HI-TECH NEWS

№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.

КОРОО ИШТЕРИНЕ ЖАРДАМЧЫ TERTILL РОБОТУ

Адам баласынын жумушун жеңилдете турган дагы бир робот жарык көрдү. "Franclin Robotics" аттуу америкалык компания Tertill роботун ойлоп тапты. Аталган компания мындан 15 жыл мурун Roomba деген робот-чаң соргуч ойлоп тапканы менен белгилүү. Робот Tertill короодогу чөптөрдү отойт. Ал күндүн энергиясы менен иштейт. Андыктан ага электр энергиясы сарпталбайт. Болгону чөп отоочуну жемиштердин бою робот менен теңелгенде же андан узун болгон учурда ишке салуу керек. Себеби ал чөп менен жемиштерди боюнун узундугуна карап айырмалайт. Анча чоң эмес келген робот эгилген жер жемиштерди аралап жүрүп, ашыкча чөптөрдү отоп кете берет. Роботтун ичине ылай, чаң кирбегидей болуп жасалган. Мындай кызматчыны 2018-жылы 300 долларга сатып алуу мүмкүн болот.

"GOOGLE" КОМПАНИЯСЫНА 2,4 МИЛЛИАРД ЕВРО АЙЫП САЛЫНУУДА

Евробиримдиктин монополияга каршы комиссиясы америкалык "Google" компаниясына айып такты. Комиссиянын айтымында "Google" аркылуу издөө жүргүзгөндө издөө жыйынтыгынын тизмесинин биринчи саптарына аталган компанияга тиешелүү кызматтардын сунуштары чыгат. Муну биримдик монополияга каршы мыйзам бузуу деп тапты. Анткени ишкана атаандаштарын артта калтырып өз кызматтарына артыкчылык берген. Бирок компания бул чечимге макул эмес. Евробиримдик "Google" компаниясына 2015-жылы да ушундай айып койгон. Быйыл комиссия "Google'дан" 2, 4 миллиард евро айып пул талап кылды. Аталган айып монополияга каршы күрөштүн тарыхындагы эң чоң көлөмдүүсү болуп жатат. Буга чейин 2008-жылы "Intel" компаниясы төлөгөн 1, 06 миллиард евро эң чоң көлөмдөгү айып пул болгон эле. Кошумчалай кетсек, Евробиримдик аталган компанияга каршы дагы 2 ишти териштирүү менен алек. Алар онлайн жарнама жана андроид мобилдик системинин ишмердүүлүгү.

SAMSUNG GALAXY NOTE 8 СЕНТЯБРЬ АЙЫНДА ЖАРЫК КӨРҮШҮ КҮТҮЛҮҮДӨ

Galaxy Note 7 смартфону "Samsung" компаниясынын аброюна бир топ залакасын тийгизди. Аталган сериядагы смартфондордун бир тобунун батарейкалары жарылып, кардарлар тарабынан нааразычылыктар жаралган. Мындан кийин Note тизмегиндеги смартфондордун жарык көрүүсү токтотулат деген кептерге чекит коюлду. Себеби Samsung компаниясы үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Galaxy Note 8 смартфонунун бет ачарын өткөрүүгө даярданып жатат деген маалымат тарады. Ал Берлинде өтө турган "IFA- 2017" көргөзмөсүндө көрсөтүлүшү мүмкүн. Болжол менен смартфондун баасы 800 евродон жогору турары айтылууда. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, Galaxy Note 8 кара, көк, алтын түстөрдө чыгат.

Нуркыз Курманбек кызы 
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо