ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ КАНДАЙ АТА БОЛГОН? Залкар жазуучунун уулу Элдар Айтматов балалыгын эскерет

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.

«Атам бизди дайыма кубандырып тургусу келчү. Ар кандай жаныбарларды: ит, мышык, балык, куштарды алып келип, бизге мыкты дос да таап берчү» дейт бүгүнкү каарманым. Ар бир ата-эне балдарынын балалык доорун жомокко айланткысы келери анык. Дүйнө эли тааныган, сыйлаган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов үйдө кандай ата болгон, балдарына кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген? Бүгүн атанын уулу Элдар Айтматовдун балалык күндөрүнө саякат кылдык.

– Атам такыр бош отурчу эмес. Телевизор көрүп же жөн эле отурганы абдан сейрек көрүнүш эле. Убактысынын көбүн өзүнүн кабинетинде чыгарма жазып өткөрчү. Бирок атам бизди эч качан көңүл сыртында калтырган эмес. Күндүзү китеп окуп берсе, жатарда жомок айтып берүүнү адат кылып алган.Ошондон улам болсо керек, кичинекей кезимден китеп окууга жакынмын.

– Мен 1979-жылы 1-декабрь түнү, Бишкекте төрөлгөм. Апамдын айтымында, ал күнү түнү менен тынбай кар жааптыр. Өз алдымча тамак жеп калганда бала бакчага баргам. Ал күндөр али да көз алдымда. Мен барган бала бакча Бишкектин так ортосунда жайгашкан эле. Ал жерде азыр соода борбору турат. Бала бакчада бассейнге түшкүм келе берчү, бирок ага эч качан суу толтурушчу эмес. Азыр эстесем, ошол кездеги тарбиячылар балдарды абдан катуу кармашыптыр. Бала бакчага барганды өтө деле жакшы көрчү эмесмин.

– Алтыга чыкканда ата-энем мени скрипка ойногонду үйрөнүүгө мажбурлады. Өспүрүм кезде скрипка менин балалыгымды тартып алгандай сезилчү. Жаш өткөн сайын ал оюм жаңылыштык экенин түшүнүп жатам.
Музыкант болбогонума өкүнөм. Бирок менин музыкалык билимим өзүмдү живописте табууга чоң жардам берди. Бүгүнкү күндө жакшы көргөн музыкамдын коштоосунда сүрөт тартып келем.

– Ата-энемдин жумушуна байланыштуу бир нече мектеп алмаштырганга, бир өлкөдөн экинчи өлкөгө көчүп жашоого туура келди. Улам жаңы мектепке көнүп, жаңы тил үйрөнүп, жаңы программаны өздөштүрүүгө аргасыз болчумун. Мектеп которо бергенимдин пайдасы да болду. Учурда кыргыз, орус, англис, француз тилдеринде эркин сүйлөйм, немис тилин кичине билем. Ар бир жаңы мектепке барган сайын стресске кабылчумун. Ошондуктан мектепте окуган жылдар жакшы, ошол эле учурда жаман сезимдер менен коштолду. Көп жолу дос күтүп, аларды кайра жоготууга кабылганым мен үчүн оор болчу.

– Көркөм искусство, география, биология, химия, тарых сабактарын жакшы көрчүмүн. Тынч жүрүп, сабакты жакшы окуганым менен, экстремалдуу нерселерге кызыгар элем. Бийиктиктен коркконума карабастан бак-дарактардын, дарбазалардын, гараждардын үстүнө чыгып ойномой адатым бар болчу. Чыгып, түшүп жүрүп көп жолу жаракат да алгам.

– Ширин эжем менден эки жаш улуу. Экөөбүз абдан ынтымактуу өстүк. Өтө сейрек урушчубуз. Экөөбүздүн досторубуз да бир эле. Эжем менин үй тапшырмама көп жардам берди. Ушул күнгө чейин тыгыз байланыштабыз, көп баарлашабыз. Үй-бүлөсү менен биздикине конокко бат-бат келип турат.

– Атам абдан боорукер болгондуктан, мага көп болушчу. Апам атама караганда катуураак кармачу. Кээде менин жүрүш-турушум атамды да канааттандырбаса, ал дагы катуу сүйлөп тарбиялаган күндөр болгон. Азыр ошол күндөрдү сагынам. Жалпысынан ата-энем бизге дайыма түшүнүү менен мамиле жасашты. Үйдө бардык темаларды эркин талкуулай алчубуз.

– Атам мени кандай тарбияласа, уулдарым Эскандер менен Сулейманды ошондой тарбиялап келем. Учурда эл аралык Айтматов фондунун жана Айтматов үй-музейинин иштери менен алекмин. Мен үчүн бул абдан маанилүү долбоор. Айтматовдун эмгектерин өлкөбүздө жана дүйнө жүзүндө түбөлүктүү мурас кылып калтыруу биздин милдет деп билем. Ошондой эле бош убактымды устаканамда сүрөт тартуу менен өткөрөм, келечекте борбор калаабызда өз көргөзмөмдү уюштурууну эңсейм.



– Атам мени эч качан бир кесипти танда деп мажбурлаган жок. Ал «ар бир адам өз жолун өзү табышы керек» деп айтчу. Бир учурда аскер академиясына тапшырууну каалаганым эсимде. Атам согушка, кан төгүүлөргө каршы болсо да, мени «ал жакка тапшырба» деп айткан жок. Тескерисинче, тандоомду баалай турганын гана билдирди.


(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(31)
24.10.2017. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Улуу Чынгыз Айтматов кыргыздын айтып буткус баа жеткис адамы. Анын чыгармалары эмгектери кандай керемет,дуйнолук шедеврге айланды. Жаткан жери жайлуу болсун.
24.10.2017. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyty1990,jakwysy jakwygo birok akaevti tuura emes tandap biylikke alyp kelgen azyrga cheyin kyrgyz onolo albay jurot
25.10.2017. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
zevs,Азамат ! Эн туура!!! Чыгармаларынан адашса да! Кыргызга Эл башчыны тандоодо адашуу болгондур? Бул Кыргызга коп туйшук алып келди. Жер жамандаап барбасын.! Кыргызга жанылануу керек. Ата бабасынын жолуна тушуусу керек.
25.10.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
zevs, Акаевди тандап туура еле кылган анткени Акаев улуу киши аны айланасындагылар бузду
24.10.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кайталангыс талант. Жаткан жери жайлуу болсун
24.10.2017. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чынгыз Айтматов эн мыкты инсан эле.Кыргызды данктаган.ар бир чыгармасы маанилуу.жаткан жериниз жайлуу болсун.мен сиздин чыгармаларынызды мин миллион жолу окусамда тажабайм кайра кайра окуйм.балдарга окуучуларга сиздин чыгарманыздан тарбиялык максатта коп нерселеринизди айтып кетем.мисал кылып.
24.10.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
"Адамга эн кыйыны кун сайын адам болуу" Жаткан жери жайлуу болсун
24.10.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Дуйного атагы чыккан Ч.Айтматовдун уулу болгондун эле озу кандай бакыт.
24.10.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
nazel,+++++++++
24.10.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
Ооба чынында абдан кооз жазат бирок чекеси жай намазга тийди болду бекен?
24.10.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Kalemkash,кооз жазганы дегенин эмнеси
25.10.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
agarai,эртеден кечке намаз окуп отурса адабият маданиятты билеби ойуна келгенди жазып койду да .
25.10.2017. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Kalemkash,Ар ким намазды озу учун окуйт и тиги дуйнодо озуно озу жооп берет.Андыктан сен башкалар учун кыйналбай эле кой.
25.10.2017. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Kalemkash, Сиздин чекениз жай намазга тийип жаткан болсо, бироону жамандабай, бироо тууралуу жаман ойлобой, болгондо да козу отуп кеткен, кыргыздын тарыхында алтын тамгалар менен аты жазылып калган адамга тийишпей туз журунуз.
28.10.2017. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kalemkash, негизи адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу дегенди мусулманга эң кыйыны күн сайын мусулман болуу деп айткан. Болгону ошол заманга ылайык өзгөртүлгөн деген да кептер жүрөт. Эгер Чыңгыз Айтматов ошентип айтканы чын болсо анда кандай мусулман болгону белгилүү эле. Сиз кайгыраңыз ага
28.10.2017. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kalemkash,Чекеси жай намазга тийдиби, тийген жокпу ал жөнүндө сиз эч ойлонбоңуз. Эгерде сиз намаз окуп, мусулмандык парзыңызды аткарып жүргөн болсоңуз мындай сынды эч жазбайт элеңиз. сиздин, биздин басып жүргөн жерибизди дүйнө элине таанытып кеткен залкар инсан. Сиз мынтип сындаганга эч акыңыз жок. Бул өмүрдө ар ким өз кылган иши үчүн гана жооп берет, чындыгында moskoy жазгандай башкалар үчүн кыйналбай эле коюңуз.
24.10.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ракмат, сиздерге супер инфо! Ушундай улуу инсандар жонундо кобурок интервью алсаныздар. Мен бул макаланы аябай кутком, бирок аябай аз экен.
24.10.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушундай улуу инсандарга кайрылып турса жакшы болот эле. Бул инсандардын кызыгы бүтпөйт да.
24.10.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кичинемден залкар жазуучунун чыгармаларын суйуп окучумун. Канчалаган сочинениелерди жаздык. Дуйно жузундо биздин атабыздай данышман адам саналуу эле болсо керек. Каза болгонун укканымда ыйлагам. Жаткан жери жайлуу болсун!
24.10.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менин адабиятка болгон кызыгууму Айтматовдун"Биринчи мугалими"ойготкон.4-классымда атам алып келип берип,тушунугуну айтып бересин окуп бутуп дегенде, кайра-кайра окуганым эсимде.Башка жерин тушунбосом да Алтынайды женеси мектептен урушуп алып кеткенин эстеп калып,атам сураса ошол жерин эле айта алгамын.Бирок ошондон баштап бугунку кунго чейин адабият менин жан дуйном болуп калды.
24.10.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бвлдарынын аттары туркчо го((((
24.10.2017. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтматов кечирээк уй було кутконбу? 51жашында уулдуу болуптур. Апасы жонундо да жазса сонун болмок. Менимче апасы казак кызы болсо керек эле. Же адаштымбы? Ал эми эжеси ЖК нын депутаты экенин билчумун. Айтматовдун аты кыргыз тарыхында о.э адабиятында алтын тамгалар менен жазылып кала бермекчи.
24.10.2017. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Lilia11,бул экинчи жубайынын балдары,биринчисинен Аскар,Санжар деген уулдары бар.Алар картайып калышты болуш керек 60ка таяп
27.10.2017. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lilia11,Айтматовдун биринчи аялы кыргыз, экинчиси татарка.
25.10.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ширин менен Эльдар 2-аялынан да.Биринчи аялынвн балдары менен катташышпайт,мамилелери начар деп уктум эле...Ошондой эле окшойт....
25.10.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынгыз Айтматов кыргыз элинин сыймыктанган инсандарынын бири биз эч качан ушутпашыбыз керек.Биз эле эмес бул Уулу инсанды дуйно эли кадырлайт,чыгармаларын окуусаныздар озунчо эле керемет чыгармалар. Мындай уулу инсандар мин жылда бир жаралса керек...
25.10.2017. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Универде жанынан коруп суктанып оттум эле,анан жайкы каникулда коп отпой коз жумду деп уктум
25.10.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынгыз Айтматов атабыз Акаев экс-президенттибизди туура тандап койгон,Акаев озунун туура жолун тандай алган жок.Айтматов жайы жанатта болсун
25.10.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы создорду айтыптыр.Чыныгы атанын уулу болуп журо бериниз!Чынгыз Айтматовду н жайып жаннаттан болсун!
25.10.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтматов жөнүндө эмес,анын уулу жөнүндө эле сөз болуптур.
26.10.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаныздын жаткан жери жайлуу болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо