагы таланттуулардын шыгын ойготуп, аларга себепчи болууну ойлоп жүрөм.



– Тепкичтеги кичинекей чакаларды Ошко "Маймыл" тасмасын көрсөткөнү барганда алгам. Үйгө ырыскы кирип турсун деп атайын тизип койгом.



2-КАБАТ

– 2 кабаттуу үйүм болгону үч бөлмөлүү. 1-кабатта 2 бөлмө, 2-кабатта болгону 1 бөлмө. Чийген долбоорум боюнча 2-кабатта иш бөлмөм жайгашып, үйдөгүлөр алдында жашай беришмек. Бирок азыр 3 бөлмөнү тең үй-музей кылып алдым.



БИЗДИН ЭСКИ ТАМ

– Менин кесибим сүрөтчү. Бала кезимде туулуп-өскөн үйүмдү ушинтип тарткам. Ошол эски тамыбыздын эшиги азыр үйдө сакталуу. Ээр-токум болсо атамдан калган белек.


КИЧИНЕ ҮЙ

– Кичине үйдүн ордунда жогоруда сүрөттө көрсөтүлгөн эски там бар болчу. Аны апамдын көзү тирүүсүндө куран окутуп бузган элек. Ошол окуяда апамдын жаман болгону алигиче эсимде. Бирок батасын берип, бизге ак жол каалаган. Өзү курган үйдү анын көзүнчө бузуу кимге болбосун оор болсо керек.

– Короодо очоккана, отункана, ит кармоочу жай, мончо, сарай бар. Баарын оюмдагыдай кылып өз колум менен салгам. Мурун мал кармачумун, азыр жок. Мал багуу үчүн үйдө дайыма бирөө болуш керек.
Жалпы эл кызыккан байлыкка, мен умтулбайм. Айрымдар үйдө керебеттин жоктугун көрүп, "жерге жатасызбы?" деп таң калышат. Мен үчүн жердин өзгөчө энергиясы бар. Мага жерге жакын болгон жагат.




Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(17)
04.07.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
чака койгону боорду эзди го)),Зима не будет го))
04.07.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
meni_kut, Аны өзгөчөлүк деп билсе болот
04.07.2017. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Актан агадай режисерлор азыр ото аз. Мен отто сыйлайм чыгармаларын жана кинолорун.
04.07.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул адамдын свет аке деген киносундагы чон эле кишини аялы жаш балача жууган жери таптакыр жакпайт башка кинолорун билбейт деле экемин
04.07.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Видеосу жокпу???
04.07.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mamashovich88,
Саламатсызбы! Тилекке каршы видео версиясы жок.
04.07.2017. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жонокой....
04.07.2017. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык,ошончо иштеп уйуно чарчап келсе,жатканга диван жок!Фантазиян мн куруп кал!
05.07.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
-Sumitra-,мен деле уйдо диван туруп кээде жерге жаткым келип жерге жатам. Ар ким ар кандайда.
05.07.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озгочо адамда бул элден болокчо ойлонгон.Ошол учун кино тартып журбойбу
06.07.2017. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Музейго озунчо эле
06.07.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай жакшы жонокой уй
07.07.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эски эшикти койгонун коруп мен да бала чактагы уйдогу буюмдар эске тушту,ар бир адамдын эле оюна келебербейт мындай нерселер
10.07.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үйгө Ырыскы кирсин деп чака тизгени жаккан жок. чаканын ырыскыга кандай тиешеси бар эле. Бул чоң ширк! Куда
10.07.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай өзү кечирсин.

11.07.2017. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинолору жакпайт,бир да киносун толук коргон эмесмин үзүндү эле коргом
11.07.2017. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно ынгайлуу экен да кызыгы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо