БАБАНОВ БИРИНЧИ БАРА ЖАТАБЫ?

№773 25-31-август, 2017-ж.

Орусиядагы аттуу-баштуу REGNUM маалымат борбору орус бийлиги Кыргызстандагы президенттик шайлоого көз салып, 19-20-август күндөрү Өмүрбек Бабановду Орусия Федерациясынын президенттик администрациясы кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн жазып чыкты. Ага чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев биздин өкмөт башчы менен болгон жолугушууда “Казакстан кыргыз эли кимди шайласа, ошону менен иштеше берет” деп, биздин бийликтегилер күткөн сөздү айтпай койгон. Бул эми тыштагы өнөктөштөр боюнча. Ал эми “Шаман ТВ” аттуу жергиликтүү каналдын журналисти айтылуу “Ош базарына” кирип, андагы сатуучулар менен кардарларга “Президенттик шайлоодо кимге добуш бересиз?” деген суроо менен кайрылган. Жыйынтыгында Өмүрбек Бабанов – 29 добуш, Бакыт Төрөбаев менен Сооронбай Жээнбековго – 7 добуштан, Темир Сариев – 3 добуш, Адахан Мадумаров – 2 добуш алып, баарына каршы – 6 добуш берилген. SUPER.KG интернет сайтындагы добуш берүүдө да Өмүрбек Бабанов биринчи, андан кийинки орундарда Бакыт Төрөбаев менен Сооронбай Жээнбеков келе жатат. “Калк айтса, калп айтпайт” деген кеп бар эмеспи, күздөгү президенттик шайлоонун жыйынтыгы да ушундай эле болот көрүнөт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо