КЫРГЫЗ ПОДПОЛКОВНИГИ КАЗАК ЧЕГИНДЕ БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.

Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын подполковниги кыргыз-казак чек арасында баңгизат менен кармалды. Аталган маалыматты Башкы штабдан тастыкташты. Маалыматка караганда, подполковник У.А. 15-октябрда кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү бекетинен кармалган. Кыргыз офицерлери Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) атайын машыгуусуна бара жатышкан. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Казакстандын Кордай районунун сотунун чечими менен айыпталуучу 1 айга камакка алынды. Аталган кылмыш иши боюнча Башкы штаб да кызматтык иликтөө ишин жүргүзүүдө.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо