Азиз Мурадиллаев, актёр: «АТАМ ЭКӨӨБҮЗДҮН МАМИЛЕБИЗ САЛКЫН БОЛЧУ. ЭМИ ОҢОЛО БАШТАГАНДА АЛ ДҮЙНӨДӨН ӨТҮП КЕТТИ»

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.


ЫМЫРКАЙ АЗИЗ
Туулган жери
– Бишкек шаары, №3 төрөт үйү
Жаңы төрөлгөндөгү салмагы – 3 килограмм 200 грамм
Бою – 52 сантиметр
Үй-бүлөдө жалгыз бала


«15 БИР ТУУГАН БОЛМОК ЭКЕНМИН»

– Апам Анара Сыдыгалиева актриса, өмүр бою Кыргыз драма театрында иштеген. Курсакта болгонумда апам «Акжол» деген спектаклде 10-класстагы кыздын ролун ойночу экен. Атасынын моюнуна секирип минген жерин ойнойм деп боюнан козголуп, бир ай ооруканада жатып, анан мени төрөгөн экен. Мен үй-бүлөдө жалгыз баламын. Апамдын айтуусу боюнча, мен 15 бир тууган болмок экенмин. Бирок илгери гастролдон гастролго айдай берчү эмес беле, гастролдоп тоодо, түздө айлап жүрө берип апамдын боюнан түшүп же ичтен өлүп кала бериптир. Илгери гастролдо шарт деле болгон эмес да, анын үстүнө кош бойлуу кезде бир нече жолу жол кырсыгына да кабылышыптыр.
Мага жети ай болгондо апам дипломдук спектакль жазыш керек болуп, мени таенеме Кара-Кулжага жеткирип, өзү Ташкентке окууга кетиптир. Апам мени колуна 5ке чыкканымда алган. Бала бакчага деле барчумун, бирок көпкө гастролго кетишкенде чогуу алып жүрүшчү.

«АТАМ МЕНИ КАТУУ ЭМЕС, ӨТӨ КАТУУ КАРМАГАН»

– Атам бир жерден «балаңды Кудайыңдай кармасаң, төбөңдү каңдайт» дегенди окуп алып, катуу таасирлениптир. Апамдын айтымында, ошол сөздү окугандан кийин эле мага мамилесин катуулатыптыр. Атам мени жакшы көрчү, бирок өтө катуу кармаган. Сабактан кечигип келсем же үй тапшырма аткарылбай калса кол көтөрүп калчу. Бир жолу балдар менен күрөшүп ойноп жатып үйдүн ачкычын жоготуп алгам. 5-класс болсом керек, атамдан коркконумдан балкондон балконго секирип отуруп 7-кабаттагы үйүмө киргем. Анымды көчөдөн кошуна көрүп, бирок чочутуп албайын деп унчукпай карап тура бериптир. Ал апама айтып берсе «миң эшикти таба алам, сени кайдан табам?» деп бир топко ыйлаган. Атам экөөбүздүн мамилебиз ошол боюнча салкын бойдон калды. Кийин мен студент болгондо оңоло баштады эле, бирок ал деле көпкө узаган жок. 2-курста Москвада окуп жатканымда атам 42 жашында өзүнүн туулган күнүндө каза болуп калды. Небереси Шааны көрүп кетти. Шааны бир жыл укмуш эркелетип бакты.

«ЖАНЫБАРЛАРДЫ МУЗДАТКЫЧТЫН ТОҢДУРГУЧУНА САКТАЧУМУН»

– Балдар менен көп мушташтым. Бирок тишим, мурдум сынган жок. «Актёр болбойсуң» деген атам мени көркөм гимнастика, кунг-фу, каратэге берди. Сүрөттү да жакшы тартчумун. Пластилинден ар кандай жаныбарларды жасап, бузулуп калбасын деп муздаткычтын тоңдургучуна салып койчумун. Бирок буларды хобби катары көрүп, жуурулушуп кете алган жокмун. Эмне менен алектенбейин бир жылдан соң таштап коюп жаттым. Спорт менен чала-була машыгып, үйрөнүп калгандарымды балдар менен мушташканда, азыр актёрлук кесибимде колдонуп калам.
Жалгыз бала болгондуктан үйдөгү кызга да, балага да тиешелүү жумуштарды кылып чоңойдум. Идиш, кир жууп, үй тазалап, тамак жасап дегендей. Үй тазалап, палоону басып, ата-энемдин алдына чыгарып берип, «силер жей бергиле» деп эшикке балдарга жолукканы чыгып кетчүмүн.
Бир жолу балдар эки топ болуп мушташып, биз жеңип, беркилерди кубалап жибердик. Бир убакта бизге болушканы 30дай бала келе жатыптыр. Карасам, алардын алдында атам чуркап келе жатат. Эмне болгонун түшүнбөй калдым. Көрсө, балдардын чогулуп жатканын көргөн атам «болду-болбоду арасында Азиз бар, Азиздин тобуна болушам, мушташам» деп чуркап келиптир.

«ДАЙЫМА АКТЁР БОЛГУМ КЕЛЧҮ»

– Ата-энем экөө тең актёр болгондуктан балалыгымдын көп бөлүгү театрда өттү. Азыр ойлосом, кыргыз сахнасынын дөө-шаалары менен аралашып эле жүрүптүрмүн. Алар мени өз баласындай көрүп, эртең менен чөнтөгүнө момпосуй, алма салып келишер эле. Кичинемде эле спектаклдерде балдардын ролун ойной баштагам. 3-классымда Советбек Жумадыловдун баласы менен чогуу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» чыгармасындагы Зарипанын балдарын ойнодук. Менин артист болушума ата-энем «артист болуп ким жыргап жатыптыр?» деп аябай каршы болушкан. Аяш атам мени «юрист кылам, окууга өзүм өткөрөм, акчасын өзүм төлөйм» дечү. Мен дайыма актёр болгум келчү. Бир жолу балалык ой менен «не хочу быть козлом» деп салыптырмын. "Козёл" деп ата-энем деле айтышчу эмес, бул сөздү балдардан уккан болчумун. Аяш атам «силер мени "козёл" дейт турбайсыңарбы» деп ошондон кийин таарынып калган.

«БАЛАЛЫК СҮЙҮҮ МЕНДЕ КӨП БОЛГОН»

– Балалык сүйүү менде өтө көп болгон. 5-6 жашта болсом керек, айылга Кара-Кулжага барып калганымда Союзгүл деген кызды жактырып калгам. Кара тору, бантиги башынан чоң кыз эле. Менимче, менден улуураак болчу. Кийин Сабира Күмүшалиева менен гастролго ошол тарапка барганымда туугандарыбыз «тигине Союзгүл» деп алыстан көрсөтүштү. Жанына барган жокмун, бирок белек берип жибердим. 3-классымда Жаркын деген кызды жакшы көрдүм. Ал укмуш «авторитет» эле. Бетинен өөп туруп качып кетчүмүн. Андан кийин деле бир топ кызды жакшы көрдүм, бирок бирине да сүйүүмдү ачык билдире албадым.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Актёр Азиз Мурадиллаев: "Атам мага талапты катуу койчу"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(20)
10.10.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Соонун адамсыз. Кооооп жашаныз.
10.10.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Сизди деле аябай коп кыз суйду болуш керек.
11.10.2017. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kelemdedin,арасында мен да бармын))).
10.10.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын биздин жээн!Сыймыктанам сени менен.Ар дайыма аман бол,Келечегин болсун кен!
10.10.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошол Союзгүл мен болуп калсам канале Азиз акооов
10.10.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Кара кулжада откон экен да ээ балалыгыныздын башталышы,азаматсыз Аллахым ден соолук берсин,калганынын баары табылат.Азыр Кара кулжага келип турасызбы?
10.10.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Nurela87,биздин жээнибиз турбайбы )))) өлллө сүйөм ушу актёрду бирам жылдыздуу.
10.10.2017. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара кулжанын кайсы жеринде чонойдунуз экен озу сих деле красавчиксиз оорубаныз
10.10.2017. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ден соолукта болунуз. Коп жашаныз.
Медиа-портал
10.10.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдарга абдан жакшы ата турбайсызбы! Кийин сизге рахмат айтышат! Ата-энемен такыр жакшы соз укпаптырмын(((
11.10.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым бар болун! Биринчи орунда ден соолукккк
11.10.2017. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алымбек жакта!
11.10.2017. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алымбек жакта!!!!
11.10.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Elmira8084,дагы бир аракет кылып корунуз.
aiba-889290 түзөттү 2017-10-11 15:06:20
11.10.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уважуха
12.10.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге ден соолук каалайм кооп жашаныз мыкты актер.
13.10.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизди аябай жакшы кором. Жонокой инсансыз
16.10.2017. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурунуз узун болсун, чыгармачылык ийгилик!
16.10.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Олот деп жатты элего акча чогултуп элден акчаны алгандан бери орусунан дайыны жок бир
жакшына журотго
SUPER.KG видео
16.02.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сизге сын ден соолук берсин оорунуздан айыгыптырсыз эч качан оорубаныз, ооруганынызды угуп аябай ойлонуп жургом . талантынызга таазим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо