БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ ЧЕК АРАДА ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАК ТҮЗҮҮ СУНУШУН БЕРДИ

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.

Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келген Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жолугушту. Жолугушуу пикир алышуу менен коштолду. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бул жолугушуу ынтымактын бекемдешине чоң салым кошорун айтып, эки өлкөнүн кызматташтыгындагы жаңы барак ачылгандыгын баса белгиледи. Ошондой эле фракция лидери талаштуу чек ара аймактарындагы көйгөйдү жөнгө салуу боюнча Шавкат Мирзийоев чечкиндүү кадамдарды таштагандыгын да кошумчалады. Мындан сырткары элдин ары-бери эркин катташуусуна мүмкүнчүлүк түзүп, визаны алып салуу керектигин, бул өлкөдөгү экотуризмди өнүктүрүүгө жол ачарын белгиледи. “Өзбекстандын жарандары биздин Арсланбап, Кара-Шоро, Сары-Челек жана башка курорттук зоналарыбызга келип, эс алып кетүүлөрүнө өбөлгө түзүлөт” деди. Муну менен катар, Бакыт Төрөбаев эки өлкөнүн жарандары товарлар алмашуу жана сатуу иштерин жүргүзүп турушу үчүн чек арага эркин экономикалык аймак түзүүнү Шавкат Мирзийоевге сунуш кылды. Жыйынтыгында бул маселелердин баары эки тараптын тыгыз кызматташуусунун негизинде чечилери белгиленди.


Аман Алиев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо