ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТ НААМЫНА КИМ ТАТЫКТУУ?

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.

Үстүбүздөгү жылдын 31-август күнү маданият кызматкерлерине, алардын ичинде ырчы Самара Каримова, Гүлжигит Сатыбеков, Нурайым Азыкбаевага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. Ошол күндөн бери мамлекеттик сыйлыктарга маданият кызматкерлери кандай критерийде көрсөтүлүп, тандалып жатат деген тема талкууда. Ушундан улам маданият жана искусство тармагында эмгектенген инсандарга «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ким татыктуу?» деген суроо менен кайрылдык.

ЭГЕМБЕРДИ ЧАЛАБАЕВ, актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:


– Наамдар маданият талаасына өмүрүн сайып койгон, кыргыз искусствосу өлбөсө экен деп кызмат кылып келаткан инсандарга берилиши керек. Эбак эле Эл артисти наамына татыган Марат Жанталиев, Өмүрзак Токтомуратов, Айнура Тургунбаева, Руслан Курманалиев деген актёр, актрисалар жүрөт. Ушулардын эмгегин көрбөгөндөн кийин башканы айтып эмне кереги бар? «Жаштарга бериш керек» дешет. Ыйман менен жашап жүргөн аксакал актёрлорубуз картайганда талаада калат бекен? Бул болгону кагаз да. Театрдын жан дүйнөсүн сезе билген инсандар бул тууралуу баш көтөрүп айтат бекен десем, эч ким үн катпайт. Ушундан улам театрдын жетекчиси катары артисттердин көзүн карай албай жүрөм.

МУРАТ МАМБЕТОВ, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти:


– 50 жашка чыккан кыйын артисттер наам албай жүрүшөт. Алар бирөөгө кошомат кылбаган чыныгы таланттар, жылкы союп берип, тааныштарды ортого салышпайт. Эмгеги сиңген артист эмес, маданияттын мыкты кызматкери деген сөзгө татыксыздар алып жатышат. Комиссия маданиятты түшүнгөн адамдардан куралып, Ак үй, өкмөткө тийиштүү адамдар кийлигишпесе жакшы болмок. Канчалаган образдарды жараткан белгилүү Марат Жанталиев ушул убакка чейин наам ала элек. Наамды татыктуу адамдарга беришсе элдин азыркыдай кыжыры келбей сүйүнмөк да.

ГҮЛНАРА КАХАРОВА, ырчы:


– Мен «эмгегим сиңип калды» деп документ топтоп бир дагы жерге барган эмесмин. Негизи, татыктуулар толтура. Мисалы, Токтобүбү Черикчиева, Мерген Турган. Мага сыйлыктын кереги жок, болгону акыйкаттын жоктугуна күйөсүң.

КЕНЖЕ ДҮЙШЕЕВА, ырчы:

– Чыгармачылыкта эмгектенгениме 23-24 жыл болуптур. Ушул наамга документтеримди жыйнап сунуштоодон уялып, өзүмө сын көз караш менен карап жаткам. Бирок акыркы көрүнүштөр адамды кыжалат кылбай койгон жок. Улуу муундагы Шахрезада Аскарова, Гүлнара Кахарова, Токтобүбү Черикчиева, Мерген Турган сыяктуу адамдар бар. Алардын артынан биз келе жатабыз. Наамды берердин алдында бардык тарабын карап, канча жыл эмгектенгенин эске алышса.

КАНЫКЕЙ, ырчы:

– Бул наамга өзүмдүн агайым, көп жылдан бери маданият тармагында эмгектенип, керемет ырларды аткарып келе жаткан Токтобек Асаналиевди ылайыктуу көрмөкмүн. Талантты татыктуу, татыксыз деп бөлүүгө акым жок. Өзүм аталган наамды алуу жөнүндө 15 жыл эмгегимди сиңирген соң ойлонуп башташым мүмкүн.


ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ,
режиссёр:


– Наам берүү бул бийликтин өздөрүнө элдин көңүлүн бурдурчу системи. Татыктуулардын баарына берүү мүмкүн эмес болуп, нааразычылыктар көп чыгат. Кимде-ким наам алгысы келсе жагалданып, жалынсын. Мен дайыма эле айтып келем, жаш өткөндө пенсия менен кошо берип, анан ал адамдарды мамлекет карамагына алса, азыркы чыгармачыл адамдар кийинки жашоосун эстеп ошого иштемек. Азыркы ырчы-чоорчулардын 60 жашка чыга электери бул наамга татыксыз деп эсептейм. Ал эми кино жаатында акыркы он жылда оператор, сүрөтчү актёрлордон наамдарды алып эле жатышат.

ЗАКИРБЕК ДҮЙШӨНБЕК УУЛУ, комузчу:


– Мени 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына сунушташканда баш тарткам. Анткени устаттарым Руслан Жумабаев, Рахат Көчөрбаев сыяктуу эмгеги качан эле сиңип бүткөн агайлардын башын аттап кете алган жокмун. Азыр да эртелик кылат деп ойлойм. Бул наамды алууга бери жагы 20 жыл эмгектенип, эл аралык сынактарга катышып мамлекетибизди таанытып жүргөн инсандар татыктуу. Андайлар көп эле. Ошолордун эмгегин көрүп, баалай алчу чоңдорубуз жетишсиз болуп жатат окшойт.

ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ, ырчы:


– Өзүмдү Эмгек сиңирген артист болууга жашмын деп жүргөм. Бирок көпчүлүктүн мен тууралуу ойлорун билип, «Ильяз деген ырчы бар эле, ал дагы алса жакшы болмок» деп ойлонуп баштадым. Эмгектене берсек бизге дагы берилип калар.


ОМАР
, ырчы:


– Мен Эмгек сиңирген артист наамын сөзсүз түрдө улгайганда алуу керек деген ойдон алысмын. Бирок улуу муундагы эмгеги сиңген адамдардын унутта калуусуна да каршымын. Жаштарга келсек, чет өлкөдө мамлекетибиздин желегин желбиреткен Кайрат Примбердиев, Жийдеш Идирисова, бизде эле эмес, казак эли сыйлап, ырларын аткарып жүрүшкөн Ильяз Абдыразаков жок дегенде президенттин Ардак грамотасын алышат деп күткөн элем.


АТАКТУУЛАР ИНТЕРНЕТ АЙДЫҢЫНДА ЭМНЕ ДЕП ЖАЗЫШУУДА?

Белгилүү инсандар да интернет тармактарында өз ойлорун жазып калтырууну улантышууда.

ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШОВ,
ырчы, обончу:


– Ой, Болот ака! (ред: ырчы Болот Токтобаевге кайрылууда) Сизге айттым эле "күнүмдүк ыр жазыңыз" десем, "таза сүйүүнү, ыйык махабатты ырдайм" дейсиз. Мына, "элдин балдары эмгек сиңирдик" сиз жүрөсүз, "Адамдар бирөөгө кор, бирөөгө зар" деп коюп. Экөөбүз "дүмбүл саткан сары кыз" деген ыр жазбасак репутацияга доо кетирдик. Президенттин указына ылайык, наам алгандарды чын жүрөктөн куттуктайм! Ишиңиздер илгери болсун!


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАР ЖАНА НААМДАР ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМЫ

2017-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдары» жөнүндө кабыл алынган 14-беренесинде төмөнкүдөй жазылган:
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ардак наамы маданият жана искусство жаатында кеминде 15 жыл иштеген, ашкан көрүнүктүү чыгармаларды жараткан учурларды кошпогондо, театр, музыка, кино, теле жана цирк искусствосу жаатында жогорку көркөмдүктөгү образдарды, жалпы элдик таанылууга ээ болгон спектаклдерди, кинофильмдерди, телефильмдерди, музыкалык чыгармаларды жараткан мыкты кесипкөй артисттерге, дирижёрлорго, режиссёрлорго, операторлорго, сүрөтчү-коюучуларга, кийим боюнча сүрөтчүлөргө, үн операторлоруна, хормейстерлерге, балетмейстерлерге, музыкалык аткаруучуларга, концертмейстерлерге, элдик чыгармачылыктын чыгармаларын аткаруучуларга, музыкалык, хор, хореографиялык жана башка жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат.


Нуркыз Курманбек кызы,
Айсалкын Качкынбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(82)
13.09.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Наамдын баркы кеткен Заман болдуго. Кечеки бели бешиктен чыга элек чимкириктерге наам сатылып. Наамга татыктуу, 20-30 жылдан бери талыкпай ыр жазып, обон жаратып келген ага эжелерибиз толтураго. Бирден атын атайтурган болсок наам ала элек ырчы, куудулдарыбыз коп, болгондода улуу муундагы инсандарга. Анан биздикилер козу тируусундо наам берип сыйлабай, козу откондон кийин ойгонуп эстерине келишет.
13.09.2017. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Самарага болсо эми соз жок. Мурду кыйшык болсода байдын баласы суйлосун дегендей болду бул жагы. Самаранын же озунун бир чыгарган ыры жок эски ырларды жанылап алып ырдап журот. Онтогуз кундоп концерт берип, тойлордо ырдап жургону учун алдыбы наамды...?
13.09.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Абдан окунучтуууууу самара каримованын алганы азыкбаеваны айтпай эле койсок болот
13.09.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Темага жооп: Атай Өмурзаков бийчи бала татыктуу! Канча өлкөгө КРнын желегин желбиретип журөт, топтогу балдарга " Мыкты кызматкер" наамын берсе да болот ар бирине керек болсо. Өткөн жылы бердиби "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белгини Ирлан Таалайбековко. Кана эми ошол бала? Эмне кылып кыйратып жатат? Сыйлык бергендердин ичинде бир да адам жокпу чындыкты суйлогон....!
13.09.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Leilek-razzakov,туура
13.09.2017. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушунча болуптурда барибир Эл тааныган аттарын айтбасамда эл билет ошолорго бербегенден кийин жок дегенде Кайрат Жийдеш ошолорго берсе болмок.Самара эч Ким эмес уят.Кантип уялбай айтышат кутуусуздон уктум дешип документерин эмне чон аталары чогултуптурбу .Эгерде чын эле наамга сыйлуу болсо чындыкты айтышат ооба документ чогултуп тапшырдык дешип
16.09.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Azatbek8 туура айтасыз. Наамга да документтерди чогултуп тапшыруу керек. Наам алгандар ачык эое айтышса болмок озумду сынап эле тапшыргам деп жок дегенде кичине ишеничтууроок болмок. Документ тапшырбастан эле конверт тапшырышкан окшойт булар
13.09.2017. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Гулжигит байке гана таттыктуу болчу
13.09.2017. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айжамал Кабылова
13.09.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туугандар негизи коп жылдан бери эмгеги синип,эл тааныган,таланты бийик адамдарга берилиш керек эле да.Азыркы Анжелика анан Самара ж.б эч нерсе эмес,жанагы "Албарсты мени басты"деп ырдаган ХХХ беришет жакында.
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-14 10:13:37
14.09.2017. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Самара Каримова татыктуу эле бирок эрте берилди наам!Гулжигит Сатыбеков болсо эчак эле эмгеги синди. А Ильяз Абдразаков,Омар,Кенже Дуйшеева,Гулнара Кахарова,Каныкей,Айжамал Кабылова ж.б.у.с таланттуу ырчылардын эмгеги эчак эле синген!Аталган ырчыларга четинен наам бериш керек!А Асель Турдалиева деген эмгек синирген ырчыбыз деле 5-6 ыры менен эле наам алган!Асель Турдалиеванын жеке концертин бергенин уккан эмесмин даже!
14.09.2017. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч бирин татыктуу деп ойлобойм, Гулжигит Сатыбековдон башка кимисинин бир тузугуроок, маанилууроок ырлары бар? Азыркы чыгып жаткан ырлардын биринин да бир маани манызы жок , кунумдук , ашып кетсе 1 айлык ырлар, маанисин талдап келсен тантырак создор. Самара аман эле болсун, ушул силердин гезитинерден эле окуп Самара деген атын ырчы экенин билбесем, анын эч кандай эмгегин билбейт экем козго корунгон.
14.09.2017. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ильяз Абдыразаков деле татыктуу болчу
14.09.2017. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кийинкисинде албарсты деп ырдагандарга бербесе эле болду деп турам
14.09.2017. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
beklan.kz12, жакшыраак "бийлеп" коз сузуп коюшса берет коросун
17.09.2017. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
beklan.kz12,
14.09.2017. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Самар Каримова чындап эле сенин ырынды эч ким деле укпайт, озундун тааныштарындан башка. Андан коро А.Кабылова, К.Дуйшеевалар татыктуу эле. Ушунча элдин назарына калбай баш тартып деле койсон болмок. Бул наам жукпайт деле болуш керек баары нараазы.
14.09.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
14-беренеге куйоосу же аялы "майлуу" жерлерде иштеп, кошоматты жакшы кылгандарга,сыйлык алыш керек деп акчасын аябай бергендерге,ошондой эле атка минерлердин дос-чараларына,туугандарына, Эшматтын,Ташматтын жана Асандын, Усондун жаш аялдарына деп кошуп коюш керек экен. "Акчан болсо калтанда,талтанда да талтанда" деген заман болуп калды,Эмгек синирген же ал артистин алуу учун куудулдар айтмакчы: жээ акчан коп болуш керек жээ ондуу-тустуу болуп чондордун алдында кыйшандап бе
15.09.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asyl10,хахасынго сен куудулдарданда отуп кетиптирсин сагада бериш керек экен
14.09.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"Тойлордо эмгек синирген аткаруучу" деген жаны сыйлыкты чыгарыш керек ресторандардан башы чыкпаган Самара Каримова, Айгерим Расул кызына ошол ылайык негизи.
14.09.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бирок супер инфо кечээги туз эфирде эмне учун суроолорду окубай койдунар же силер деле Асан акадан тартынып корктунарбы?Ырас туз эфирби элдин берген суроосун окууга тийиш эленер???
15.09.2017. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Наам канча турат экен?козду жумуп мен да алып койоюун.атасынын кору.
15.09.2017. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Самара наамга татыктуумун деп эч ойлобо
15.09.2017. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айжамал Кабылова эмгек синирген наамды сатып алышкан экен Самара Каримовалар Айжамал Кабылова айтип койдуго.
15.09.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыйкаттык жок.Тааныш билиш тажатып бутту
16.09.2017. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз инстаграм баракчанарга ой калтырдык эле,аларды эч ким деле конулго албаган го сыягы...15жыл кеминде десе анда,чын эле акыйкатсыздык болуптур сыйлык ээлери.Бираз иштегенче куто турушса татыктуу эле болчусунар негизи,эмгеги синип 15 эмес 35 жыл эмгектенип келаткан устаттарды сыйлап ордунарга ошолорду корсотуп,комоктошуп улгу болсонор кана эле?Сооп болмоктур,аттин!Кантсе да авансты ашыгы мн тологуло эми,ошончо акыйкат деп боздогон элдин кадырын сыйлап.Таланттууларга,адилеттуулорго таазим!
16.09.2017. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гүлжигит Сатибеков татыктуу деп эсептеймин чыныгы талант. А Самарараны айта турган болсок,билбкйм эмне деп айтышты сөз жок короче,уялам кадимкидей эмне кылганына алды болду экен деп,эски ырларды ырдап чыкты болгону. Маданияттын мыкты кызматкерин берсе маакул дейт элек,уят уят эле. Самара наамыңдан баш тарт,кадырың ошондо өсөт эмгектен жаңы ырларды жаздыр иште,жолдошумдун доорунда жыргап жүрө берем деп ойлоп жатасыңбы,анткениң болбойт уят деген болуш керкк адамда!!!
Sanjar96kgz түзөттү 2017-09-16 09:00:23
16.09.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Самара Каримова кайсы эмгегине алды?Кыргыз маданиятына кантип эмгек синди,маданияттын кайсы тарабын которду?качан?Озуно таандык,сыйлыкка татыктуу ырлары кайсылар,Айтып койгулачы бай болгурлар...
17.09.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
президент кандай болсо.азыркы наам алган ырчылардын денгээли ошондой да.Бакиевтин убагында спортсмендер которулгон болчу.дуйного таанытып Кыргызстанды
17.09.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самарага бербей эле койбоптур ,берген адамдар озун кулку кылып алышты .Кече бешиктен чыккан ырчы ,озунун ыры барбы экен ?
17.09.2017. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
президенттин вкусундагы ырчылар булар точно.озуно да наам берип койсо вообще супер болмок
17.09.2017. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Самара Каримова менен Гулжигит Сатыбековдун ундору жагат.Экоонун тен таланты кучтуу.Маанилуу чыгармаларды ырдашат. Каримованын уну булбулдай сонун.Чыккандарына коп жылдар болбосо да жакшы иштешти . Ундору жетпей ырларга эптеп ырдап жургондор деле барго .
18.09.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эмнеге бир эле Самарага эле асылып алдынар. Нурайым Азыкбаева дагы эрте алды .Нурайым да татыктуу эмес. уят уят уят
19.09.2017. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамлекеттик сыйлыктын деле баркы кетип калганбы деп ойлоп кеттим ким каалаган ала берсе болот окшойт
21.10.2017. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурайымга берсе болот.чындап татыктуу.берки экоонун кайсы эмгеги синиптир.наамдын баркы кеткен кошоматчылардын заманы болду го.аттин
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо