БИР БҮРКҮМ

№777 22-28-сентябрь, 2017-ж.

  • Өлкөдө министрликтердин иш кагаздарынын 15-20 пайызы гана МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ жүргүзүлөт. Бул тууралуу Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.
  • Кыргыз мамлекетиндеги 1805 айылдын 657синде ТАЗА СУУ жетишпейт. Аталган маселе 2023-жылга чейин 100 пайыз чечилүүсү пландалганын өкмөттөн маалымдашты.
  • БШК ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО байкоо жүргүзүүчү 38 мамлекеттен 203 адамды каттады. Эл аралык байкоочуларды каттоо 10-октябрда токтойт.
  • Республика аймагында 23-26-сентябрь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп, тоолуу аймактарда ҮШҮК ЖҮРҮШҮ мүмкүн. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, Чүй, Талас облустарында түндөсү аба температурасы +3 градуска чейин төмөндөйт.
  • 2017-жылдын май-август айларында өлкө боюнча 203 миң 749 адам БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТКО ээ болгон. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 63 миңге көп. Маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынан таратышты.
  • «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп айыпталып жаткан парламент депутаты АИДА САЛЯНОВАНЫ прокурорлор 8 жылга эркинен ажыратууну Бишкектин Ленин райондук сотунан сурады.
  • «Inter-Parliamentary Union (IPU)» союзу чыгарган рейтингде парламенттеги АЯЛ ДЕПУТАТТАРДЫН саны боюнча Кыргыз өлкөсү 100-орунга татыган. Ал эми Казакстан 57-орунду ээлесе, Орусия 127-орунда.
  • КМШ өлкөлөрүнөн «ТУРИСТТЕР үчүн эң таанымаал шаар» рейтингинде Бишкек 10-орунга татыды. 1-орунду Беларустун борбору Минск шаары ээлеген. Рейтингди «ТурСтат» аналитикалык агенттиги түзгөн.
  • 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында БАҢГИЗАТТАРГА көз каранды болгондордун саны 16,1 пайызга азайган.
  • Мамлекет боюнча 597 бала ВИЧ инфекциясына чалдыккан. Маалыматты Республикалык СПИД борборунан таратышты.
  • Кыргыз өлкөсүндө каза болгондордун 51,5 пайызы ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ооруларынан жабыркагандар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.
  • КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК чек арасындагы "Баймак" көзөмөл-өткөрүү бекети 19-сентябрдан тарта эки тараптуу ачылды.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо