АТАМБАЕВ-МИРЗИЙОЕВ: ЭКИ ӨЛКӨ БАШЧЫНЫН ИШ САПАРЛАРЫ ПЛАНДАЛУУДА

№773 25-31-август, 2017-ж.

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга расмий иш сапары менен барат. Мындай маалымат 17-августта Бишкектеги кыргыз-өзбек өкмөт башчыларынын жолугушуусунда маалым болду. Президенттик аппараттын түшүндүрмөсүнө караганда, азырынча иш сапардын убактысы тактала элек. 22-августта Өзбекстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Комил Рашидов жакынкы арада өзбек президенти Шавкат Мирзийоев да расмий иш сапар менен Бишкекке келерин маалымдады. "Эки тарап иш сапарга даярданууда, убактысы да такталууда",- деди Рашидов.
Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын декабрь айында Өзбекстанга иш сапары менен барган. Ал эми Мирзийоевдин бул иш сапары президент учурундагы Кыргыз мамлекетине жасаган алгачкысы болот. Маалыматтарга караганда, өлкө башчылар эки тараптуу кызматташуудан сырткары мамлекеттик чек ара маселесин чечүүнү сүйлөшүшөт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо