ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЧОТОНОВ 8 ЖЫЛДАН КЕСИЛДИ

№772 18-24-август, 2017-ж.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурунку өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата сот өкүмү чыкты. Экөө тең 8 жылдан эркинен ажыратылсын деген өкүм жазаны күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөө, үй-мүлкүн конфискациялоо, абактан чыккандан кийин 3 жылга чейин мамлекеттик кызматка иштөөгө тыюу салуу менен коштолду. Өкүмдү 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу чыгарды. Жактоочулардын айтымында, бул процесс саясий куугунтуктун негизинде ишке ашып, өкүм бир дагы далили жок, чет жердик жарандын көрсөтмөсүнүн негизинде гана чыгарылып, жактоочу тарап келтирген фактыларга, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө көңүл бөлүнбөдү. Андыктан Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары "сотко наалат!" деген кыйкырыктар менен нааразычылык билдирип тарашты. Жактоочулар шаардык сотко кайрыларын жарыялашты.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго 2017-жылдын 25-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) жана 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Алар «Альфа Телеком» («Мегаком») мекемесине байланыштуу орус ишкери Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталган.
 

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо