-

Кыргыз өлкөсүндө 2015-2016-жылдары 13 миңге жакын
ЖЕР ТИТИРӨӨ катталган. 2019-жылы сейсмикалык активдүүлүк мындан да күчөшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкекте өткөн эл аралык жыйында айтылды.
-
2017-жылдын 6 айында Кыргыз мамлекетине кирген түз ИНВЕСТИЦИЯНЫН КӨЛӨМҮ 369,5 миллион долларды түзүп, былтыркыдан 8,17 пайызга жогорулаган. Маалыматты Улуттук статистика комитети таратты.
-
Октябрь айынын аягына чейин республика боюнча «Кыргыз-почтасынын» курамында 432 КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨЧҮ маалыматтык күркөлөр ачылат. Бул жөнүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.
-
Кыргыз Республикасындагы орточо АЙЛЫК МАЯНА 15 миң сом деп эсептелип, дүйнөлүк рейтингде 122-орунга жайгашты. 258 миң сом менен Швейцария биринчи орунда баратса, кошуна Казакстан 32 миң сом менен 86-орунда.
-
2017-жылдын 8 айында МИГРАНТТАР Кыргыз өлкөсүнө 1 миллиард 581,1 миллион доллар которушту. Маалыматты Улуттук банктан таратышты.
-
Бишкек шаары менен ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШКАН негизги инвестор мамлекеттер болуп Кытай, Япония, Сингапур, Казакстан, Нидерланды жана Түркия эсептелет.
-
11-октябрда Онкология жана гематология улуттук борборунун капиталдык ремонтунун 95 пайызы аяктап, 3 күндөн кийин ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛМЕКЧИ. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
-
Акыркы бир айда Кыргыз өлкөсүнүн МАМЛЕКЕТТИК КАРЫЗЫ 97,71 миллион долларга көбөйдү. Ал эми жыл башынан бери 313,97 миллион долларга өскөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.
-
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын КЕЗЕКТЕГИ САММИТИ 2018-жылы Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтөт.
-
Кыргыз өлкөсүнө 33 ПАМИРЛИК КЫРГЫЗ алып келинди. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын маалыматына караганда, Ооганстандан келген кыргыздар Нарын облусуна жайгаштырылат.
-
12-октябрда "ЖЕБХАТ АН- НУСРА" террордук уюмунун мүчөсү болгон 1978-жылы туулган К.Х. аттуу кыргыз жараны колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
-
Кыргыз өкмөтү ГЭС КУРУУЧУ чехиялык "Liglass Trading CZ SRO» (LTD CZ) компаниясы менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарды.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg