БЕЛ ООРУЛАРЫ

№766 7-13-июль, 2017-ж.

Окумуштуулардын айтымында, жакында бели ооругандар сан жагынан жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийинки эле 2-орунга чыгат дешүүдө. Сөз болуп жаткан оорунун түрлөрү жана келип чыгышы тууралуу Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун директорунун орун басары, медицина илимдеринин доктору, профессор, ортопед-
вертебролог Жаныш Сулайманов баяндайт.

ОСТЕОХОНДРОЗ

Эмне болгон оору?
Оору омурткалардын арасында жайгашкан кемирчектердеги зат жана кан алмашуунун бузулушунан келип чыгат.
Себептери. Буга дамамат бир орунда жылбай отуруу, омурткалардын жаракатка кабылуусу түрткү болот. Остеохондроздун 3 стадиясы бар. 1-стадиясында зат жана кан алмашуунун бузулушунан кемирчекке азык заттар керектүү деңгээлде барбай, ал бара-бара кургай баштайт. 2-стадиясына келсек, сөз болуп жаткан кемирчектер фиброздук шакекчелерден турат. Анын ортосунда килкилдек масса (пульпоздук ядро) бар. Бул стадияда ошол фиброздук шакекчеде жарылуу (омурткага күч келгенде) пайда болот. Бул катуу оорутуу менен коштолот (ток тарткандай), адам жакшы кыймылдай албай калат. Дарыланбаса өнөкөт түргө өтөт. 3-стадиясында фиброздук шакекчелердин ортосунда килкилдек масса (пульпоздук ядро) жүлүндү көздөй агып, омуртка каналдарынан чыккан нервдерди кысып калат. Бул омуртка грыжасы деп аталат. Жайгашкан ордуна карата моюн, көкүрөк жана бел-чычаң грыжасы болуп бөлүнөт.
Оору белгилери. Моюн грыжасында баш, желке, моюн ооруйт. Кол чымырап уюп, жакшы көтөрүлбөй калат, булчуң кичирейет. Көкүрөк грыжасында борбордук нерв системдин иштөөсү бузулуп, оорулар жаралат жана ички органдарда оорутуу пайда болот. Бел-чычаң грыжасында бут ооруп, уюп, чымырайт, жакшы иштебей баштайт. Адам бат-баттан заара ушатып калат. Грыжа омуртканын сол тарабында болсо, оорутуу сол бутка, оң тарабында болсо оң бутка берет. Грыжа омуртканын ортосунда болсо, оорутуу 2 бутка тең берет.
Дарылоо. 1-2-стадиясында консервативдүү дарылоо сунушталат. 3-стадиясында операция жасалат.

МИОЗИТ

Эмне болгон оору?
Бел омурткаларынын булчуңдарынын сезгениши.
Себептери. Суукка урунуу, оор нерселерди көтөрүү, спорт менен туура эмес машыгуу, сыз жерде узакка иштөө, инфекциялык оорулардан (мисалы, сасык тумоо, өнөкөт тонзиллит) убагында дарыланбоо миозитти жаратат.
Оору белгилери. Дене табынын көтөрүлүшү, белдин катуу оорушу. Оорутуу кыймылдаган сайын күчөйт. Дарыланбаса булчуң кичирейип баштайт да, дарылап айыктыруу кыйынга турат.
Дарылоо. Консервативдүү дарылоо (физиодарылоо, укалоо, дарылык физкультура, дары-дармектер) керектелет.

БУТТАРДЫН БИРИНИН КЫСКАЛЫГЫ

Эмне болгон оору?
Адам бир бутунун кыскалыгынан чолоңдоп басып калат. Бул ички органдардын жылышып кетишине алып келет. Ошондон улам бел оору пайда болот.
Себептери. Дартты полиомиелит оорусу, жаракат, омуртканын кыйшыктыгы (сколиоз), жамбаштын тубаса туура эмес жайгашышы, тамандын деформациясы жаратат.
Оору белгилери. Бут, буттун муундары, бел кошо ооруйт.
Дарылоо. Ортопедиялык бут кийим кийилет. Консервативдүү дарылоо жүргүзүлүп турат же операция жасоо аркылуу сөөк өстүрүлүп, эки бут теңделиши мүмкүн.

СПОНДИЛОЛИСТЕЗ

Эмне болгон оору?
Дарт омурткалардын жылышы менен белгиленет.
Себептери. Дарттын 5 түрү бар. 1-түрү тубаса жылып кетүү (спондилолиз). 2-түрүндө (дегенеративдик спондилолистез) омурткага күч келгенде кемирчектер жешилип, омурткаларды кармай албай калат. 3-түрү жаракаттан (жыгылуу, кулоо, мушташуу) кийинки жылышуу (жаракат спондилолистез). 4-спецификалык (өзгөчө) түрүнүн себепкери кургак учук, онкологиялык оорулар.
Оору белгилери. Омуртка уюп, талып, басылбай ооруйт. Адам бир орунда көпкө тура жана отура албай ойдолойт. Көп басканда жана оор көтөргөндө оору күчөйт.
Бара-бара бут менен жамбаш да ооруй баштайт.
Дарылоо. Дарттын 4 даражасы бар. 1-даражада дары-дармек менен дарылоого болот. 2-3-4-даражасында операция гана жардам берет. 5-даражада операция да жардам бербейт.

Жогоркулардан тышкары ашыкча семирү, остеопороз да бел оорунун себепкерлери. Бел ооруларынын алдын алуу үчүн оор көтөрбөй, суукта, сызда көп жүрбөш керек. Ооруганда убагында дарыланып, көбүрөөк кыймылдап, ашыкча салмактан арылуу сунушталат.

Канымжан Усупбаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
11.07.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш!!!
11.07.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен окуй албадым суроттордо корунбой калыптыр жазуулар
12.07.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат пайдалуу кенеш учун!!!
12.07.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бел оорунун азабын жакшы эле тартып журом.
12.07.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Торогондон кийин да грыжа пайда болушу мумкунбу?
15.07.2017. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mekush87,торогондон кийин ооруса ал эмне экен,ага да токтоло кетпептир
12.07.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш. Админ от туралуда маалымат кенеш бергилечи сураныч.
13.07.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда барып дарыланса болот, жооп алып бергилечи?Ишиас жөнүндө да билип берсеңиздер.
16.07.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таманды жылуу сактагыла. Эн биринчи эле оору тамандан сыз отушунон башталат
19.09.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да грыжанын азабын тартып жатам. Белимде экоо,моюнда бироо экен.Доктурлардан жакшы болбодум. Азыр элдик табыптан лечения алып жатам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо