Санжар Бердибеков, ырчы, куудул: «КОЛУМ МЕНЕН КЫЛГАНДЫ МОЮНУМ МЕНЕН ТАРТЫП АБАК ЖАШООСУН КӨРҮП ЧЫКТЫМ»

№769 28-июль-3-август, 2017-ж.

Эл арасында куудул Санжар Бердибеков тууралуу ар кандай кептер айтылып жүргөн эле. Ал сөздөрдө чындык бардай куудул өзү да сахнадан көрүнбөй кетти. Куудул менен бетме-бет көрүшүп, маектешели деген оюбуз бир топтон бери ишке ашпай улам артка жылдырылып келе жатты. Көрсө, анын жүйөлүү себептери бар экен.

– Санжар, саламатсыңбы? Маектешели деп сүйлөшкөндөн бери улам бир жумушуң чыгып отуруп, арадан жарым жыл өтүп кетти окшойт. Чын эле жумуштун көптүгүнөн кол бошобой жаттыбы?
– Саламат, жакшы жүрөбүз. Эми бул шылтоо да. Акыркы убакта интервью бергим келбей, чыгармачылыкка деле мурункудай кызыкпай калдым.

– Мындай өзгөрүүгө бир нерсе себеп болуп жаткандыр? Адатта, жан дүйнө ооруп турганда эч ким менен сүйлөшкүң келбей калат го?..
– Акыркы учурда дин жөнүндөгү китептерди окуп жүрөм. Тагдырыңды, жашооңду элге жарнама кылып көп айта берген болбоорун түшүндүм. Жашоодо өйдө-ылдый көп болот турбайбы. Ылдый түшүп кеткенде, сен айтмакчы, эч ким менен сүйлөшкүң да келбей калат экен. Менде ошондой учур болду. Чыгармачылыкка кызыгуумдун кеткени, тентип эле жүргөндөн чарчадым, тажадым. Чыгармачылыкта жүргөнүмө 20 жыл болуптур. Мектепти бүтүп эле "Нур", "Түштүк таланттары" деген топторго кошулуп кеткем. Кошулганда кандай, алардын музыкалык аппараттарын ташыйт элем, афиша чаптачубуз, концерт учурунда эшик тосчумун. Алпаруучусу келбей калса, алпаруучу да кылып коюшат эле. Иши кылып, чоңдордун айтканын кылып жүрүп таасир алып, өз алдымча чыгып, ушул жашка келдик.

– Бир жолу телефон чалганымда "Ошко келип, жашаганымды көргүлө, эң жакшы тургандардын катарындамын" дедиң эле...
– Канча жылдан бери Ошто жашап, кайра Бишкекке көчүп келип, эки жакта тең жүрөм. Акыркы жолкусунда 5 ай жашап, жакында эле борборго келдим. Экинчи жолу үйлөнгөм, жубайымдын аты Айчүрөк. Айчүрөк экөөбүз таарынышып кетип, көнүп калган окшойм, үйдөн чыгып кетмей адатым кармап Ошко кетип калгам. Сени менен ошондо сүйлөшкөм. Оштогу 5 айдын 2 айында Гүлжигит Сатыбеков менен гастролдо жүрдүм. Ошто батирде турдум. Батирде болгонум менен, жакшы жашадым. Кичинемден эле бардар турмушта жашап келем. Таята, таенем колунда бар адамдар эле, ошон үчүн эрке өсүп калгам. Азыр деле эркелигим кала элек. Айтканымды бербейм, кылам дегенимди кылам. Ойлонуп көрсөм, көрүнгөн жакта эле жүргөн болбойт экен. Аялым менен жашайын деп кайра кайтып келдим. Айчүрөк экөөбүздүн 1 жарым жашта Юсуф деген уулубуз бар. Бир канча сериядан турган Юсуф пайгамбар тууралуу кино көргөм, ошол кинодон таасирленип, уулума ушул ысымды ыйгаргам.

– Мурунку жубайыңдан уулдарың чоңоюп калса керек?
– Мурунку жубайым менен ажырашканымда чоң жаңжал деле болгон жок. Эркеликтин айынан ичип кеттим. Ичкенде айлап жок болуп кетем. Мисалы, чакыруу менен 1-2 аптага кетсем, андан ары тааныштар чакырып, ал тааныштын дагы таанышы чакырып отуруп, 1-2 айга калып кетмейим бар. Анан аял кишиге түшүндүрүш кыйын болуп калат экен. Ошентип ажырашып кеттик. Улуу балам 8-классты аяктады. Ал Ак-Талаада таене, таятасынын колунда. Бир жылдан бери көрө элекмин. Экинчиси менин колумда, "сагынычыңды таратып кел" деп апасына жибергем. Каникул бүткүчө жүрөт го, быйыл 1-класска барат.

– Айчүрөк менен каяктан таанышып калдың?
– Бир тойго ырдаганы барып, жактырып калдым. Бир аз сүйлөшүп жүрүп, жакын туугандарыбыздан бата алып үйлөндүк. Жубайым өзү эки окуу жайын аяктаган. Учурунда бир окуу жайда мугалим болуп иштептир. Азыр убактылуу бош.

– Сен тууралуу эл арасында "түрмөгө түшүптүр" деген сыяктуу кептер айтылып жүрөт. Чындыгын өз оозуңдан угалы...
– Ошондой кырсык болду. Той болгон, тойдо сөзсүз ичимдик ичилет дегендей. Балдар арасында түшүнбөстүк болуп, мушташ болуп кетти. Мушташка катышкандардын баары өз жазасын алды. Мен дагы мыйзам чегинде, колум менен кылганымды моюнум менен тартып, СИЗОдо отуруп чыктым. Азыр абакта отуруу мода эле болуп калды окшойт. Саясатчылар деле отурбайбы.

– Ошол окуя сабак болуп, ичкиликти токтоткондурсуң?
– Негизи мен көп деле ичпейм. Бирок ичкенде жеңилирээкмин. Азыр ичпей калгам. Ал эле эмес, бир нече окуя себеп болду окшойт.

– Айрым сахналаштарыңа таарыныпсың, эмне болду эле?
– Мен таарынган жокмун. Тескерисинче, көбүн мен таарынтып алгам. Алардан гезит аркылуу кечирим сурайм. Кээ бирлерин сөгүп, айрымдарын уруп же жаман сөз айтып алышым ыктымал. Мунун баарын ичкиликке шылтабайм. Таптаза турганда деле мага туура эмес сүйлөп коюшса, дароо сөз менен болсо да ордуна коём.

– Ошондо кызуу кандуусуңбу?
– Тез жиним келип, тез тарайт. Мындан 5-6 жыл мурун дароо муштум колдончумун. Мушташка жакшы элемин. Мушташыш керек болсо бир жерин жулуп алам (күлүп). Жылына 2-3 ай спорт залга барчу адатым бар. Азыр кыркка келип калдык, сабырдуу болууну үйрөнүп келе жатам. Ойлоп көрсөм, мурун сабырым жок экен. Китеп окуган илимдүүлөрдүн арасында уруш аз болорун байкадым. Мен да акыркы убакта көп окуй баштадым.

– Кайрадан жаралсаң эмнени өзгөртүүгө аракет кылмаксың?
– Андай болбойт да. Болсо жаштайымдан китепке сугарылып окумакмын.

– "Киного тартылам" деп жаттың эле, съёмка башталдыбы?
– Мен тартылчу тасма комедия жанрындагы тасма экен. Сценарийди деле окуй элекмин, режиссёр "сен ойноп кетесиң, сага ылайыктап жазып жатабыз" деди. Башкы каарман мен, менден сырткары дагы куудулдар бар экен. Кечээ сүйлөштүк, тартуу иштери Көлдө болмой болду.

– Чыгармачылыкка кызыгуу кетип калды деп жатпайсыңбы, башка тармакка кетүү оюңда барбы?
– Дин жолуна түшүп, башка тармакка кетсемби деген тилектерим бар. Ишке ашса, убагында көрөсүңөр да. Учурда ОшТУнун экономика факультетинин студентимин. Бир иш боюнча азыр сүйлөшүүлөр болуп жатат, аны тактап айтпай эле турайын.

"Жубайым Айчүрөк менен таарыныша кеткем. Ойлонуп көрсөм, көрүнгөн жакта эле жүргөн болбойт экен, кайра жараштым".


"Чыгармачылыкта жүргөнүмө 20 жылдай болду. Сахна, чыгармачылык деп тентип жүрүп чарчадым, тажадым".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Санжар Бердибеков: "Сыноо экен, 2 айдай абакта отуруп чыктым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(44)
01.08.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Кээде жигит төө минет,кээде жигит жөө жүрөт.
01.08.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-27
Эл көзүндө жүргөндөн кийин жакшынакай сүйлөсө болмок. Тайэне тайатам бардар жашоодо жашаган дебей. Эрке өскөм дебей
barsbegKG түзөттү 2017-08-01 10:37:56
01.08.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
barsbegKG,анан кантип айтсын
01.08.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
Дин жолуна тушкону жакшы болуптур арак жакшылыка апарбайт дегенди тушунуп жетиптирда байке
01.08.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ассалом алейкум Санжар брат талантыныз бар таланттуу инсансыз. Ошол таланттарынызды кор кылбан. Ийгилик...
01.08.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Суйлогонунон мунозу тентектердей туюлду. 40жашка чыгып калыпсыз токтолун эми. Уй булоо 1орунда турат. "Чыгып кетем, батирде турдум" дебей балдарынызга бактылуу балалык жашоосун берин. Алыныз жетсе балдарынызды чогу багыныз.
01.08.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ишинизге ийгилик! Ден соолук, уй булоолук бакыт каалайм.
01.08.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Санжар ага азамат, эркек адамдын башына нээлер гана болуп өтпөйт, чыгармачылык ийгилик
01.08.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Биринчи аялы аябай жакшына, түшүнүктүү эле, интервью берип жүрүштү элего, сабыры түгөнсө керек байкуш...

Жашоо бир эле керек, жашоого ийгилик каалайм!
01.08.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Алпаруучубу" же "Алып баруучу" болобу?
01.08.2017. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kaary, экөө тең эле туура.
05.08.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Emkgupa, алпаруучу деген туура эмес. Алып баруучу деп жазылат.
01.08.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кырктан ашкан кишиге,мушташам,антем минтем,жулуп алам бир жерин деп маек берген жарашпайт экен. Интеллект деген жок.
01.08.2017. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Nanei, Интеллект болуш үчүн акыл керек; Акыл болуш үчүн билим керек; Билим болуш үчүн окуш керек. Эми 40ка чыкканда окуйм деп калыптыр, демек жакында интеллект да пайда болот.
asmera түзөттү 2017-08-01 15:02:29
01.08.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asmera,:)
01.08.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суйомда ушу санжарды♡♡♡♡♡
01.08.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул жалжандап эле ар жерде журчу,токтонгонуна деле коз жетпейт.Туура кыласын дин жолуна тушуп,турмодон чыккандар баары эле молдо болуп чыга келишет сага окшоп.20 жыл ошо озун туура ачык эле айтыпсын эшик ачып-жаап эле журсон керек чыгармачылыкта,ачык айтканыны бааладым укмуш ырчы элем дебей.
01.08.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай типтеги эркектерди бетайын(дайыны жок), ойу жок деп койобу. 40 чыкса дагы келечеке олуттуу карабайт ойлонбогон. Эми токтолуп жашоодо оз ордун тапсын.
01.08.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бир жылдан бери корбосо иши деле жок экенда баласы менен. Кантип тутот элдер билбеим,мен балам бираз корбосом куса боло баштайм. Же эркектердин жаратылышы ушундайбы,ойлобой журо беришет?
01.08.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Талант бар Санжар брат. Динге да, арака да коп берилбей, чыгармачылык менен журо бергиле. Ырларынар дагы жагат.
01.08.2017. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушу арак ичип мушташкандан башка бир онору деле жок окшойт. Кайсы гезитке интервью берсе деле ушу арак,мушташты эле соз кыла берет. Акыл эс деген да бир аз болуш керек да,кыркка чыкса деле эркемин дей бербей. Ужас.
01.08.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Конечно интервью бергиси келбей калат,кызык эч нерсеси жок болсо,талаалап уй булосун карабаса,чийилген пластинкадай болуп арак,мушташты эле айта берсе. Неинтересно.
01.08.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интеллект боюнча. "Девушка может уехать из деревни, а деревня из девушки НЕТ" деп Бекер айтылбаса керек. "Конгон адат калабы" дейин десем, мен билген бир Адам бар. Ал ошол жаман КОНГОН адатты калтырды. Ал Мыктыбек Арстанбек. Санжар байке, Ошол киши менен суйлошуп корбойсузбу. Балким жан дуйоннуздун чатагын ошол киши басып ьерээр.я уверенна.
02.08.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pchelka85,Койгулачы э. Мыктыбек Арстанбек качан онолуптур, же озу айттыбы?
02.08.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mentol,Мыктыбек Арстанбек убагынба теле алып баруучу болуп иштеп турган убагында туз эфирде МАС болуп коногун согуп койгон. Ананошол убактагы КТРнын жетекчилиги бессрочный оптускага жиберген. Озунун айтканы бар " эртен менен ойгонуп куранды окугум келди, и тушто мен уже намаз окуп баштагам". Мен бул созду укандан бери аз дегенде 10 жыл отту. Менин билишимче Мыктыбек Арстанбек до сих пор ичпейт. И дин жолунда.
02.08.2017. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Pchelka85,Мыктыбектин кандай адатын билесиң жазып койсоң биз да билейли,ар бир адамдын өзүнүн адаты,мүнөзү болот,бирөөнү сындагандан мурун,ошол адам баскан жолду басып көр,анан билесиң деген сөз бар,ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-02 14:08:31
02.08.2017. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оңолбойт,ичкиликти таштадым деп айта берет да журналистерге а элди алдай албайт,Гүлжигит м.н гастролдоп жүргөндө көрдүк го кантип жүргөнүн мунун жашоосуна караганда бомждуку өйдө болчу.Ал эми биринчи жубайы Рахат жеңе абдан жакшы аял эле,баласы Берадорду бир жылдан бери көрбөй эмне кылып жүрдү экен
02.08.2017. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzkyzy99,экинчиси Айчурок Сайпидинова окшойт Ош Гудагы лаборантка
02.08.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз ээми дин жөнүндө түшүнүк алып токтоло баштайсыз. Ийгилик.
02.08.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башкасы мейли го, бирок мойнундагы чынжырчалары анан турушу жакпады. Кечиресиздер
02.08.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Санжар кандай бсо да бактылууу бол ийгилик
02.08.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бек Борбиев окул атасы эле эмес беле...Жардам бербейт окшойт...
02.08.2017. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
күлкүнү келтирет го молдолор көбү сизодо молдо болот.кылгылыкты кылып коюп анан сакал коюп бирөөгө акыл үйрөтчү чала молдолордон болбосо эле болду да эми!
03.08.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым туура жол корсотсун сизге
04.08.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ичкени гана болбосо жакшы санатчылардын арасында
05.08.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ммм
06.08.2017. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец бул эркекче сөз болуптур кээ бир артистердей турмушун жашырбай ачык болгонун болгондой айтыптыр. Миң жашырганың м.н эл барибир билип алат
07.08.2017. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Раматылык атасынын атын булгаган эле бала болуптур. Суйлогон созу дайыны жок. Кыркка чыккан адам акыл калчап токтоо,маани маныздуу суйлобойбу. Арак ичтим мушташтым деп копкон баланын созун суйлобой.Жыргаткан талантын деле коро албадым ушул жигиттин жалжандаганынан башка. Трактор деген ырын уксам журок айланат эле.
07.08.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси болсо дс ачык суйлоптур жасалма болбой
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо