БАШ МЭЭНИН КИСТАСЫ

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

Баш ооруларынын ичинде көрүүнү жана угууну начарлатып, колу-бутту жарым-жартылай шалга учураткан, ал тургай акыл-эстен тандырган оору бар. Ал дарт – баш мээнин кистасы.

Анын келип чыгышы, өмүргө коркунучу жана айыктыруу ыкмалары тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Советбек Сатиев баяндайт.

МЭЭНИН КААЛАГАН БӨЛҮГҮНДӨ ЖАРАЛАТ

Баш мээнин кистасы (барсылдагы) кеңири жайылган жана коркунучтуу оору. Киста – бул ичинде суюктук толгон барсылдак, ал мээнин каалаган бөлүгүндө болушу мүмкүн. Көбүнчө мээ менен аны каптап турган кабыкчалардын ортосунда жаралат (арахноидалдык түрү). Анткени ал жер назик жана сезгич келип, сезгенүүлөргө жана жаракатка кабылууга жакын болот. Бул дарт узак жылдар бою өзү тууралуу кабар бербеши мүмкүн. Башкача айтканда, акырындап оорутпай чоңоё берет. Качан гана чоңоюп калганда тегеректеги мээни кысып, оорунун белгилери билинет.
Киста курч кармаган жана өнөкөт болуп бөлүнөт. Ал эми жайгашкан жерине жараша 2 түргө ажыратылат. Арахноидалдык түрүн жогоруда айттык. Церебралдык киста мээнин өлгөн клеткаларынын ордунда, мээнин ичинде жаралат.

КЕЛИП ЧЫГУУСУНА КУРТ, КАН АЙЛАНУУНУН БУЗУЛУШУ СЕБЕПКЕР

Кистанын келип чыгышы төмөнкү себептерге байланыштуу:

  • Тубаса (түйүлдүк кезинде мээге кычкылтектин толук түрдө жетпей калышы. Кычкылтек жетпей өлө баштаган клеткалардын ордун организм суюктук менен толтурууга аракеттенет).
  • Баланын төрөлүү процессинде башынын кысылып калышы же врачтардын кулатып алышы.
  • Баш мээге кандын куюлушу (геморрагиялык инсульт).
  • Баш мээдеги шишик.
  • Мээнин чайкалышы, жанчылышы, гематома (кан уюп калуу), баш сөөктүн сынышы.
  • Мителик инфекция (мисалы, эхинококкоз).
  • Энцефалит (мээнин сезгениши).
  • Менингит.
  • Мээдеги кан айлануунун бузулушу.


ДАРТТЫН БЕЛГИСИНЕ КОЛУ-БУТТУН ЭРКТЕН ТЫШ КЫЙМЫЛДАШЫ, КУЛАККА ҮНДҮН УГУЛУШУ КИРЕТ

Оорунун белгилери бир топ.
Жаңы туулган балдардагы белгилер:

  • Эмгенден кийин кусуу.
  • Эмгегиндеги (родничок) кан тамырлардын лакылдап согуусу.
  • Чырланып ыйлоо, начар уктоо жана башка.

Чоңдордогу белгилер:

  • Көрүүнүн жана угуунун начарлашы.
  • Баштын кысылып оорушу, кан тамырлардын лакылдап кагышы.
  • Уйкусуздук.
  • Кыймылдын бузулушу.
  • Гормоналдык системдин бузулушу.
  • Колу-буттун жарым-жартылай шал болуусу же эрктен тыш өз алдынча кыймылдашы.
  • Психиканын бузулушу.
  • Булчуңдардын иштешинин начарлашы же булчуңдардын чыңалып турушу.
  • Кулакка ар кандай үндөрдүн угулушу.
  • Акыл-эстен тануу, калтырап-титирөө.
  • Көңүл айлануу, кусуу.
  • Аксап басуу жана башка.

Оорунун белгилери кистанын жайгашкан жерине жана өлчөмүнө жараша болот. Анткени мээнин ар бир бөлүгү дененин тигил же бул бөлүгүн иштетип, башкарат. Мисалы, кара куш мээде болсо адам тең салмагын жоготуп, темтеңдеп басып калат. Эгер кыймылга жооп берүүчү мээнин бөлүгүндө болсо, кол-бут жакшы кыймылдабай, бара-бара жарым шалдык күтүлөт. Эгер көрүүнү башкаруучу бөлүк жабыркаса, көз жакшы көрбөй баштайт жана башка. Кокус киста чоңоюп тегеректеги мээни кысып баштаса, анда оору белгилери көбөйөт жана оор түрдө болот. Эгер киста бар болуп, адам башынан жаңы жаракат алса же мээге кан куюлса, же кан айлануу бузулса, же инфекцияга кабылып дарыланбаса, анда оору татаалдашат жана өмүргө коркунуч туулат.

КИСТА ЖАРАКАТТАН БОЛСО ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ

Диагноз

  • Бул үчүн магниттик-резонанстык томография, кан тамырлардын допплери, компьютердик томография аркылуу текшерүү керектелет.

Дарылоо

  • Жаңы туулган балдардын 40 пайызга жакыны киста менен туулушат. Бирок ал бала 6-7 айга толгуча кетип калат. Кетпей калгандарына дарылоо жүргүзүлө баштайт.
  • Чоңдордо дарылоо кистанын өлчөмүнө жана келип чыгуу себептерине жараша жүргүзүлөт. Мисалы, киста мите курттан жана жаракаттан улам пайда болсо, анда операция жасалып, алынып салынат. Эгер менингит же энцефалит сыяктуу оорудан жаралса, анда антибиотиктер жана башка дары-дармектерди колдонуп, убак-убагы менен дарылашат. Башкача айтканда, консервативдүү дарылоо жүргүзүлөт. Мындай дарылоо менен кистаны кетирүү кыйын, андыктан врачтын көзөмөлүндө болуп 1 жылда 2 ирет текшерүүдөн өтүп, 2 ирет дарыланып туруу кажет. Врач текшерүүлөрдүн жыйынтыгына карап кистанын өлчөмүн (кичирейдиби, чоңойдубу) көзөмөлдөп турат.

ДАРЫЛАНБАСА МЭЭГЕ СУУ ТОЛОТ, ӨЛҮМ КҮТҮЛӨТ

Дарыланбаса гидроцефалия (мээге суунун топтолушу), мээнин сезгенүүсү жаралып, өлүмгө жетиши мүмкүн. Андыктан убагында дарылануу зарыл. Өзүн карап, оор жумуш жасабай, күнгө жана бийикке чыкпай, стресстен качып, унаа айдоодон алыс болуулары зарыл.
Оору жаралбашы үчүн жаракатка, ооруларга кабылуудан алыс болуп, спортко жакын болуу зарыл.

Кистанын келип чыгышына жараша дарылашат же операция жасашат

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
07.09.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкектин кайсы жерине барып билсе болот? Бар же жогун
08.09.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
учкуч болуу учун канча жаштан каерде окуп билим алуу керек билип бериниздерчи супер инфо
10.09.2017. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
cаламатсыздарбы менин 2жашаар синдим ушул оору менен ооруп келет.диогнозду 1жаш 6ай болгондо билдик.ага чейин жакшы болчу.азыркы учурда баса албай жормолоп калды.операция жасаталы десек наркоздон ойгонбой калышы мумкун дешти.бала кундон кунго начарлап баратат жардам катары кенеш бериниздер.москвага бурденко клиникасына да коргоздук.кайсы жерде кучтту врач бар башка олко болсо деле барат элек.эгер операциядан жакшы болот десе
06.03.2023. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы менде проблема башымдагы киста болуп жатат жана нерв системалар бузулуп жатат.эмне кылсак болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо