Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «САЙКАЛ ЭЧ КАЧАН 4 БАЛАЛУУ ЭРКЕККЕ ТУРМУШКА ЧЫКПАЙТ!»

№779 6-12-октябрь, 2017-ж.

Гүлшайыр Садыбакасова – бул ысымды укканда көпчүлүгүбүздүн көз алдыбызга тартипти бекем кармаган темир аялдын образы тартылат. Гүлшайыр эже чыгармачылык чыйыр жолун барабан уруудан баштаган. Андан бери канча суулар акты, бирок Гүлшайыр Садыбакасова турмуштун түрдүү сыноолоруна моюн сунбай келет.

– Саламатсызбы, Гүлшайыр эже, «Кыз-Буракты» кызыңыз Сайкалга өткөрүп бергенден кийин өзүңүз филармониянын иштери менен эле алек болуп калдыңыз окшойт?
– Өзүм 17 жылдан бери Ош облустук филармонияны жетектеп келем. Ошто абройлуу концерттик мекеме болгондугуна байланыштуу түштүктөгү саясий, экономикалык, социалдык маанидеги иш-чараларды биздин филармониянын концерттик программасы, аппаратурасы, техникалары менен тейлеп келебиз. Негизги милдетибиз калкты маданий жактан тейлөө, музыка дөөлөттөрүн элге жайылтуу. Ал эми жеке чыгармачылыкта анча-мынча бошогондо ыр, обон жазууну улантып келем. Мындан сырткары эки көркөм тасмага тартылдым.

– Уулуңуз Эркин да ырдап чыкты эле, ал чыгармачылыгын улантабы?
– Эркин быйыл 10-класста окуп жатат. Өзүнчө ырдап, талантын таптап жүргөн экен, Сайкалдын концертинде ырдап чыкты. Анын шоу-бизнесте болушун каалабайм. Келечекте мыкты программист болгусу келет. Азыр жалпы республикалык тестирлөөгө катуу даярданып жатат. Англис, түрк, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. Мектепте ырдап жүрөт, бирок мен чоң сахнага чыгууга уруксат бербедим. Азырынча билим алуу менен алек.

– Кыргызстанда ажырашуулардын саны көбөйүп жатканы байкалат, көптү көргөн адам катары жаштарга кандай кеңешиңизди берет элеңиз?
– Ооба, ажырашуулар көп болуп жатат. Кээ бир үй-бүлөлөр өз ара келише албай, бири-бирине тирешип өзүмчүлдүктүн торунан чыга албай жатса, кээ бирлер кайнене менен келиндин келишпестигинен, кээде күйөөлөрү милдетин аткаргысы келбей, бала-чакасын багуудан, жоопкерчиликтен качып жатышат. Эң башкы себеби жаштар улуунун айтканын укпай, өзүм билем болуп калганында. Жан дүйнөсү жарды, адеп-ахлактан алыстап бараткан адамдарды «адам болгула» деп ыйманга, боорукерликке чакырып кетет элем. Улуу адам катары айтарым, бардык кыйынчылыктарга карабай үй-бүлөнү сактап калууга аракеттениш керек. Ал үчүн ар дайым эки тараптуу түшүнүшүү, бирин-бири урматтоо, жок дегенде балдарга болгон мээримди жоготпоо зарыл.

– Жакында эле бизге ырчы Мээри Шакулина маек берип, анда 4 балалуу болгон соң жолдошу менен ажырашууга аргасыз болгонун, жолдошу белгилүү ырчы кызга кетип калганын айткан эле. Интернетте бул окуяда кызыңыз Сайкал Садыбакасованын аты аталып, ырчылар эки жаат болуп талашып-тартышууда. Кызыңыздын бул окуяга чын эле тиешеси барбы?
– Мен бул окуянын чоо-жайын социалдык тармактарга тарап кеткенге чейин 2 ай мурда Мээри Шакулинадан уктум. Катя Маматкулова (ред.: Расул Маматкуловдун жубайы), мен, Мээринин өкүл апасы болуп жолугуп сүйлөштүк. Сайкал менен Эдилдин ортосундагы мамиле тууралуу Мээри айтып берди. Бирок мен ага «кызым, мындай күнөөлөрдү коюу үчүн факт керек, болбосо куру жалаа болуп калат» десем, ал «мейли, далилдерди сизге жөнөтөм» деди. Мен ага «кандай кырдаал болбосун Сайкал эч качан 4 балалуу эркекке турмушка чыкпайт, бул менин артка кайтпас чечимим» дедим. Сайкал мага Эдил сөз айттырып жүргөнүн, бирок аны менен жакын мамиледе болбогонун айтты. Менин баамымда, бул окуя көбүртүлүп-жабыртылып кеткен. Мээри айткандай, экөө чогуу жашаса батирде же менин үйүмө келип жашамак. «Кыз-Бурактын» 5 кызы, 1 шопур, 1 келиним кызы, неберелери менен 24 саат бою бирге жашаган үйдө Сайкал бир күн түнөбөсө асман түшүп кетмек. Мээри да бир убакта «Кыз-Буракта» жүргөн кыз, Эдилди да жакшы билем.
Сайкал, «Кыз-Бурак» тобу эки жылдан бери Эдилдин студиясында ыр жаздырып жүрүшкөн. Чырдын баары кызганычтан келип чыккан көрүнөт. Түнү менен кыздардын студияда отурганы кимдир бирөөлөргө жакпагандыр. Сайкал, Мээри, Эдилдин ызы-чуусу баштала электе мага айтышканда бул окуя мынчалык тереңдеп кетпейт эле. Эми болору болду, билип-билбей туруп түрдүү каралоолорду айтып коюш оңой, бирок аны көтөрүү оор. Мен бул окуяны Кудайдын жөнөткөн дагы бир сыноосу деп кабыл алдым. Өмүрүмдө биринчи жолу кызымды тилдеген жокмун, урушпадым, тескерисинче, ага дем-күч берип чыйралтып турдум. Бул менин энелик милдетим эле. Кызым көкүрөгүмө башын коюп «жаным апа, сизди уят кылдым, кечириңиз" деди. Тууган-урук, достору, жакындары анын жанынан чыкпай колдоп турушту. Мен бул маселени, албетте, териштирем.
3 айдан бери биз Эдил менен иштешкенди токтотуп, башка студияда иштеп жатабыз. Болуп өткөн окуялардан улам мен кызбы, уулбу алардын бал тилине кирбей катуу кармап, көзөмөлдөп, айрыкча орус чалыш болуп өскөн өспүрүмдөргө кошумча тарбия жүргүзүү керектигине ынандым. Ал эми турмуш курган жаштарга айтарым, убактылуу кыйынчылыктарга чыдап, сен кыйын, мен кыйын деп тирешпей, айрыкча аял киши акылмандык менен үй-бүлөдөгү кризисти жеңип чыгууга далалат кылыш керек. Балдардын бактысы үчүн бир сөздөн калып, экөө тең амбицияларын ыргытып балдарынын тагдырын ойлошу керек.

– Социалдык тармактарда Сайкалды каралоо күч алды. Сиздин дарегиңизге да сындар жаап жатат. Интернеттин, андагы соцтармактардын жашообузга минтип тереңдеп кирип кеткенинин терс жагы көп экени көрүнүп жатабы?
– Социалдык тармактарда жазып жаткан кээ бир адамдардын жырткычка, айбанга айланып кеткенин көрдүм. Кызым Сайкал экөөбүз үчүн кызыл чеке болуп согушкан патриотторду көрдүм. Жалган, ыплас сөздөрдү жазып, ызырынган, сөгүнгөн бейбаштарды көрдүм. Жашоосундагы өксүк, тайкы тагдырларына, күйөөсүнөн ажырап нааразы болгондордун биз аркылуу өч алуусун көрдүм. Май-талкан чайнап бекер отуруп алып ушакты удургутуп, өчүп бараткан отко кайра май тамызып маашырланган кемпайларды көрдүм. 4 баласы менен күйөөсүнүн колдоосу жок калган Мээринин аянычтуу тагдырын көрдүм. Эдилге окшоп жоопкерчиликти сезбеген, адамдык, аталык милдеттерин жеткиликтүү түшүнбөй жаткан, жеңил жашоого качкан бүгүнкү шордуу эркектерди көрдүм. 320 кыздын карегине чаң жугузбай татыктуу тарбиялаган, элге ак кызматы менен таанылган, 40 жылдык тарыхы бар «Кыз-Бурак» тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, обончу-композитор, профессор Гүлшайыр Садыбакасованы тебелеп-тепсеген, жүрөгүнө бычак сайган, көңүлүн жаралаган эки буттуу айбандарды, Аракан, Мьянманын жырткычтарын көрдүм. Жашоодо оош-кыйышты, жарык-караңгыны көп көргөн адам катары бул оор күндөргө чыдадым. Элден айланайын, туура, калыс сөзүн айтып, нарктуулугун, адамдык сапатын жоготпогон жакшыларды көрдүм.
Эгерде ушул болгон окуяларда кызымдын күнөөсү болсо эң биринчи Кудайдан, андан соң кыргыз элимден кечирим сурайм! Ал эми кызымды каралаган тараптардын дооматтары туура эмес болсо аларды да Кудай кечирсин!

– Мээринин жакын курбусу ырчы Бегимай Бекбоева менен Сайкалдын ортосунда пикир келишпестик чыгыптыр...
– Буга чейин кызымдын Бегимай менен жеңил-желпи таарынычтары болсо керек, бирок ортолорунда чоң нааразычылык жок экен. Мен Мээринин маегин «Супер-Инфого» чыккандан 4 күндөн кийин билдим. Иштин чоо-жайын териштиргенче социалдык тармактар өзүнүн желесине тартып кетти. Бегимай мага чалып, экөөбүз бир саат сүйлөштүк. Ал сүйлөшүүлөрдөн соң Бегимай да, Сайкал да баракчаларындагы билдирүүлөрдү өчүрүштү. Бегимай айтты делген «оштуктарды оромпой тээп ойноймун, силер экинчи сортсуңар» деген билдирүү мага WhatsApp`ка келген болчу. Бирок бул жалган сөздү Бегимай Бекбоева айтпагандыгы ачыкталды.

– Социалдык тармактарда эки жаат болуп бөлүнүп урушуп жаткан эки тарапты элдештирүүгө аракет кылып көрдүңүзбү?
– Бул кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланып Сайкал менен Мээринин душмандары түрдүү баракчаларды ачып ыплас сөздөрдү жазып жатышат. Ошондой аккаунттарды жабууга аракет кылып жатабыз. Андан кийин кырдаалды жөнгө салып, жаштарды элдештирүү аракетин баштайбыз. Дүйнөлүк тарыхта ар кандай согуштар, түрдүү келишпестиктер эки тараптын сүйлөшүүсү аркылуу чечилген. Кудай буюрса, бул ызы-чууну да сүйлөшүүлөр аркылуу чечебиз.

– Маегиңизге рахмат, үйүңүздө да, көңүлүңүздө да тынчтык болушун тилейбиз.

"Өмүрүмдө биринчи жолу кызымды тилдеген жокмун, урушпадым, тескерисинче, ага дем-күч берип чыйралтып турдум"


Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(88)
10.10.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кыз-бурак чота очуп калгандай.популярдуулугун жоготуп.норм эч ыры жок.мурункудай эмес
10.10.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
урматтуу мусулман бир туугандар. бироону жамандап ушу интернетке жаздынар тактап айтканда ушактадынар,кыяматка чейин Эми силерге куноо жазылат ушуну унутпагыла... жок жерден шайтанды жыргатпагыла, эсинерге келгиле. суранам силерден ойлонгулачы
11.10.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Энесин коруп кызын ал.Кызын тыйып койсо жакшы болмок.Кызы канчага чейин журмок оз тенин тапса болмок.Каарыганда эч кимге кереги жок болот.Тиги балада куноонун баары ХХХ Мээри озуно балдарына ден соолук Аллахым озу колдосун.Кыйынчылыктын арты жжакшылык болот сабыр кыл.
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-11 09:45:05
11.10.2017. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бул жерде эң көп азап тарткан 4 күнөөсүз наристелер анан алардын энеси Мээри. Кудайым эч бир аялзатына мындай күндү салбасын. 4 чиедей балдары мн соройгон эринин артынан жүрөт балдарым жетим калбасын деп. Кокуй биз ушака калдык кокуй биз уят болдук дегендер жазанарды Аллахтан күткүлө. Эркеке эмне мен иштеп атам мен акча таап атам демиш болуп көзүн сузгондордун артынан ээрчип жүрө берет. Акыры бир күнү анан шолпойуп мен жанылдым мен азгырылдым деп келет. Күнөөнун баары ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-11 09:43:19
11.10.2017. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Гулшайыр эже өзүнүн башындагы боону көрбөй бирөөнүн башындагы чөптү көрөт болуптур го. Убагында бирөөлөрго сын тагып катуу кеткен. Бүгүн минтип өзүнүн кара чечекей кызынан көрүп отурат. Сүйлөгөндө да алды артын карап суйлош керек. Арканды уззун таштап.
11.10.2017. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы эне деген баарын сезип билип турат,бирөө менен жашамак турсун,бирөө менен урушуп келсе да сезет эне баласынын кебетесин көрүп туруп,анан Гүлшайыр эжедей көрөгөч мыкты,жүздөгөн кызды тарбиялаган адамга акыл үйрөтпөй жөн эле койгулачы,айланайындар...
11.10.2017. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
асссалломмуу алейкум жакшы маек болуптур
11.10.2017. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулшайыр эже сиз азамат аялыз анча мынча эркекда сиздин жасаган иштеринизди жасай албайт.
11.10.2017. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Kunoonun baari kizinda~Edil soz ayttiriptir dep apasina aytpai~ozu ele buturup salbaibi~konulu bar uchun apasina bildirdi da~
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-11 09:17:39
11.10.2017. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эч качан деп айтпа, эртен эмне болорубузду ким билет, бешенесине жазып койсо торт эмес 10 баласы барга деле чыгатда.
11.10.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгулачы бироону жамандаганды ар кимдин оз тагдыры бар бироону соз кылсан озунун башына келет Гулшайыр Эже абдан жакшы эже
11.10.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эмне учун акыркы кезде Кыргызстандын кайсы тармагын алба, бутундой эле кырсык каптагандай-бут эле жаман, ыплас жанылык,каралоо ж.б.ТАЗАЛАНАЛЫ ЭЛИМ!
11.10.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кенже Эжени таптакыр эле мазактап маек беришти эле ,ошондон Гульшайыр эжеден абдан конулум калган. Такыр ишенбейм ушул эженин кооз создоруно. Анан Айчурок дагы ушул эже сымал. Эл астында сыланып сыйпанып суцлошконду билишет. Фальшиво. Калк айтса калп айтпайт деген созду билетттирсиз. Ошо калкты жырткычтарга тенегениниз уят. Мьянма деп Алды го тимеле
11.10.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сайкал ушунча жыйнаган урматын сыйын бирпаста тогуп алды.озу деле ойлободубу 4баласы бар деп.
11.10.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ХХХ Мээриге сабыр берсин, белди бекем бууп балдарындын келечеги учун озунду алдырбай кайраттуу бол.Гулшайыр эже кайдагы фактыны издейсиз, ХХХ Эдил азыр балдарын жаш эч нерсени билбей атасын да, эртен ошо балдарын карайт сени суйлошкон кызын эмес, кеч боло электе эсине кел.
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-11 16:39:16
11.10.2017. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Гулшайыр эже азаматсыз!
11.10.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Азаматсыз
11.10.2017. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Эже, сиз АКЫЛМАН жансыз,аны бут кыргыз эли билебиз. Сизден сураныч, Эдилди уй булоосуно кайтара алсаныз кызыныздын жаштыгындагы катачылыгын эки дуйно кечирилмек беле деп ойлойм.
11.10.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмнегедир Сайкал ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-12 10:14:01
11.10.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фонограмма менен ырдаганды койгула. Уят чын эле. Эшикте 21-кылым. Адамдар био,эко ,табият деген нерселерди издеп калышкан.
Муз тв койсом эле фонограмма ырдашат. Айла жок орустардын музыкасына коемун.
11.10.2017. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу ажырашпаганга чакырыптыр а озучу?Озу деле ажырашпады беле?Апам менен тендеш бирок ошентсе да чындыкты айтыш керек!Торт баланын убалы да бар!Байкуш Мээримди да тушунуп отурам!Силер кандай ойдосунар билбедим го жеке мен Сайкалды жакшы коруп ырларын берилип укчумун бирок азыр негедир жаман коруп калдым.Бул менин жеке оюм.
16.10.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
_PeriWa_,Озу вообще турмушка чыккан эмес.
12.10.2017. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх кыргыз элим ушинтип озубузго тиешеси жок иштерге мурдубузду тыгып журуп ушул абалга келдик го,ыйман деген жок,адам сапат дээрдик эч кимде калбаган,баары ушакчы,эмне кыласынар бироолордун ишине мурдунарды тыгып,жоон жай баракат тынч жашай бербейсинерби,ким куноолуу ким ак экенин бир кудай анан ошол адам гана билет.
12.10.2017. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ии койсунчу. Сайкал квартира снимать этип жалгыз эле жашап жатат го
12.10.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Гулшайыр эже кечирим сурасаныз ото боорум ооруп кетти. Сиз сайкал учун кечирим суроого щарттуу эмессиз. Сайкал озу сурасын.ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-12 14:33:54
12.10.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Сайкал эже жакшы эже го!Андай чырларга аралашпайт болушу керек.
12.10.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын, ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-13 10:02:00
13.10.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күчтүү аял Гүлшайыр эже. Эдил менен сүйлөшүп , ошол үй бүлөнү жараштырып койсоңуз жакшы болот эле. 4 бала атасыз калган болбойт. Эдилди да жакшы билем дейт.
16.10.2017. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Иии бул эже тим эле сайкалга чан жугузбай, озун аалым периште кылып алыптырго
17.10.2017. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жагат киз бурак ийгилик
17.10.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бар балээнин баарын озу билет тура ...Эдил соз айттырыптыр дейт .значить чын экен да..
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо