-

2017-жылдын 7 айынын жыйынтыгы боюнча, өлкө аймагында 3239
ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 6,9 пайызга көп. Аталган маалыматты ИИМдин Патрулдук милиция башкармалыгынан таратышты.
-
Бишкек шаарынын тегерегиндеги ЖАҢЫ КОНУШТАРГА 6 миңден ашуун үй мыйзамсыз курулган. Маалыматты мэриядан маалымдашты.
-
Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп КАНЫБЕК ЖУМАШАЛИЕВ дайындалды. Буга чейин ал ИИМдин Транспорттук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган.
-
Кытай Кыргызга 30 МЕДИЦИНАЛЫК ОБЪЕКТ курууну пландоодо. Мындай маалымат 18-20-августта Кытайдын Пекин шаарында өткөн саламаттыкты сактоо боюнча эл аралык симпозиумда белгилүү болду.
-
ИИМдин Башкы штабынын жетекчиси болуп ЭРКИН БАЕВ дайындалды. Буга чейин Баев Патрулдук милиция башкы башкармалыгын жетектеп турган.
-
2017-жылдын 6 айында республикалык клиникалык ООРУКАНАЛАРГА 38 миң 592 оорулуу кайрылып, 12 миң 951и бейтапканаларга жаткырылган. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен таратышты.
-
Автоунаа жана жер САЛЫГЫН ТӨЛӨЙ ЭЛЕК жарандар үчүн салык кызматкерлери 26-августта (ишемби) да жумушка чыкмай болушту. Жарандар саат 9:00дөн 17:00гө чейин салык органдарына кайрылса болот.
-
Кыргыз өлкөсүндө бир АК ИЛБИРСТИ өлтүргөнү үчүн 1,5 миллион сом айып пул салынат. Бул тууралуу ак илбирсти сактоого арналган эл аралык форумда билдиришти.
-
КУРМАН АЙТ майрамы 1-сентябрга туш келди. Ошондой эле 1-сентябрда республиканын бардык мектептеринде Билим күнү да белгиленет. Быйыл окуу жылы 4-сентябрдан башталат. Кыргызстандыктар ЭГЕМЕНДИК күнүнө жана Курман айтка байланыштуу 31-августтан 4-сентябрга чейин 4 күн катарынан эс алышат.
- БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТ тапшырган Кыргыз жарандарынын саны 2017-жылдын 24-августуна карата 3 миллион 1 миң 286 адамды түздү.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg