ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА РЕСПУБЛИКАЛЫК ШТАБДЫ ЭМИ ТОЛКУНБЕК АБДЫГУЛОВ ЖЕТЕКТЕЙТ

№780 13-19-октябрь, 2017-ж.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгынан улам каза тапканына байланыштуу президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды эми биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жетектейт. Мындай буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
7-октябрь күнү вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Тойота Прадо үлгүсүндөгү унаа менен Таласка шайлоого даярдыкты текшерүү максатында бара жатып КамАЗ унаасы менен кагылышкан. Жол кырсыгы Бишкек–Кара-Балта жолундагы Садовое айылында катталган. Натыйжада Тойота Прадонун ичиндеги Темир Жумакадыров жана анын айдоочусу Нурбек Муканов менен жардамчысы Нурлан Жамгырчиев каза болгон. Унаа кырсыгына тиешеси бар КамАЗдын айдоочусун Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Темир Жумакадыров 1979-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Ал 2015-жылдан тарта Коопсуздук кеңешинин төрагасы, 2017-жылдын август айынан тарта коопсуздук боюнча вице-премьер-министр болуп эмгектенип келе жаткан. Жумакадыров өкмөттүк жыйындарда өлкөдө жол кырсыктары көбөйгөнүнө тынчсыздануу билдирип, көйгөйдү жоюу үчүн тапшырмаларды берип келген.
Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрда болуп, сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик көрүстөнүнө коюлду.

«Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамааты Темир Жумакадыровдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!
Иликтөөнүн жыйынтыгында, КамАЗдын айдоочусу унааны башкара албай калгандыгы аныкталды.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо