БУРАК ЖАНА ФАХРИЕ ҮЛПӨТ ТОЮНА 75 000 ЕВРО САРПТАШТЫ

№766 7-13-июль, 2017-ж.

Ошентип миллиондогон күйөрмандар эки көзү төрт болуп күткөн күн да келип жетип, 29-июнь күнү түрк актёру Бурак Өзчивит менен актриса Фахрие Евжен баш кошушту. Кемалдын өлгөнүнө кайгырып бүтө электе күйөрмандарына анын үйлөнгөнү кошул-ташыл болду да калды. "Жылдын тою" аталган салтанат кандай өттү, ошондон кеп кылалы.

Жубайлар жана куда-кудагыйлар.



ТОЙ ЧЫГЫМЫ ЖИГИТТИН МОЮНУНДА

Той Стамбул шаарында, Саит Халим-Паша тарыхый вилласында болуп өттү. Ага 500 адам чакырылган. Тойдун чыгымын Бурак Өзчивит өзү көтөрүп, 75 миң евро сарпталганы айтылды. Нике кыйылгандан соң колуктудан "Бурактын бутун бастыңбы?" деп сурашты (түрктөрдө никелешкенде ким биринчи жубайынын бутун басса, ошол кожоюндук кылат деген ишеним бар). Фахрие "толкунданганымдан унутуп коюптурмун, бирок биз андай нерселерге көңүл бурбайбыз" деп жооп берди. Тойдо оюн-күлкүгө көп орун берилип, эң эсте калганы Бурак менен Фахриенин биринчи бийи болду. "Грей мырзанын 50 кыры" кино тасмасынын саундтрегине каалгыган экөө көпкө даярданышканы билинди. Тойго кино жылдыздардан Нур Феттахоглу, Кенан Имирзалыоглу, Керем Алышык ("Түбөлүк сүйүүдөгү" Айхан) жана башкалар келишти. Тойго Неслихан Атагүл келген жок. Тасмадагы "таттуу түгөйлөр" жашоодо мамилелери жакшы эместиги түрк ММКларында байма-бай айтылып келет. Өз интервьюсунда Бурак Неслихандын күйөөсү тууралуу "Кадир менден Неслиханды кызганбайт, анткени менин досум" дегени бар. Буга актрисанын жолдошу Кадир Догулу "Өзүнө өтө ишенген адам, ошонусу менен кооптуу" деп Твиттер баракчасына жазып чыккан.Той түрк жылдыздардын ченеми менен алганда жупуну өткөнү ММКларда айтылууда.

"БОЗ ТОРГОЙДОН" БАШТАЛГАН СҮЙҮҮ БАЯН

Жаш жубайлардын сүйүү баянына токтоло кетсек, Фахрие Евжен буга чейин атактуу түрк актёру, ырчы Өзжан Дениз менен олуттуу мамилеси болгон. 2 жыл чогуу жашап, бирок Өзжан Дениздин кыз жандуулугунан ал мамилеге чекит коюлган. Ал эми Бурак Өзчивит буга чейин модель Жейлан Чапа менен кыз-жигит мамилесинде эле. Жейлан Чапанын продюсер таякеси Бурактын кино чөйрөсүнө кошулушуна жардам берген деген да кептер бар. 3 жыл чогуу жүрүп, экөө кол үзүшүп кетишкен. Ошол учурда Бурак менен Фахрие атактуу "Боз торгой" сериалына чакырылып калышат. Ошондо ал сериалдан улам пайда болгон сүйүү учкундары "Сүйүүм сага окшош" деген тасмада тутанып кетти. Тасмадагы сүйүү реалдуулукка айланып кеткенин көптөр ишенбей карап жүрүштү. Бирок Бурак 2016-жылы декабрь айында өзүнүн туулган күнүндө Фахриеге үйлөнүү сунушун киргизгени белгилүү болгон. Андан соң Фахриенин Германияда жашаган ата-энесинин үйүнө барып, бардык каада-салтын жасап, кызды алып келишкен. Бардык шектенүүлөрдү жокко чыгарып, түрк кинематографиясынын эки чоң жылдызы түбөлүккө кол кармашты.

НЕСЛИХАНГА ЖАРАШТЫБЫ ЖЕ ФАХРИЕГЕБИ?

Бул жолу тойдон да келиндин көйнөгү көбүрөөк сөз болду. Фахрие 3 көйнөк алмаштырганга жетишти. Анын экөө түрк дүйнөсүнө таанымал дизайнер Рашит Багзыбаглынын колунан чыккан. Көйнөктүн үстүнөн 15 тигүүчү иштеген. Кездемеси, торлору атайын Франциядан алынган. Фахриенин биринчи кийип чыккан "балык кыз" бычымындагы той көйнөгү Неслихан Атагүлдүкүнө коёндой окшош экени көп талкууланды. Буга жооп кылып дизайнер: "Көйнөктөр эч кандай окшош эмес, жакшы байкаган адамга эки башка бычылган, эки башка кездемеден тигилген. Неслихандын көйнөгүн "Vakko" фирмасы тиккен. А Фахриеникин биз тиктик. Эгерде көйнөккө көңүл бурулса, демек, ал чындап эле кооз тигилген", деп билдирди. Учурда бул көйнөк кимисине жакшы жарашты деген талаш-тартыш интернет баракчаларында басыла элек.
Ал эми Бурак 2 жолу кийимин алмаштырды. Биринчи кара смокинг менен чыкса, экинчисинде аны ак костюм менен алмаштырды. Актёрдун костюмдарын дизайнер Рашиттин атасы Дербиш Багзыбаглы өз колу менен тиккени айтылды.

4 КҮНДҮК БАЛ АЙЫ

Бурак сүйүктүүсүнө сюрприз кылып бал айында өз яхтасында сүзүп саякат кылууну чечкен. Анын кыялындагыдай яхта 150-300 миң евро туруп, аны сатып алган. Бал айын алар Мальдив аралдарында өткөрүштү. Жылдыздар бир суткасы 3000 долларды чапчыган мейманкананы тандашкан. Сүйүшкөндөргө бир кезде араб ишкеринин жылдыздар Дубайда же Катарда бал айын өткөрүүнү чечсе, аларга 2 миллион доллар белек кыларын айтканы бар. Бирок эки жаш сунушту комментарийсиз калтырышканы да маалым болгон. Фахрие өз баракчасына бассейнде сүзүп жүргөн сүрөтүн коюп "Баатырым, дүйнөм... Сени менен өсүү, сени менен бир бүтүн болуу, сени менен чогуу келечекке бет алуу... Эми бардык нерсе артта калды!" деп билдирүү жазган.
Демек, эки жаш бактылуулуктун көлүндө чалкып жатканы айтпаса да белгилүү. Баса, бал айы 4 гана күндүк болду. Анткени Бурак "Менин бир тууганым" деген тасмага тартылууну баштамакчы.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(12)
11.07.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ичин куйсо туз жала дедиртипсинер го... Бактылуу болгула... Неслихандын куйоосу баарибир коркуп турат экен да Бурактан:) "Бурак,озуно ото ишенген,ошонусу менен кооптуу "-дегенине караганда...)))
AykaMer түзөттү 2017-07-11 10:25:07
11.07.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен корбодум ушул кинону. эми кызыгып жатам
11.07.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун
11.07.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менин оюумча Фхриеге көбүрөөк жарашкан Неслихандыкы көкүрөгү ачык экен бир аз
11.07.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ааа менин ваали бейиим
12.07.2017. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anar_13-07-89.j,
11.07.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бурак мен сени жакшы кором
12.07.2017. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Emi jakshynakay jashasa eken koop balaluu bolushup sonun para
12.07.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун той болуптур бактылуу болушсун.
13.07.2017. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулар свадьбасына ачыыык койнокторду кийип алышат. Ал жакта кайын эне кайын ата кайын журт деген бар...
13.07.2017. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неслихандын куйоосу да жакшынакай)) алар эн сонун пара))
14.07.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кемал мн нихан турмуш курушкан экен ушул чынбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо