Жогорку Кеңеш КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК чек арасындагы такталбаган тилке боюнча президенттер кол койгон келишимди ратификациялады.
- Кыргыз мамлекетинин Кытайдагы элчиси АЗАМАТ ҮСӨНОВ бир эле учурда Монголияга да элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик аппараттан билдиришти.
- Жыл сайын ЭМГЕК КУЛЧУЛУГУНА кабылган 150гө жакын жаран Кыргыз өлкөсүнө кайтарылат. Орусиядан көбүнчөсү эркектер кайтарылса, аялдар Түркия жана араб өлкөлөрүнөн куткарылат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан кабарлашты.
- 2017-жылы ТҮРКИЯГА Кыргыз өлкөсүнөн 5123 жаран иштегени барган. 2016-жылы бул көрсөткүч 1582 жаранды түзгөн.
- Эсептөө палатасынын мурунку төрагасы ЭЛЬМИРА ИБРАИМОВА президенттикке талапкер Темир Сариевдин штаб жетекчилигинен кетти.
- Акыркы 2 жылда МИЛИЦИЯ кызматкерлерине 1852 батир тапшырылган. Учурда дагы 1741 батирдин курулушу жүрүүдө.
- 29-30-сентябрда республиканын айрым аймактарында ЖАМГЫР ЖААЙТ. Ал эми 30-сентябрда тоолорго кар жаашы күтүлүүдө.
- Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫ 3-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында жыйынга чогулушат. Маалыматты аталган уюмдун расмий сайты жарыялаган.
- «Ата Журт» партиясынын лидери КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ президенттикке талапкерлердин тизмесинен чыгарылганын БШКдан маалымдашты. Учурда 12 талапкер калды.
- БИШКЕК шаарынын суу түтүктөрүнүн 15 чакырымы 2020-жылга чейин оңдоп-түзөлүп, 339 чакырым жол капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Бул тууралуу калаа башчысы Албек Ибраимов 2017-2020-жылга чейинки планын айтып жатып маалымдады.
- 2017-жылдын 8 айында өлкөдө 2 жарым миң ӨРТ кырсыгы катталып, 44 адам каза болгон.
- Кыргыз мамлекетине келүүчү ТУРИСТТЕРДИН 41,7 пайызы өлкө тууралуу тааныштарынан укса, 20,4 пайызы туристтик агенттиктерден маалымат алышат. Ал эми 16,7 пайызы журнал, китеп жана гезиттер аркылуу кабардар болушат.
- Учурда Бишкек шаарында 63 медициналык «ТЕЗ ЖАРДАМ» унаасы бар. 2020-жылга чейин аталган унаалардын санын 100гө жеткирүү пландалууда.
- Ысык-Көл облусуна 135 ВРАЧ жетишпейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору маалымдады.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg