ЧИРКЕЙЛЕР КИМДЕРДИ КӨП ЧАГАТ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН?

№768 21-27-июль, 2017-ж.

Жай. Адамдарды курт-кумурскалар, анын ичинде чиркейлер чагып жүдөтүп жаткан учур. Чиркей кандай адамдарды көп чагарын, чакканда эмнелерди колдонууга болорун Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дерматовенерология кафедрасынын доценти Мейкин Усубалиев айтып берет.

"ЧИРКЕЙЛЕР АДАМДЫ ДЕМИ БОЮНЧА ТААП КЕЛИШЕТ"

– Адамдын каны менен чиркейдин ургаачылары гана азыктанышат. Аларга кандын курамындагы заттар жумуртка таштоо жана энергия үчүн зарыл. Кан сорбогон учурда аларга азык катары өсүмдүк ширеси деле жарай берет, бирок жумуртка таштай албай калышат. Эркектеринин жаактары өнүкпөгөндүктөн кан соро алышпайт, аларга өсүмдүктөрдүн ширеси азык ордуна жүрөт.
Окумуштуулардын аныктоолоруна таянсак, ургаачы чиркейлер адам жана жаныбарларды дем чыгарган көмүр кычкыл газы жана денесинен чыккан жылуулук боюнча таап келишет. Толук адамдар жана кош бойлуу аялдар басканда, иш кылганда көбүрөөк энергия сарпташып, көбүрөөк дем алып, дем чыгарышат. Ошондой эле жаш балдар кыймылдуу келишкендиктен көбүрөөк ойношот. Демек, алар да оюн кезинде бат-бат дем алып, ошого жараша көмүр кычкыл газын да көбүрөөк бөлүп чыгарып турушат. Ушул себептүү толуктарды, кош бойлууларды, жаш балдарды чиркейлер көбүрөөк таап келишет жана чагышат.

"КАН СОРГУЧТАРДЫ АДАМДЫН ЖЫТЫ ТАРТАТ"

– Чиркейлерди кан тобу кызыктырбайт. Аларды кызыктырган нерсе – адамдын жыты. Адамдын жытынын көбүрөөк бөлүгүн терисинин бетинде жашап, бөлүп чыгаргандары менен жытты пайда кылып туруучу микроорганизмдердин жыты түзөт. Ал эми териде микроорганизмдердин абдан көп түрү жашайт. Биздин терибиздин "флорасы жана фаунасы" чиркейлер үчүн даамдуу жыттанат. Биз тердегенде, спорт менен машыкканда, көп кыймылдаганда жыт күчөйт. Мына ошол жыт чиркейлерди азгырып, чагууга түрткү берет. Айта кетчү нерсе, кош бойлуу кезде көбүрөөк бөлүнүп чыгуучу эстроген гормону да аялдын жытын өзгөртүп, чиркейлерди чакырып турат. Андыктан убак-убагы менен антибактериалдык самындар менен жуунуп туруңуз. Уктаар алдында да жуунуу талапка ылайык. Жыттуу самын менен жуунууну, атыр себинүүнү унута туруңуз. Алардын жыты да чиркейлерди өзүнө чакырат.
Эскертип кетчү нерсе, чиркей безгек, сары калтыратма, менингит, энцефалит ооруларын жугузуучу болуп эсептелет. Андыктан чиркейлер көп болбошу үчүн үйүңүздүн тегерегинде чөөт суулардын, баткактын, саздын болбошуна аракет кылыңыз.

"ШИЛЕКЕЙИНДЕ КҮЧТҮҮ АЛЛЕРГЕН БАР"

– Чаккан жерди тырмоо менен биз ошол жердин тегерегине чиркейдин шилекейиндеги аллергенди жайылтып, аллергияны жаратабыз. Андыктан тырмабоого аракет кылыңыз. Чаккан жерди кан чыккыча тырмоо менен инфекция киргизип, ириңдетип аларыңызды эске алыңыз! Чаккан жердин өңү кызарса, аллергияга каршы каражатты сүйкөңүз. Кимдин териси чаккандан шишип жана катуу кычышып чыкса, анда врачка көрүнүп, антигистаминдик дары-дармектерди ичүүсү зарыл.

ЧАККАН ЖЕРГЕ ЭМНЕ СҮЙКӨӨГӨ БОЛОТ?

– Балдар жана чоңдор үчүн кремдер, гель, мазь, гель-бальзам түрлөрү бар. Каражаттарды дарыканадан сатып алууда баланын жаш курагына карап алыңыз.
Колдо болгон нерселерге келсек, кычышкан жерге муз коюңуз же 200 грамм сууга жарым чай кашык сода салып, ошол суу менен сүртүңүз. Ашкана уксусунун 4 пайыздуусун сүртсө же салицил спиртин сүйкөсө да жакшы. Тырмалган жерге зелёнка сыйпаса да болот.

КОРГОНУУ

  • Эшик-терезелерге, балдардын коляскаларына чымын-чиркейден коргоочу тор тагыңыз.
  • Жабык кийиниңиз.
  • Синтетикалык репелленттерди (чиркейлерди коркутуп, оолактатуучу химиялык каражаттар) же табигый каражаттарды колдонуңуз. Эскертүү: Синтетикалык репелленттерди боюнда бар айымдар жана 1 жашка чейинки балдар бар үйгө колдонууга болбойт! Табигый каражаттарды колдонуу тууралуу айтсак, мисалы, бир жакка чыгарда гвоздика, эвкалипт, валериана, арчанын эфир майын дененин ачык жерине сүйкөп чыгыңыз. Аталган майлар сиңирилип коюлган кебезди бөлмөгө коюп коюңуз (эгер ал жыттан баш оорубаса).
  • Кийимге, терезеге чиркейге каршы аэрозолдорду себиңиз.
  • Сыртта отурганда түтөткү салып коюңуз, үй ичин арча түтөтүп аластасаңыз жардам берет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
25.07.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менде да ушундайлар чыгып кеткен да емнеден десе,чиркейден тура.Рахмат Жакшы Кенеш екен.:)
25.07.2017. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чиркейдин алты бычагы бар биринчи келип наркоз берет экинчиси кесет учунчу бычагы аралаштырат тортунчусу сорот дегенин окуп калган эле ушундай маалыматты даны кошуп койбопсунар
25.07.2017. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чиркейдин адамдарды эн коп олтургон жаныбар экенин да кошуп койбопсунар.
Крокодил,арстан сыяктуу жырткыч жаныбарлардан дагы коп адам омурун алган жандык болот чиркей.
25.07.2017. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каптор, рапторлор да дардам берет. Уйгосайып кокойсо...
26.07.2017. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тытып эле таштайт го
26.07.2017. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ичкендерди чакпайт имиш го.Себеби каны ачуу болуп калат дешет.
26.07.2017. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чиркей жармашпайт екен мухаловкага
26.07.2017. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мени таптакыр чиркей чакпайт,конот бирок чакпайт эмнегедир. Жанымдагыларды тытып-тытып чакса да,мени чакпайт чиркей.Же мени чиркейлер аяшат же болбосо жытым же каным аларга жакпайт окшойт да.
27.07.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудай сактасын чагат кееде бирок ашыкча кычышып ачышпайт оорубайт шишибейт үйдөгүлөр жыргап калат кызыл ала жашыл ала болушуп шишип а мен эчнерсе болбойм мени чымын конгону жиними келтирет кантип жок кылса болот чымынды.
27.07.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Одомос деген мазь бар.Суртуп койсон ,учуп келгенде 20см.калганда кайра назад кетет.Болгондо да тездик менен)))))))))))
27.07.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чиркей менин жашоодогу номер 1душманым.Жаман коруп,олтуруп да кордум.Жанымды койбойт.Чиркей чаккандан кийин Псилобальзам суйкоп кутулам.
Жараткандын жандуусу болгону учун жек корбойм.Айла жок олтуром.
29.07.2017. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин уйдо апамды эжемди байкемди чиркей тим эле талачу, бирок мен менен атамды чиркей чакпайт негедир, омурумдо бир жолу чиркей чагып аллергия боло элекмин
29.07.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен семиз эмесмин, жаш бала да эмесмин и кош бойлуу да эмесмин, бирок мени аябай чагат
29.07.2017. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менида аябай чагып жаткан учуру болгондода буттарындын соокторун таманынды чакса жаман экен кызарып шишип кычышканын соз менен жазып же айтып тушундуро албайм кочого жени кыска кийингенгеда ойлонуп себеби башкалар хлоп чакканго деп ойлойбу
29.07.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
супер мите курттарга каршы кандай даары ичуу керек айтып тема ачыныздарчы сураныч..эгер мурунку сандарда бар болсо анда ссылкасын жонотуп коюнузчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо