САПЫРЫЛГАН ИМАРАТ, ЫЙЛАГАН ИШКЕР...

№391 30-апрель - 6-май, 2010-ж.

Мезгил үнү

7-апрелдеги окуянын кесепетинен борбор калаада гезит сатуучу күркөлөрдөн тарта бут кийим оңдоочу жайларга чейин талкаланды. Ал эми мамлекеттин жүзү болгон Өкмөт үйү, Башкы прокуратуранын имараттарынын күлү көккө сапырылды. Бул боюнча учурда 116 кылмыш иши козголду.

Ак үйдү талап-тоноо мамлекетке канча зыян алып келгендиги туурасында Президенттин иш башкармасынын жетекчиси Турусбек Коёналиев мындай дейт: “Өкмөт үйү канча зыян тарткандыгы туурасындагы так маалымат жакында айтылат. 8 кабинет өрттөнгөн. Өрт бир кабинеттен экинчи кабинетке өткөн. Жер төлөдөгү 4 кампаны да өрттөшкөн. Анда жерге төшөлчү килемдер, желектер бар болчу”.

Өрттөн кийин калдайган эле карааны калган Башкы прокуратуранын жанынан «урап кетип, басып калабы?» деп өткөндөн да коркосуң. Бул имаратты изилдеп жаткан Сейсмотуруктуу курулуш боюнча илим изилдөө жана долборлоо институтунун директору Сейит Иманбеков кайрадан калыбына келтирсе болорун айтты. Курулуш планы катуу жабыр тарткандыктан, миллиондогон каражат сарпталарын кошумчалады. Талап-тоноочулардын курмандыгы болгон имаратта мамлекеттик деңгээлдеги баалуу документтер, кызматкерлердин жеке буюмдары, компьютерлер күйүп кеткен. Өрттөлгөн документтер боюнча да атайын комиссия иш алып барууда. Убактылуу өкмөттүн 9-апрелдеги чечими менен Башкы прокуратура азыр мурдагы Өнүктүрүү фондунун имаратына жайгашты.

Жогорку Кеңештин иш башкаруучусунун орун басары Жоробек Борбодоев: “ЖКнын имараты болжол менен
110 миллион сомго жапа чекти. 7-апрелде бардык кабинеттер бек эле да. Талап-тоноочулар кечки саат 6-7лер чамасында келишип, күзөт кызматында тургандарга ээ бербей, эшик-терезелерди талкалап ичине киришкен. Кабинеттердеги телевизорлорду, телефондорду, компьютерлерди, сейфтерди, кондиционерлерди көтөрүп кетишкен. Алып чыга албагандарын талкалашкан. ЖКнын отуруму өтчү чоң залдагы 2 таблону талкалашып, депутаттардын ноутбуктарын ала кетишкен
»,- дейт.

Жапа чеккен ишкер ижарачылардын санын, келтирилген зыяндын суммасын тактоо “Ишкер арендаторлор” коомдук уюмунун жетекчиси Бурулкан Усупакунованын моюнунда. Бул уюмга 7-апрелдеги окуядан кийин 530 адам арыз менен кайрылган.

Борбор боюнча 50гө жакын “Народный” дүкөндөрү бар. Талоончулукка учураган ишкерлердин чыгымдарын аныктоо жана аларга жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Чыныбай Акунов: “23 “Народный” дүкөнү таланган. Бирөө күйүп кеткен. Ээси азыр оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатат. Канча сомдук тамак-аш, буюм жок болгондугун «Народный» дүкөндөрүн товар менен жабдыган ишканалар эсептешүүдө. Так суммасы чыга элек”,- деп билдирди.

Зыян тарттым деген адамда төмөнкү документтер болгондо гана алардын иши кароого өткөрүлөт.

  • Товарлардын тизмеси жазылган документ;
  • Салык төлөп тургандыгы тууралуу документ;
  • Арендатор экендиги көрсөтүлгөн аныктама;
  • РИИБден арыз менен кайрылды деген аныктама;
  • Жеке ишкер болсо юридикалык күбөлүк.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
04.05.2010. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буну эми эмне десек болот? Ушунчалыкта айбанчылык болот экенда, бул келесоо бир акылы кем адамдардын кылганы го, жэ биздин мамлекеттин келечеги кызыктырбаган бир "мага баары бир" деген манкурттардын кылган иши го дейм, билбеймин буну кылган айбандарга, ылайыктуу да жаман соз жок.
05.05.2010. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол талап тоногодорду атса болмок! Туура айтасын ylduska, алар чынында манкурттар! Эмне дейбиз эми, кудайым озу жазаласын ким кылса дагы!!!
05.05.2010. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалыкка чейин барбай еле коюшса болмок, мунун баары качан калыбына келет? Туугандар бир нерсе кылардан мурун кичине ойлонуп анан иш кылалычы!
06.05.2010. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан да универде уят эле болдум.Силердин калкынар мынча кедей,ачкачылыктан дукондорду,соода борборлорун талап жатышат экен дешет.Газеталарда болсо "ишкерлердин соода борборлору эл тарабынан таланып жатат" деп байма-бай жанагы урандылардын суроттору менен кошулуп басылып жатат.Эшиктеги арча,гулдорунон бери казып кеткендер кантип уялбайт экен дейм.Бети жок болгон учун кызарбайт да ээ.
06.05.2010. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КЫРГЫЗЗЗ экенимен эч качан уялбайм,ар дайым тошум кагып сыймыктанам.А Кыргыззз болуп туруп ушул айбанчылыктарды кыулгандардан ото катуу уялам.Силер Кыргыззз деген ыйык созго татыбайсынар.Силер эки аяктуу айбандар.Башка соз жок.Кыямат куну,акыретте абалынарды элестете да албайм.Кудай ке4ирсин.
07.05.2010. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
муну нормальный адам жасабайт одни декари,алкаши наркомандар,бездельник айбандар жасашты да.Позор!
07.05.2010. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a mumkun oshol talap tonogondordun bir ekoosu okup jatkandyr. Men aitaar elem, tonogon buiumunar 1000 ese silerdi yilatyp, ech nersege jarytpasyn jana ozunordun da karajatynar 100 ese ustuno tolop aitoor den soolugunar menen chyksyn demekchimin. Kaisy betiner menen uurdadynar? Ylaiym ele uurdagan nersener silerdin den soolugunardy jogotup chyksyn!!! Chyn jurogumdon silerge kaalamakchymyn kelesoo uurular. Silerdi adam dep atoogo da bolboit. Azyr bolboso da Kiinki baldarynardan chyksyn!!!
10.05.2010. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу........
10.05.2010. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун баарына азыркы бийлике келип отургандар куноолу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо