КАЗАКСТАН 41 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БӨЛДҮ

№773 25-31-август, 2017-ж.

Кыргыз өлкөсүнө казак өкмөтү жардам иретинде 41 миллион доллар бөлүү боюнча документке кол койду. 22-августта Ысык-Көлдө өткөн IV экономикалык форумда аталган сумма убадаланган 100 миллион доллардын бир бөлүгү экени айтылды. Биринчи этапта бөлүнгөн
41 миллион доллардын басымдуу бөлүгү айыл чарба багытына жумшалмакчы.
Эске салсак, 2016-жылда түзүлгөн Кыргыз Республикасы менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге ылайык, казак тарап жардам катары
100 миллион доллар бериши керек. Келген жардам Кыргыз өлкөсүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) талаптарына ылайыкташуусу үчүн сарпталуусу керектиги келишимде көрсөтүлгөн. Казакстандын экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун айтымында, жакында калган
59 миллион доллар кыргыз тарапка которулмакчы.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо