БУРАКТЫ БАЙЫТКАН KARA SEVDA

№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.

Өткөн аптада "Түбөлүк сүйүүнүн" фанаттарына капыстан "бомба" түшкөндөй болду. Аягы "хеппи эндге" жакындап баратып эле сериалдын башкы каарманы Кемаль өлүп калды. Бул социалдык тармактарда, эки курбунун башы кошулган жерде, үйдө, көчөдө, базарда талкууланып, айтор, Кемалдын өлүмүнө кайдыгер адам калбады. Мынчалык эмоция жараткандарга "браво" дедик да, кайрадан сериалга кайрылууну чечтик.

КЕМАЛЬ СУЛЕЙМАНДАН АШТЫ

Актриса Неслихан Атагүл "Түбөлүк сүйүүнүн" 1 сериясы үчүн 1-сезонунда 20 миң лир (5700 $ ) алса, ал эми 2-сезондо гонорары
1 серия үчүн 40 миң лирге (11400 $ ) чыккан. Бурак Өзчивит болсо сериалды эфирге берип жаткан Star TV каналынан 1 жарым миллион лир аванс алганы айтылууда. Андан тышкары актёр 1-сезондо 1 серия үчүн 60 миң лир (17100 $ ) гонорар менен баштап, 2-сезондо ар бир серия үчүн 90 миң лир (25600 $) алган. Учурда Түркияда эң көп гонорар алган 3 актёр бар. 1-орунда актёр Халит Эргенч. "Мекеним сенсиң" сериалында ар бир серия үчүн 140 миң лир алган. Өзжан Дениз "Стамбулдук келин" үчүн 100 миң лир алат. Таң калычтуусу, "Даңазалуу доор" сериалында Халит Эргенч 1 серия үчүн 75 миң лир алган экен. "Браво", Кемаль, "Султан Сулейманды" да жолго таштадың!

МИНА КОЮЛГАН АКЫРКЫ БӨЛҮМ

Эмир Денизди уурдап кетет. Кемаль кызын кароосуз имараттан табат. Бул арада Эмир Ниханды да алдырып келип, анын колу менен Кемалга ок жиберет. Кемаль бронежилет кийип алгандыктан өлбөй калат. Бул учурда полиция кызматкерлери келип Эмирге ок атылат, бирок ал жарадар болсо да качып кутулат. Кемаль үй-бүлөсү менен чет өлкөгө кеткенге мажбур. Эмир аэропорттон жардамчысы аркылуу Ниханды уурдап кетет. Өзү полициянын колуна түшүп, Кемалга сунуш киргизет. "Менин эркиндигиме каршы Нихандын өмүрү! Мени полициядан качырсаң, Нихандын кайда экенин айтам" дейт. Кемаль Эмирди качырып, Нихан катылган жерге барат. Бул жердин ар тарабында мина жайгаштырылган. Аялын куткармакчы болгон Кемалдын таманы мина коюлган таштын үстүнө такалат. Болду, кыймылдаса өлөт! Ушу учурда Эмир келип Ниханды бошотот. Ал эч нерсеге карабай Кемалга чуркайт. Аркасынан келип кармап калган Эмир өзү да минаны басып алат. Тагдырдын тамашасы менен сапёрлор Эмирдин бутундагы минаны жарылууга жеткирбей токтотуп калышат. Кемалды өлүмдөн бошотуу мүмкүн эмес экенин айтышат. Жанынан жеңиштүү жылмайып өтүп бара жаткан Эмирди колдон кармаган Кемаль аны өзү менен кошо жардырып жиберет. Жалгыз калган Нихан кызы Денизди чоңойтуп, Кемалдын элеси менен жашап калат.

СЦЕНАРИЙДЕ ӨЗЧИВИТТИН ДА САЛЫМЫ БАР

Карасаңыз, кадимки эле баналдуу сүйүү үч бурчтугу.Бирок эки жыл бою миллиондорду экран алдында кармап, бирде ыйлатып, бирде жылмайтты. Ийгиликтин себеби күчтүү актёрдук курам жана тартуучу топто. Сериалдын режиссёру Хилал Сарайдын колунан рейтинги күчтүү сериалдар жаралган. "Фатмагүлдүн күнөөсү эмне?", "Тыюу салынган ашыктык" сериалдары бул сериалдын "туугандарынан". Ал эми Керем Чатай Түркиядагы "таажылуу" продюсерлердин бири. 25 жашында "Ay yapim" телекомпаниясын негиздеген. Буларга таланттуу актёрлорду кошобуз. Интервьюсунда Бурак Өзчивит мындай дейт: "Мурун жазылган сценарийди гана аткарсам, бул жолу Кемалдын жаралышына жардам бердим. Талашып отуруп Кемалдын образын сценарист менен чогуу чыгардык. Эми мен режиссёрлук менен алектенем. Тасмама сүйүктүүмдү (Фахрие Евжен) тартам". Эмнеге Кемаль менен Нихан чогуу калбады? Сценарист эл күткөн "хеппи эндди" бергенде сериал мынчалык популярдуулукка жетмек эмес дешет түрк ММКлары. Бир четинен "3-сезон тартылат" деген кепти узартып койсо, экинчиден элге унутулгус эмоция берип эсте калуу үчүн бул кадамга барышты.

СҮЙҮҮ ТОЙГО АЙЛАНДЫ

Бурак Өзчивит менен Фахрие Евжендин үйлөнүү тою Стамбул шаарында 29-июнда өтөт. Жакында Фахриенин хна кечеси (кызды турмушка узатар алдындагы кече) болуп, андагы видеолор интернетке чыкты. Кызыл кийинген Фахрие жана анын курбулары кече бүткөндө чыгып маанайларын билдиришти. Кеченин аягында Бурак келип сүйүктүүсүнүн урматына урма аспап ойноп, түрк улуттук бийин бийледи. Кеченин соңуңда кол кармашып чыккан эки жашты журналисттер ороп алып кепке алышты. Күйөө баланын толкунданып жатканы билинип, колукту "бүгүн ыйлабадыңбы?" деген суроого "ыйлабадым" деп жооп берди. Булардын сүйүү баяны "Чалыкушу" сериалында башталып, 3 жылдык убакытта сыналды. Тойго Неслихан Атагүл келбей турганы белгилүү болду. Сериалда улуу сүйүүсүнө миллиондорду ишендире алган актёрлор Бурак менен Неслихан жашоодо бири-бирин жактырбай турганы айтылып келет. Эмнеси болсо да элди ушунчалык ишендире алган актёрлордун белгилүүлүгүн мындан билиңиз, интернеттеги социалдык тармактарда саналуу күндөрдө #ниханкемаль, #карасевда, #кемальумер, #кемальживи деген хэштегдер каптап кетти.

МИЛЛИОНДОРДУ ЫЙЛАТКАН АКЫРКЫ ДИАЛОГ

Кемаль.:
– Мунун да бир жолу болуш керек!
Нихан: – Бардык жолдор жабылды...
К.: – Жок, азыр сени куткарам.
Н.: – Сен мени ансыз деле куткардың. Мен сенин Ниханың болдум, түбөлүк сүйүүң болдум, жүрөгүң болдум. Бирок сен менин алдымдан эч качан чыкпасаң, мени мынчалык сүйбөсөң эмне?..
К.: – Сени мындан да катуу сүйө алсам кана?..
Н.: – Бул акыйкатсыздык, биз бири-бирибизге тоё элек болчубуз...
К.: – Биз 100 жыл өтсө да бири-бирибизге тоё албайт элек...
Н.: – Сенсиз жашай албайм, Кемаль, сенсиз мен өлөм.
К.: – Сага кат жаздым, китеп текчеде турат. Жашоодон үмүтүң үзүлгөндө оку, кайра-кайра оку.
Эмир: – Эмнеге силер түгөнбөйсүңөр, ыя?! Дагы деле...
К.: – Бул биздин соңубуз эмес, бул сенин соңуң! Нихан, мага акыркы жолу бир жакшы сөз айт.
Н.: – Сени аябай сүйөм, Кемаль. Акыркы демим чыкканча сүйөм!
Кемалдын акыркы каты: – Менин түбөлүк сүйүүм, өмүрүм, жарым. Менин эртеңим, кийинким, келечегим. Мен бакыт деген атты алмаштырып, "Нихан жана Дениз" койдум. Өлүмдөн эч коркподум. Сен бир кайык оңдогон, кедей студенттен баатыр жараттың. Сен Кемалды жараттың! Бул керемет эмеспи... Мен өзүмдөн кечип, силерге айландым. Жанымда болсоңор деле силерди сагына берем, бул сезимге да көндүм. Анткени менин абам силерсиңер! Эч унутпа, ашыгым, силер дем алып жатканда мен эч качан өлбөйм. Анткени бул ашыктык эмес, бул түбөлүк сүйүү!

ДҮЙНӨНҮ ТҮРК СЕРИАЛДАРЫ БАСЫП БАРАТАБЫ?

Түркиянын ийгиликтүү долбоору болгон "Түбөлүк сүйүү" 15тен ашык өлкөгө сатылды. Сериалды Мексика, Греция, Түштүк Корея, Латын Америка, Чили, Казакстан, Азербайжан жана башка өлкөлөр сатып алып көрсөтүштү. Рейтинг боюнча түрк сериалдарын Казакстан жана Азербайжан өлкөлөрү көп сатып алышат.

Нихан менен Дениздин кийинки жашоосу.


"Түбөлүк сүйүү" да плагиатты айланып өтө алган эмес. Сериалдын постери 2004-жылы чыккан "Эстин күндөлүгү" ("Дневник памяти") тасмасынын постеринин көчүрмөсү.


Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(33)
04.07.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздикилер сатып албай эле пираттык негизде коюп жатышат сапаты ото нач.ар интернеттен эле кочуруп алышып. биздикилер мындай онорлору м.н эч кимди алдыга салдырышпайт.Казак туугандарга окшоп сатып алып эле коюшса болмок пффф
04.07.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Farm94,Биздикилерин чыгашанын бети курксун дегендерден, билбейсинби)?
04.07.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруш керек экен ушул сериалды.
04.07.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экоо тен олот турбайбы 1:1 болуптур. Кемаль эле олгондо Эмирден кутулбайт эле Нихан. Эмир олсо же Асу же атасы оч алмак. Экоо тен олуп туура болгон экен. Экоо олсо Нихан тынч жашайт деп ойлойт элем)))ойдогудай чыгыптыр...
AykaMer түзөттү 2017-07-04 10:20:05
04.07.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир чети экоо тен олуп сериал жакшы буткон. Бир чети Ниханга абдан кыйын болду вечно ыйлап калды.
04.07.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгерде 3-сезону тартыла турган болсо кыдыры кетет бул кинонун. Аягы эң сонун бүткөн. Баарыле хеппи энд боло берсе болбой калбайбы)
04.07.2017. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эстин кундолугу деп кантип жазылсын? Эскерме кундолугу же кундолук деп эле которулат, кичине мааниси менен которсонор, созмо соз эле уруп салбай
04.07.2017. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Vacant,Тураа эле которгон!!! Эс-Память. Эскерме-Воспоминания болуп калат, сен айткандай жазса болбойт. ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-05 11:28:59
05.07.2017. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat.,
ХХХ ХХХ Эми бул фильм орустар эмес Голливудда тартылганын баары эле билсе к/к, ж/а нукура аталышы англ The Notebook, орусча Дневник, Заметки кырг Кундолук же Жазуу дептер болуп которулат. орустар память деп кошуп койсо биздикилер андан туптуз которуп салышкан.эс мес дебей эле кундолук деп койсо эле жетиштуу болмок.
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-05 11:28:35
05.07.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vacant, azamat.,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
05.07.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vacant,журналисти бар жаны создугу бар
04.07.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул кийнону коргон эмесмин эч кызыккан жокмун негедир! Инстаграмдын баары Кемаль болуп кеттиго. Иши кылып ушу бутсунчу!
05.07.2017. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да кызыкпадым ушул киного
04.07.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зээригип кетем ушуну корсом, "Чёрная любовь" деп баары эле айтышса, мен деле коруп коеюнчу деп баштагам, буто албай койдум.
sayana түзөттү 2017-07-04 15:36:22
04.07.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жүрөк ооруткан кино баарынан да аягы өзгөчө болду.
04.07.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чагатай Улусой İçerde (Внутри) деген сериалдын бир мериясы үчүн 200 000 лира алат деп жүрөт. Бурак аз алыптыр анда.
04.07.2017. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы уланат бекен же буттубу толугу менен?
04.07.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Главный рольдо ойносо конечно гонорары көп болот
04.07.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толук тартылып буткондо кором деп жатым эле, убакыт келген окшойт...
04.07.2017. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бурак Өзчивиттин үй иштерине жардам берген кыргыз кызы экен. Кайсы бир сайтка чыкты. Свадьбасына катышкан видеосу менен.
05.07.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sladkaja_konfetka, кызык экен кайсы сайтта экен
05.07.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда эч кызыгып корбодум ушул серияны.Даназалуу доор сонун тартылган.Султан Сулейман эн жакшы денгелде тартылган.Хюремге эч ким жетпейт.Ошол кездеги доорун аялдардын эн кучтуусу болгон.Сулейманга эч кимди ыраа корбойт элего чиркин
06.07.2017. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бурак Озчивит жакпайт Неслихан учун кордум буду сериалды
06.07.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан биздикилер дагы ушундай жакшы маанилуу кино тартат экен!!!:)
07.07.2017. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таң калыштуу, бири-бирин жактырбаса кантип тартылышты экен. Кызык)))
07.07.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйүү эң жаман окшойт.
07.07.2017. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы сүйүүнү даңазалаган Кемаль Нихан эң соонун паралар болчу.Мен үчүн бул кино биринчи жана акыркы болду десем жаңылышпайм.Чыныгы жашоодо да экөө бирге болуп,үйлөнүшсө андан да жакшы болмок!☺ Бул кинодо чыныгы мырзанын аялга болгон сүйүүсү чагылдырылган.Албетте баардык актер,актрисалар да мыкты аткарышкан.Жаль бүтүп калды...(((( Ийгилик ушул кинону ойлоп,таап чыгарган режиссер го!!!))
07.07.2017. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bella1, Албетте ушул кинонун көркүнө көрк кошуп,өздөрүнүн актерлук чеберчиликтерин мыкты деңгээлде аткарышкан Кемаль Нихан молодец!!! Музыкасы да өзгөчө мактоого арзый турган сериал болду десем жаңылышпайм.Чыныгы жашоодо да ушшундай күчтүү сүйүүлөр көөп болсун!☺
07.07.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кинону башында жактырган эмесмин буттуп калганда жактырып калдым
08.07.2017. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5серияга чейин аябай кызыгып кордум эле,акыры тажаб кетип откоруп откоруп кордум,коп жага бербеди бл кино эрте бутконуно суйундум 3сезону чыкпай эле койсун го куткон да жокиун
08.07.2017. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмир да озунун ролун эн мыкты ойногон .
09.07.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага бул эле эмес турк сериалдары баары жагат суйуу менен кором зерикпейм эч
10.07.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул сериалды көргөн эмесмин....)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо