Марат Жанталиев, актёр: «САЯКБАЙДЫН РОЛУН КУУДУЛ КАНТИП АТКАРАТ ДЕП ПРОДЮСЕРЛЕР МАГА КАРШЫ БОЛУШКАН»

№776 15-21-сентябрь, 2017-ж.

– Марат агай, саламатсызбы? Жакында тартылып бүткөн «Саякбай» тасмасында улуу манасчынын ролун аткардыңыз. Роль сизге кандайча тийип калды?
– Саламатсыңарбы? Мени кесиптештерим, тааныштарым «сен Саякбайга окшошсуң го, барып көрбөйсүңбү» деп жатып кастингге жиберишкен. Барганда эле кинонун режиссёру Эрнест Абдыжапаров «Саякбайдын ролун аткарганга даярсыңбы?» деди. Бул да болсо режиссёрдун көрөгөчтүгү болсо керек, мага чейин кастингге келген бир нече актёрдун ичинен мага көңүлү түшүптүр. Жыйырма жаштын тегереги болсо керек, Мелис Убукеевдин «Улуу манасчы» деген киносунда Саякбай Каралаевдин ролун аткарган болчумун. Ошол кинодон үзүндү монолог айтып бердим. Режиссёр дароо «Марат, мен сени тандадым» деди. Бирок продюсерлер «Марат Жанталиев куудул да, Саякбайды кантип аткарат?» деп менин талапкерлигиме каршы чыгышып, анын айынан эки жолу чогулуш болуптур. Баары бир жыйынтыгында мен ойнодум.

– Кинодо Саякбай атабыздай эле толук көрүндүңүз, атайын салмак коштуңузбу?

– Мен кастингге барганда 70 килограмм болчумун. «Съёмка башталгыча толуп кел, болбосо манасчыга окшошпой каласың» дешти. Ал учурда гастролдо жүргөнбүз. Кээде ач калабыз дегендей, салмак кошпой эле кайра арыктап келиптирмин. Анан тамакты даамдуулап, майлуулап жей баштадым. Эч нерсени ойлобой, бейкапар жүрө бердим. Натыйжада 16 килограммга толдум.

– Буга чейин чалагайым адамдардын ролун да көп аткардыңыз, кимисин ойноо татаал?

– Чалагайымдардын образын ачып берүү, окшоштуруу, жеткире ойноо, көрөрманды ишендирүү бир топ эле оор. Бирок жөнөкөй адамдардын образын ачып берүүдө «кандай ойноп жатам, окшоштубу?» деп ойлонбойсуң, сарсанаа болбойсуң. Ал эми тарыхый инсанды ойноо бардык жагынан оор экен. Саякбай атабыздын ролун жаратууда бир топ бушайман болдум. Бирок, чынын айтайын, бетиме грим жасап, костюмду кийгизишкенде эле өзүмдү көзөмөлдөй албай калдым. Бардыгы менин оозума, колума сала бергендей шар болду. Сүйлөгөнүм өзүнөн-өзү кетти. Кенедей да тоскоолдук болгон жок. Балким, улуу манасчынын арбагы колдодубу, ким билет. Бүркүттү да өмүрүмдө кармап көргөн эмесмин. Аны менен 10 чакты күн жүрүп өзүмө көндүрдүм. Учурунда билинген эмес, ал кишинин ролун коркпой кантип аткардым деп эми коркуп жатам.

– Улуу манасчынын ролун аткаруу менен ал кишинин арбагын козгоп койдуңуз, түшүңүзгө кирген жокпу?
– Чынын айтайын, андай эч нерсе болгон жок. Мелис агабыздын киносунда ойногондо эле «Саякбайдын ролун сен аткарасың» деп мага буюруп койгон окшойт.

– Эң көп тапкан гонорарыңыз канча болгон?
– Эң чоң гонорарды «Саякбай» фильминен алдым, канча экенин айтпайм.

– Учурда жашообузга виртуалдык дүйнө деген түшүнүк кирген. Интернетте активдүүсүзбү?
– Активдүүлөрдүн катарын толуктачумун. Бирок WhatsApp`ты калтырып, башкасын өчүрүп салгам. Тажатып жиберишти. Уктайын, сахнага чыгайын, тамак ичейин деп жатсаң деле кайра-кайра чалышат, СМС жазышат. Үнүн өчүрүп салсам, телефонум жарылайын деп калат, анан бардык социалдык тармактардагы баракчаларымды өчүрүп салгам. Бирок баары бир керек экен, бүгүн кайра ачтым.

– Өзүңүздү мекенибиздин патриоту деп эсептейсизби?
– Кыргыз болуп Кыргызстанда туулганыма сүйүнөм. Мекенимди сүйөм. Мен Орусияда же Казакстанда туулсам ал жакта деле өз мекенимди сүйгөн патриот болмокмун. Мен ушул турган турпатым менен патриотмун. Патриот болгон үчүн көчөдөгү кичинекей кагазды да алып таштанды челекке салам. Канча айлык албайын топук кылып, башка кесиптин эшигин какпай, чет өлкөгө кетпей иштеп келе жатам.

– Өткөнгө көз салганда эмнени сагынасыз, балким, жаштыгыңызды?
– Жаш кезин ким сагынбайт? Андагы сүйүүнү, сүйүүдө күйүп-жанган мүнөттөрдү, жолугушууга шашылган күндөрдү ушунчалык сагынам. Бирок ал кездеги сүйүү өчкөн жок. Ал сүйүүм балдарымда, жубайымда. Атам менен апамды, алардын жаш кезин сагынам. Атамдын көзү өтүп кеткен. Алланын буйругу экен, иним да о дүйнө салды. Азыр ашын берүүгө даярданып жатабыз.

– Өзүңүзгө кайсы сапатыңыз жакпайт?
– Жөнөкөйлүгүм, анан ишенчээктигим жакпайт. Ушундай адам экенимди кийинчерээк түшүндүм. Өзүмдүн үстүмдөн ушул сапаттарымды жоёюн деп иштеп аракет кылып эле жатам, бирок болбойт экен. Алданганымды айтсам көптөр таарынат го. Көптөр деп коём, окуяга тиешеси барлар дегеним. Көчөдөгү шылуундарга да канча алдандым. Бир жолу стакандардын ичине шариктерди катып ойнотуп жаткандарды кызыгып карап калдым. Бирөө мени карап «шарик мобул стакандын ичинде, ачыңыз, ачыңыз» деди. Мен да ошону болжоп турдум эле, тигинин шыкагы менен ачып жиберсем эч нерсе жок. Ошону менен томсоруп туруп калдым. Мен оюмду жыйгыча бирөө колумдагы күмүш шакегимди чечип кеткен.

– Эгерде дүйнөлүк жылдыздар менен киного бирге тартылуу сунушталса кимди тандайт элеңиз?
– Андай сунуш түшсө «Титаник» тасмасында ойногон Кейт Уинслет менен өнөктөш болмокмун. Нурбек Эген тарткан «Атанын керээзи» тасмасында Изабелге арак ичирип салган адамдын ролун жаратпадым беле, ошондогу Наташа Ренье менен чогуу бир тасмада роль жаратканыма кубанам.

– Жакында эле көпчүлүк артисттерге наам берилди. Айрымдардын сизди татыктуу деп айткандарын уктум, жазгандарын окудум. Сиздин оюңузду да уккум келип жатат.
– Качан эле таланттар убагында бааланчу эле? Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов деген жылдыздарыбызды учурунда ким баалап, барктап алган? Негизи эле бул илгертен келе жаткан илдетибиз окшойт. «Өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт» деген элибизде таамай айтылган сөз бар. Адамдын баасы, баркы, эмгеги жаш өтүп калганда же көзү өтүп кеткенде эмес, жаш кезинде бааланышы керек. Жаш артисттерге берилип жатканын колдойм.

– Рахмат маегиңизге, ишиңизге ийгилик.

«Жубайым Аселдин үй тиричилигин колго алып, балдарды тарбиялаганы эле мага чоң жардам, колдоо».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(38)
19.09.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Молодец агай сиз тарыхта калчу зор образды жараттыныз баракаЛлаху
19.09.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Чыгармачылык ийгилик. Жакшы ролдорду жараткан актерсуз. Бирок созунузго аралжы, арбак эмес Аллах колдойт.
19.09.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Чындыгында аябай окшошуптурсуз соз менен жеткире албайм. ишинизге ийгилик ден соолук узун омур каалайм. артынызга очпос из калтырыптырсыз. Сизге ушул рольду туура коргон адамда мыкты коргооч адам экен.Ийгилик
19.09.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Эн мыкты актерубуз, дудук болуп барып ууруну кармаган образын аябай баалайм жеткире аткарган,жонокойлук сапатынызды жоготпонуз
19.09.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бар болунуз!
19.09.2017. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Мыкты талант, мыкты актёр, наамды алыш керек болчу, Саякбайдын рольу учун да эмгекти, талантты сыйлап Т.Казаков агайыбыз озу демилге которуп Марат агайга наам берип койсо элколдоор эле. Ондуу-тустуу,акчасы,таанышы барларга эле беребербей наамдын баркын кетирип. Негизи Марат агайга министр менен окмот бергиси келбесе,эл качаан эле эл артист катары билет М.Жанталиевди.Сахнанын туйшугун тартпай эле бироонун 2 ырын аткарып коюп алып жатышат го бешиктен бели чыга элек,нанды "нана" деп жу
19.09.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кейт Уинслет дейт го )))
19.09.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+93
Келгиле элдин атынан эл артисти деле наам беребиз .Эл Тараза эл сынчы деп ..Супердин колдонуучулар чогулуп уюштурбайлыкпы Оскар деп.Элдин атынан Оскар берипчи))) соон болмок ээ
19.09.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Ziasuiunbekovaнын айткан оюуна кошулсаныздар анда "+" белгисин басууну унутпаныздар.
akkyzmild86 түзөттү 2017-09-19 14:10:06
20.09.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
akkyzmild86,келгиле чындап эле активдуулор чогулуп Оскар деп наам беребиз )))ойлонуштурабыз бир нерсе кылалычы.телефондун аркасында талкуулап олтурсан куйуп бышсан деле тээтиги чондорго жетпейт экен
20.09.2017. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ziasuiunbekova,ооба ойлонолучу. Урматттуу окурмандар жардам бериниздерчи. Кимде кандай ой бар? Чыныгы таланттууларды калын эл барктабаса, чондор барктачудай эмесго. Бир эле Марат агай эмес мындай таланттын кобу жатат баркталбай.
21.09.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ziasuiunbekova,аталаны ысык ууртпбайле эл артисти деп эле суйлочу оскар тарыхта буйрубайт бизге
23.09.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Benazir08,муздатып эле Ууртадым эле.Озубуздун атыбыздан ушундай наамда дер жатам менин билдируумду жакшылап окусаныз эээ
20.09.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ziasuiunbekova,биздин колубуздан эмне келмек эле?!бир мешок акчасы барлар сыйлыкты кааласа,ойдо жактагы кремслодо отурган бир мешок акчага зарлар сррразу каалоосун орундатып коет.азыр деген элдин менее кенешиш жок.
20.09.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Eliza.nurjanovna,коп тукурсо кол болот.Баарыбыз чогулуп бир идея алып чыксак колдон келет..Озубузго ишенуу жана аракет гана керек.Жаштын тилегин берет


Ziasuiunbekova түзөттү 2017-09-20 17:03:17
19.09.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
arbagy kokdodu dep jurotko
19.09.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгилик каалайм! Бар болунуз! "Кууш жолдо" киносун сонун ойногонсуз. Ошол ролунуз жагат.
19.09.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сакадай бою сары алтын актер, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын берип коюшса болмок, Самара Каримовага бергиче... Шуриктин ролуна байланып калган А.Демьяненкодой болуп калбай, жакшы ролдорду жаратууда
19.09.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
MIRBOLOT,бул адамдын куудулдук онору кана теледен корунот. Ал эми театрдагы ролдорун корсонуз сиз атаган актёр экоонун ортосу асман менен жердей.
19.09.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сизди мамлекет баалабаса да Кудайым колдоп эл бааласын. Мамлекет колдош учун, азыркы жаштардыкындай жогору жакта тааныш болуш керек. Сизди эл суйот. Талантыныз мындан да оркундоп осуп, узак бактылуу омур сурунуз.
19.09.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсыз! Мага "Аталар керээзи" кинодогу ролу аябай жаккан. Стол которуп баратып, Изабелге тийишет го, ой ошол жерин эстеп алып, азыр дагы бир жылмайып алдым. Элдин эсинен кетпей турган талант. Бар болунуз!
19.09.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец байке
19.09.2017. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен президент болсом биринчи сизге Тынарга Жамбылга Абдылда Кумондор Раматлык Манас байкеге бермекмин козу жок болсода.атин ай Самарага окшоп куйом Чиновник болгондо мен албайм жашмын уулу инсандага бер демекмин.креслодон баш тарттым наамданда баш тартам деп туруп.эх Самара эжекеси ......
20.09.2017. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Mikra,президент болгон тилегинизге жетиниз,бирок организатор болуп ошол наамды же Оскарды бербейликпи)))асманды коксоп жатсам керек бирок аракеттен берекет.
Ziasuiunbekova түзөттү 2017-09-20 01:42:01
19.09.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Самара эжекеси наамдан баш тартканда чыныгы инсандык сапаты бар инсан болмоксуз.бору койго тойбойт болдунузго.нана ням ням деп журуп уулу кишиге тийип акылдуулук кылдыныз.бирок. бирок деген жери барго...аман болунуз абройунузга шек келтирсем кечирес.мен жеке ойумду жаздым.
19.09.2017. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кожожаш киносунда жаржаш кезинде тартылвптыр Марат байке
19.09.2017. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эн сонун актер,омурлуу болунуз
20.09.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Самара карачы! Ар бир жерде сага тийиштирип айтылган создор тагыраак айтканда наамды алганын тууралуу элдин оозунан, кетпей жатасын. Тааныш менен алгандыгын эрте алгандыгын дале болсо элдин кыжырын келтирип жатат. Бул нерсе элдин эсинен эч убакта кетпейт. Тээ карып калсанда айтышат ушинтип наам алган элее деп. Тарыхта калдын. Бул сага кыйын эмеспи?Сени коро албагандыгы учун эмес, улуу таланттарыбыздын кадырына куйуп айтып жатышат. Эми алган наамын кут болсун.Бирок кийинкиде улууларды сыйлай жур.
20.09.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кинону бугун кордум, жакшы тартылыптыр. Марат агай да оз ролун мыкты ойогон, мимикаларынан бери окшоштурганына аябай тан калдым. Азаматсыз, агай,бар болунуз!
20.09.2017. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Marat agai sizge den sooluk ,ui bulooluk bakyt,chygarmachylyk yigilik.dagy koptogon roldordu jarata beriniz.AR bir rolunuzdu ushundai mykty atkarasyz,buiursa Emgek sinirgen artist degen naamdy alynyz.bar bolunuz
20.09.2017. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үйбүлөлүк бакыт каалайм. Балдарыныздын урмат сйын гана коруп жубайыныз эконуз небере, чеберелерди гана ээрчитип акыл насаат айтып журо бериниздер.
20.09.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардык жакшы каалоо тилектерге кошулам,бар болунуз!бирок тиги арбагы колдоду го деген создун туура эмес жагы деле жок.ата бабаларыбыз эзелтеден эле ушинтип айтып келишкен.арбакты да Жараткан кудай озу рулевать этет да.демек
21.09.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
МашАллах оззу болуптур Саякбай Каралаевтин
21.09.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн сонун роль жараттыныз тарыхта калат кудай буюрса аман болунуз ийгилик
21.09.2017. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн таланттуу актер десем жанылышпайм. Марат агай, сизге эл берди эл артистин. Ылайым, мындан да сонун ролдорду жаратыныз
23.09.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баар болунуз сиздин таланлынызды эл сыйлайт..
25.09.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өтө өтө сыйлаймын. Бар болуңуз агай.
26.09.2017. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз кыргыз элинин эмгек синирген артисти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо