ШААРДЫК СОТ ТЕКЕБАЕВДИ 8 ЖЫЛГА КАМАККА АЛУУ ӨКҮМҮН КҮЧҮНДӨ КАЛТЫРДЫ

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурунку элчи Дүйшөнкул Чотонов боюнча Бишкек шаардык соту райондук соттун 8 жылга камакка алуу өкүмүн күчүндө калтырды. Сотко ишенбестик көрсөтүп, айыпталуучулар залдан чыгып кетишти. Отурумга жактоочулар менен журналисттер катышкан эмес. Судья чечимди окуп жатканда залда отургандар нааразычылык билдирип чыгып кетишти. Текебаевдин жактоочулары шаардык соттун өкүмүнө нааразычылыгын билдирип, Жогорку Сотко арызданышмакчы. Алар Текебаев менен Чотоновдун күнөөсүн тастыктаган далил жоктугун жүйө келтирип, бул кылмыш ишин саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.
Өмүрбек Текебаев абакта жатканына байланыштуу “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигинен кетүү арызын жазды. Ал өз кайрылуусунда алдыдагы саясий окуяларга толук кандуу катыша албагандыктан лидерликти тапшырарын жазган. Буга байланыштуу аталган фракция 3-октябрда кезексиз жыйынга чогулуп, фракциянын төрагасынын милдетин аткарып жаткан “ата мекенчи” депутат Алманбет Шыкмаматов лидерликке шайланды.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов “орусиялык ишкерге “Мегакомду” сатып алууга жардам берем деп 1 миллион доллар алган” деп айыпталууда. 16-августта сот аларды 8 жылдан эркиндиктен ажыратып, мүлкүн конфискациялап, 3 жылга чейин мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыраткан өкүм чыгарган.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо