БШК 13 ЖАРАНДЫ ТАЛАПКЕР КАТАРЫ КАТТАДЫ

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.

Учурда БШКга президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз берген 59 жарандын бир тобу тизмеден чыгарылды. Алардын көпчүлүгү жарандардын колдоо колдорун чогулта албаган болсо, айрымдары мамлекеттик тил сынагынан кулаган, айрымдары шайлоо фондун түзүүгө жетишпеген. Бир топ көрүнүктүү талапкерлердин калктан чогулткан кол тамгалары БШК тарабынан жараксыз деп табылууда. Мындай жоопко туш болгон талапкерлер чечимге нааразычылыгын билдирип, “саясий буйрук” деп атап, сотко кайрыла турганын жарыялашууда. БШКнын маалыматына караганда, чогултулган кол тамгалар бири-бирин кайталап, айрымдары жарандыгы жок адамдардын маалыматтары менен толтурулган.
Учурда “президенттикке талапкер” деген БШКнын күбөлүгүн 13 жаран алды. Алар: Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Сооронбай Жээнбеков, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Азимбек Бекназаров, Камчыбек Ташиев, Таалатбек Масадыков, Улукбек Кочкоров, Арстанбек Абдылдаев, Токтайым Үмөталиева жана Арсланбек Малиев.


6-сентябрда парламенттин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековду БШК талапкер катары каттоодон баш тартты. Экс-спикер БШКнын бул чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрыларын маалымдады. Буга чейин Жогорку Сот Келдибековдун соттолгон деген статусу ушул жылдын ноябрында жоюларын жарыялаган. Мыйзамга ылайык, соттолгон жарандар президенттикке талапкер боло албайт. БШКны сотко берүү ниетин Исхак Масалиев да билдирип, ал чогулткан кол тамгаларды жараксыз деп тапкан чечимге нааразы болууда.

Өлкөбүздө президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо