БАБАНОВГО КАРАТА КАРА ПИАР КҮЧӨДҮ

№778 29-сентябрь - 5-октябрь, 2017-ж.


Шайлоо жакындаган сайын президенттикке талапкерлердин арасында бийлик талапкерине негизги атаандаш катары саналып жаткан Өмүрбек Бабановду каралоо иштери күч алды. Бир нече күн мурун интернет айдыңына жол тандабастардын сүрөтү жарыяланып, «Бабанов Ысык-Көлдө казакстандык жана орусиялык миллиардерлер менен жолугуп, алардан колдоо сурады» деген маалыматтар таратылды.
Бакиев бийлигинен кордук көрүп, ошондон улам чет өлкөдөн баш паанек алып кеткен кыргыз журналисти Бабановдун казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукканы боюнча «Бабанов Кыргыз өлкөсүн Казакстанга кошуу планын даярдап жатат» деген маанидеги пикирин интернеттеги социалдык тармакка жазып чыкты. Кыргыз мамлекетинин 6 миллиондон ашуун калкы бардыгын, өз алдынча мамлекет катары бүтүндүгүн, дегеле өлкө суверендүү мамлекет экенин автор унутуп калгандай.
Мындан сырткары интернеттеги бир нече сайттарга, жарандардын телефондоруна WhatsApp аркылуу "Бабановдун апасы күрд, аялы чечен улутунан" деп, «кыргызга жакшылык алып келбейт» деген маанидеги атайын жасалган роликтер, билдирүүлөр байма-бай таратылууда.
Буга чейин 2016-жылда чыккан эфири үчүн «Сентябрь» каналы «экстремисттик маалымат таратты» деп жабылган. Журналист Зулпукаар Сапанов жазган китеби үчүн «диний кастыкты козутту» деп 4 жылга соттолду. Бирок президенттикке талапкердин энесинин улутуна асылып, улуттар аралык кастыкты күчөтүп жаткандарга мамлекеттик тийиштүү органдар тийиштүү чара көрбөй, көз жумуп койгону таң калтырат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо