-
Республика боюнча жогорку окуу жайларга БЮДЖЕТТИК негизде кабыл алуу аяктап, 5440 орундан 421 орун бош калган. Ал эми контракттык негизде окууга кабыл алуу 25-августта аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
-
АЖЫЛЫК САПАРГА барчулардын алгачкы тобу 7-августта Бишкек жана Ош шаарларынан учуп кетет. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
-
1-сентябрдан тарта Бишкектин 11 мектебинде КӨП ТИЛДҮҮ билим берүү программасы пилоттук негизде ишке ашырыла баштайт. Ал үчүн атайын 132 окутуучу даярдалган.
-
1-сентябрда өлкө боюнча 100 жаңы БАЛА БАКЧА ишке берилет. Алардын 20сы Чүй облусуна таандык. Аталган объекттер Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен курулууда.
-
2017-жылдын алгачкы 5 айында ТЕМИР ЖОЛ транспорту аркылуу жүк алмашуу көлөмү 2016-жылга салыштырмалуу 10 пайызга өскөн. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу 6,7 пайызга жогорулаган.
-
Ички иштер министрлигинин жарым жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча, жалпы 12 миң 908 КЫЛМЫШ ИШИ катталып, анын 12 миң 209уна кылмыш иши козголгон. Маалыматты ИИМдин башчысы Улан Исраилов ачыктаган.
-
Жыл башынан бери республика боюнча өрт кырсыгынан 39 адам КӨЗ ЖУМГАН. Маалыматты ӨКМдан таратышты.
-
ЖАРАТЫЛЫШ ГАЗЫНА август айында метр кубу үчүн 14,39 сом төлөйбүз. Маалыматты “Кыргызстан Газпром” ишканасынан таратышты.
-
ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУ өткөрүү үчүн республика боюнча 2369 шайлоо участкасы ачылат. Анын 37си чет өлкөдөгү жарандарды тейлейт. Аталган чечимди БШК 31-июлда кабыл алган.
-
Жарым жылдыктын жыйынтыгы менен КОРРУПЦИЯЛЫК кылмыштуулук боюнча өлкөгө 139,7 миллион сомдук зыян келтирилген.
-
Июль айында Кыргыз өлкөсүнүн МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗЫ 24 миллион долларга өскөн. 31-майга карата берилген маалыматка караганда, жалпы мамлекеттик карыз 4 миллиард 243 миллион 52 миң долларды чапчыган. Бул тууралуу Каржы министрлигинен таратышты.
-
10-июлда өлкөбүздөгү ТЕЗ ТАМАКТАНУУЧУ жайлардын 75 пайызы текшерилип, 720 объект нормага жооп бербегендиги үчүн жабылган. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
-
2016-жылдын май айынан тарта 300 жаран арзандатылган ГЕМОДИАЛИЗДЕН пайдаланган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
-
Өлкө аймагындагы Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Аксы, Жети-Өгүз, Нарын райондорунун токойлорунда ӨРТ чыгышынын коркунучу жогору. Маалыматты ӨКМдан таратышты.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg