ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫ

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.


«Сизде жатын моюнчасынын эрозиясы бар тура...» Бул гинекологдун текшерүүсүнөн өткөн ар бир үчүнчү аялдын уккан кеби. Аталган оорунун пайда болуу себептери, аны дарылоо жана анын канчалык кооптуу экендиги тууралуу «Мир здоровья» медициналык борборунун врач-гинекологу, кольпоскопия боюнча адис Айпери Соурбекова жооп берет.

ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?

– Жатын моюнчасынын эрозиясы – эң кеңири таралган гинекологиялык оору. Жатын моюнчасынын былжырынын, эпителийдин ар кандай факторлордон улам жаракатка кабылуусу. Тагыраак айтканда, жатын моюнчасынын жарасы. Жара ачык кызыл түстө жана тоголок формада болуп, диаметри 2 миллиметрден 2 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн. Көпчүлүк учурларда гинекологиялык текшерүүдө гана аныкталат. Биринчи текшерүүдө эле дарыгер сизге жатын моюнчасынын эрозиясынын диагнозун коюп бере алат. Бирок аны бир карап визуалдуу текшерүү жетиштүү эмес, диагноздун туура коюлушуна ынануу үчүн жана дарылоо тактикасын аныктоо үчүн жатын моюнчасынын патологиясы боюнча адиске кайрылуу керек. Ал жатын моюнчасын кольпоскоптун же видеокольпоскоптун жардамы менен толугураак карап чыгат. Бул ооруга ар кандай курактагы аялдар чалдыгышы мүмкүн. Бирок төрөгөн же бир нече жолу боюнан алдырган аялдарда көп кездешет. Көпчүлүк учурда эч кандай белги бербейт, оорутпай жүрө бериши мүмкүн.

ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ПАТОЛОГИЯСЫ ТАБЫЛГАН УЧУРДА ТЕКШЕРҮҮ ПЛАНЫНА ТӨМӨНКҮЛӨР КИРЕТ:

- Флорага мазок тапшыруу
- Онкоцитологияга мазок тапшыруу
- Цитологияга анализ тапшыруу
- АПВ 16, 18 текшерүү
- Кольпоскопия, видеокольпоскопия
- Жыныстык инфекцияларын текшерүү
- Биопсия жана жыныстык гормондорду текшерүү


ЭРОЗИЯНЫН ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ

  • Эрозиянын пайда болуусунун башкы себеби – инфекция: стафилококктор, стрептококктор, ичеги таякчасы, ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу жугуучу ар кандай оорулардын козгогучтары
  • Жатын моюнчасынын сезгенүүсү
  • Бойдон алдыруу жана төрөт, айрыкча, жатын моюнчасынын айрылуусу менен коштолгон төрөт
  • Аялдын организминдеги гормоналдык бузулуу
  • Иммунитеттин түшүшү
  • Олдоксон жыныстык катнаш



ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ

  • Жыныстык катнаш учурундагы оорутуу
  • Жыныстык катнаштан кийин жыныстык мүчөдөн кан аралаш суюктуктун бөлүнүп чыгышы
  • Жатындан чыккан суюктуктун токтобошу жана анын жагымсыз жытка ээ болушу


ЭРОЗИЯ ЭМНЕГЕ ЖЕТКИРЕТ?

"Эгерде ал оорубаса, тоскоол болбосо, дарылоонун кандай кажети бар?" деп ойлошуңар мүмкүн. Бул жаңылыш ой. Жатын моюнчасынын эрозиясы ооруп, тоскоол болбогону менен, акыры түбү жагымсыздыкка кептелтет.
– Эрозиясы бар аял көп инфекцияларга туруштук бере албайт. Аларда инфекция жуктуруп алуу жана сезгенүү коркунучтары бир нече эсе жогору болот.
– Аялдын тукумсуздугуна
– Жатындын залалдуу шишигинин пайда болушунун да бир себеби – дал ушул эрозия. Эгер убагында дарылабаса, бул оору ракка чейин өсүп кетет.


Эскертүү!
Жогоруда айтылгандай, эрозия көпчүлүк учурда эч кандай белги бербей, оорутпай жүрө бергендиктен, аталган оорунун алдын алуу үчүн маал-маалы менен гинекологдун текшерүүсүнөн өтүп туруу кажет.


ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ

  1. Жаңыдан пайда болгон эрозияны тиешелүү дары-дармектер менен дарылоого болот.
  2. Жөнөкөй күйгүзүү же диатермокоагуляция ыкмасы. Бул эң кеңири таралган жана арзан ыкмалардын бири. Мында эрозия электр тогунун жардамы менен күйгүзүлүп, кошумча дарылоо жүргүзүлөт. Жарааттын айыгуу узактыгы – 8ден 10 жумага чейин. Кооптуулугу – кошумча ооруларды пайда кылышы мүмкүн: жатындын өнөкөт сезгенүүсүнүн өөрчүшү, айыз циклинин бузулуусу, жатын моюнчасынын эндометриозу. Мындан сырткары жатын моюнчасынын ийкемдүүлүгүнүн жоголушу мүмкүн. Бул нерсе кийинки төрөттөрдө ыңгайсыздык жаратат.
  3. Криодеструкция ыкмасы же суюк азот менен күйгүзүү. Жогорудагы ыкмага караганда төмөнкү температурада күйгүзүлөт. Процедура учурунда ооруга чалдыкпаган ткандар дээрлик жабыр тартпайт. Толук калыпка келүү үчүн 8-10 жумадан кем эмес убакыт керектелет.
  4. Хирургиялык лазер нуру менен күйгүзүү жана дарылоо жакшы жыйынтыктарды берет жана тез айыгууну камсыз кылат. Бирок лазерди колдонуу кошумча оорулардын келип чыгышына түрткү болушу мүмкүн.
  5. Радиотолкундуу ыкма менен дарылоо. Бул процедура бир нече мүнөт аралыгында жана амбулатордук шартта жүргүзүлөт. Бул ыкма оору менен коштолбойт, эч кандай тырык калтырбайт, кан кетирбейт жана ошондой эле стерилизациялоо эффектиси бар. Жаракат тез айыгат. Радиотолкундуу таасирдин эффективдүүлүгү жогору болгондуктан, кайрадан эрозия пайда болбойт. Бул ыкма төрөй элек аялдарга да туура келет, кийинки кош бойлуулук үчүн дагы коркунуч туудурбайт.
  6. Аргоноплазмалык абляция эрозияны жок кылууда колдонуучу жаңы ыкмалардын бири, жараатка тийгизбей эле, аргон газы менен дарылоо. Бул ыкма оорутпайт, тез убакыт аралыгында жасалат жана жаракат тез айыгат.


Дамира Арстанова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(10)
17.10.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жума только жатын жонундо го чиркин...
17.10.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гинекологго барып текшерилип коюш керек эле...
17.10.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малышева айтты эле эрозия менен рактын ортосунда связь жок...миф деп.эгер эрозиянын эрозиясы болуп эле шилинип ириндебесе
18.10.2017. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Текшерилип туруу керек созсуз турдо
19.10.2017. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жатын кистасы тууралуу маалымат алып берсениздер
19.10.2017. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
netsa, http://www.super.kg/article/show/39583
Модератор admin_media түзөттү 2017-10-19 16:31:37
23.10.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыскасы реклама кылып жатышат экенда
23.10.2017. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы?Админ мага кененирээк маалымат алып берип койунузчу!УЗИден эндометрийим 16мм деп чыкты, ХГЧ тапшырдым отрицательный экен. Месячныйым 20кундон ашты келбегенине. Врач укол жазды.Укол алуу менен эле бутобу? Бул оору кандай? Маалымат берип койгулачы сураныч!!!
24.10.2017. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Saparbekova,врачка кайрылыныз чон кыз.Бул жак сизге поликлиника эмес)))))
28.09.2019. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жолдошумдун почтасында жазып жатам сураныч айтып койюнуздарчы кимден кенеш ала алам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо