АТАГЫ ЧЫККАН КОРЕЙ АКТЁРЛОРУ

№393 14-20-май, 2010-ж.

Бүгүн кореялыктар тарткан тасмаларды көргөн күйөрмандардын саны дүйнөнүн төрт бурчунда тең күн санап көбөйүүдө. Алардын сериалдары укмуштуудай популярдуулукка жетип, “Корея толкуну” деген атка конгон. Бул санда сиздерди Кореянын белгилүү мурунку жана азыркы “толкундары” менен тааныштырабыз.

“КОРЕЯ ТОЛКУНУ” ДЕГЕН ЭМНЕ?
Кореянын массалык поп маданиятынын башка өлкөлөргө жайыла баштаганын дүйнө эли “Корея толкуну” деп атап алышкан. Мындай аталыш Кытайда пайда болгон. Анткени Кореянын алгачкы толкуну кытайлыктарды каптаган. Эң башында “Сүйүү деген эмне?” (“Сарани муогилле”) деген сериалдын укмуштуудай ийгилиги бүтүндөй Азия континентинин тургундарын кореялыктардын сериалын көрүүгө түртүп, арбап алган десек болот.

“КОРЕЯ ТОЛКУНУН” ЖАРАТКАНДАР же мурунку муундун өкүлдөрү

Пэ Ёнг Чжун
Туулган жылы – 29-август, 1972-жыл
Бою – 180 см, салмагы 67 кг
Билими – Сонгюнгван университети, Сүрөт искусствосу факультети
Хоббиси – Балык уулоо
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тартылган тасмалары –“Кышкы соната”, “Жаңжал”, “Ата”, “Жупуну жаштык”, “Алгачкы махабат” ж.б.

Пэ Ёнг Чжун тасмадагы дебютун 1994-жылы баштап, 1999-жылга чейин түрдүү сериалдарга тартылган. Бирок окуусуна байланыштуу убактылуу кино чөйрөсүнөн четтейт. 2002-жылы “Кышкы соната” сериалына тартылып, экранга чыккандан кийин бүт Азияга таанылат. Атак-даңкка бөлөнгөн Пэге чет элден көптөгөн сунуштар түшүп, Кореядан Японияга көчөт. “Кышкы соната” тасмасындагы Кан Жун Сандын ролу аны “Корея толкунунун” башкы фигурасына айланткан.

Ли Бён Хон
Туулган жылы – 7-декабрь, 1970-жыл
Бою – 178 см, салмагы 72 кг
Билими – Ханян университети, Француз тили жана адабияты факультети
Хоббиси – Шляпа чогултуу жана саякаттоо
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тартылган тасмалары – “Ва-банк”, “Жан дүйнөмдүн музыкасы”, “Бирге бактылуу”, “Эртеңки махабат” ж.б.

Актёр, модель жана ырчы Ли Бён Хон “Ва-банк” сериалынан кийин белгилүү болгон. Ал корей, англис, француз жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйт. Голливудда “Кобранын секириги” деген тасмасы менен дебютун баштаган. Ли Бён Хон алгачкы жолу 1991-жылы кино чөйрөсүнө кадам таштап, башка тармактарда да ийгиликтерди жарата алган. Алсак, ал спорттун таэквандо түрү менен машыгып, мактанарлык натыйжаларга жетишкен.

Жунг Жи Хун (Би)
Туулган жылы – 25-июнь, 1982-жыл
Бою – 184 см, салмагы 75 кг
Хоббиси – Тасма көрүү, музыка угуу жана кийим чогултуу
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тартылган тасмалары – “Сүйүүнүн күчү”, “Сүйүктүү үй”, “Жүрү, мектепке барабыз”, “Апельсин” ж.б.

Жунг Жи Хун күйөрмандарына Би деген лакап аты менен таанымал. Ал корей тилинен которгондо “жамгыр” дегенди билдирет. Бир эле учурда актёр, ырчы, модель жана бийчи болуп иштейт. Тасмага тартылганга чейин 2002-жылы “Тентек жигит” деген алгачкы альбомун чыгарган. Ал 2007-жылы “J. Tune Entertainment” деген жеке компаниясын түзгөн. Би Кореянын режиссёрлору сунуштаган тасмаларга гана эмес, Голливуддун кинолорунда да роль жаратып келет. Бош убактысында сууда сүзүп, баскетбол ойнойт.


“КОРЕЯ ТОЛКУНУН” УЛАНТУУЧУЛАР же азыркы муундун өкүлдөрү

Ким Хен Жунг
Туулган жылы – 6-июнь, 1986-жыл
Бою – 180 см, салмагы 68 кг
Хоббиси – Гитара, пианинодо ойноо, бийлөө
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тартылган тасмалары – “Мыкты жигиттер”

Актёр жана ырчы Ким Хен Жунг – кореялык “SS501” поп тобунун башчысы. 2008-жылы “Рахмат” деген ыр альбомун чыгарган. Ал ушул эле жылы Хван Бо менен “Биз турмуш курдук” телешоу программасына катышат. Топтун катышуучулары ал жөнүндө: “Жунгдун жазууда сабаты начар, кечиккенди жактырат, көбүнчө эмоциясы жок жүрөт”,- деп мүнөздөмө беришет. Андан сырткары ал аябай уйкучу. “Мыкты жигиттер” сериалында Жунг өзүн ойногон. Бул сериалдагы “Анткени мен акылдан азганмын” деген ыр актёрго таандык.

Ким Сан Бом
Туулган жылы – 7-июль, 1989-жыл
Бою – 181 см, салмагы 63 кг
Хоббиси – Футбол, бейсбол ойноо
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тартылган тасмалары –“Мыкты жигиттер”, “Турмушка чыккысы келген айым”, “Түш”, “Бейиштен Чыгышка карай”, “Олуттуу айымдар” ж.б.

Ким Сан Бом башка актёрлордон сырдуу жылмаюусу менен айырмаланат. Бала бакчага барганда Ким Сан Бомдун тобундагы кыздар дайыма аны айланып-тегеренип, жанынан чыгышчу эмес. Эгерде ал актёр болбой калса, сөзсүз футболчу болмок. Анткени мектеп курагында футболду жакшы ойноп, өз тобунда “бомбардир” атка конгон. Тасмага тартылардан мурун ал телешоу программага катышып калып, ал аркылуу элге таанылган. Ким Сан Бом 18 жашка чыкканга чейин 6 кыз менен мамиле курган.

Ли Мин Хо
Туулган жылы – 22-июнь, 1987-жыл
Бою – 185 см, салмагы 65 кг
Хоббиси – Футбол, бейсбол ойноо
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Тартылган тасмалары –“Мыкты жигиттер”, “Ойгон”, “Биздин мектеп” ж.б.

Ли Мин Хо тасмага 2005-жылдан баштап тартылат. Бирок “Мыкты жигиттер” тасмасындагы Гу Чжун Пё деген каармандын ролунан соң белгилүү болот. Бул тасмага тартылып жатканда ал жөнүндө ушак-айыңдар, анын ичинде бир мезгилде эки-үч кыз менен мамиле кургандыгы айтылган. Ал: “Мен эки коёндун артынан чуркагандардан эмесмин. Анын үстүнө мага ырчы же модель эмес, жөнөкөй жана адамгерчиликтүү кыздар жагат”,- деп журналисттердин демин сууткан.

Эльвира Караева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
17.05.2010. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким Сан Бом менен Ли Мин Хо красавчики. Мыкты Жигиттер деген сериалды корсонор соооооооонун
17.05.2010. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Би олло жагат да , бийлегени отпад
17.05.2010. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ли Бён Хонду чыныгы актер деп эсептейм. "Тагдыр оюну" деген сериалды корсонуздор жетишээрлик болоор.
18.05.2010. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ли Мин Хо мен менен тен турбайсынбы крассавчик эх крассавец
18.05.2010. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Li Biol Xon Korea aktoiru aiyabai jakshy kinonu jetkire atkarat. Jakshy men oshonu jakshy atkargangan aktiyor dep esepteimin.
18.05.2010. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынын талантын сыйлайм!!!
27.05.2010. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ли мин ХО ПРОСТО СУПЕР
27.05.2010. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ли мин хо Супер.
01.06.2010. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Li Bien baardyk roldorun jakshy atkargan.
30.08.2010. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ли Мин Хо мен сени суйом олло!
30.08.2010. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozuncho ele baary krasavchikter go
14.12.2011. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жунг сан жаган кыш сонатасын коргондо кечке ыйлап корот эем
05.01.2012. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага Lee Min Ho, Jang Geun Seok экоо эле жагат. Ушул экоону азыркы муундун чыныгы актерлору десе болот) каяктагы Ким Сан Бом, Ким Хюн Чжун дегендерди эмес
25.01.2013. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары эле карт бойдоктор го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо