«МУРАС» АНСАМБЛИ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДАН БАЙГЕЛҮҮ КАЙТТЫ

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.

Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн XI эл аралык «Шарк Тароналари» салттуу музыка фестивалында кыргызстандык «Мурас» фольклордук ансамбли экинчи орунга ээ болушту. Аталган фестивалга 58 мамлекеттен 280 өнөрпоз катышкан. Сынакка катышкан «Мурас» ансамблинин мүчөсү, атактуу музыканттар Ишенбек Календаров менен Гүлзат Байзакованын уулу Эмилбек Ишенбек уулу буларга токтолду:
«Сынакта биз «Койчулардын коңур күүсү», «Эсимдесиң», «Чайкама» жана «Жаңылык» деген күүлөрдү темир, жыгач, ооз комузда аткардык. Калыстар тобунун айрым мүчөлөрү ордунан туруп кол чаап, жылуу кабыл алышты. Сынактын жыйынтыгында 2-орунду багындырып Ардак грамота жана 5000 доллар акчалай байге алдык. Буга чейин аталган фестивалга Кыргыз жергесинен барган өнөрпоздор байгелүү орундарга илинбеген экен. Биздин жеңишибиз эң алгачкысы болду. Бул жеңишибизди биз арабыздан өтүп кеткен досубуз, комузчу Канат Токтобек уулуна арнайбыз».

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(2)
12.09.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сыйлык кут болсун
15.09.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар онорунор оркундоп коптогон чет олколордо эн алдынкы орундарды алып Кыргыз атын даназалап Кыргыз желегин желбирете бергиле. Мына ушундай онорпоздопго бергиле наамдарды грамоталарды. 58мамлекеттин ичинен экинчи орунду алыш оной эмесда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо