Бир бүркүм. ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЖАПАРОВ АБАКТАРГА КОТОРУЛДУ...

№781 20-26-октябрь, 2017-ж.

  • Жогорку Кеңештин депутаты ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ №1 СИЗОдон №47 түзөтүү колониясына которулду. Ал эми экс-министр Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27 түзөтүү колониясына которулду.
  • Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга 2017-жылдын декабрынан 2018-жылдын март айына чейин 13 миллион долларлык 550 миллион кВт көлөмдөгү ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. Маалыматты Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Айбек Калиев билдирди.
  • Президент Алмазбек Атамбаев 18-октябрда 2016-2017-окуу жылындагы ири жетишкендиктери үчүн 70 студентке ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯ тапшырды.
  • Кыргыз өлкөсүндөгү ПСИХИКАЛЫК ООРУГА кабылгандардын көпчүлүгү 25-50 жаштагылар.
  • Өлкөдө 227 СПОРТЧУ 7 категория боюнча 2 миң сомдон 45 миң сомго чейин мамлекеттик стипендия алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен таратышты.
  • 16-17-октябрь күндөрү Токмок жана Бишкек шаарларында 2 адам ПОЕЗД СҮЗҮП каза болду. ИИМдин маалыматына караганда, экөөсү тең поезддин сигналын укпай койгон.
  • Учурда Токтогул суу сактагычындагы СУУНУН КӨЛӨМҮ 19 миллиард 452 миллион метр кубду түзөт. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 2 миллиард метр кубга көп.
  • ГҮЛНУРА ТӨРАЛИЕВА премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал өкмөт башчынын маалымат кызматын жетектеп турган. Төралиеванын ордуна Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалды.
  • Ноябрь айында ЖЫЛУУ АБА ЫРАЙЫ күтүлөт. «Кыргызгидрометтин» маалыматына караганда, республиканын көпчүлүк аймактарында абанын орточо температурасы +2 градустан +21 градуска чейин болот.
  • ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО карата Борбордук шайлоо комиссиясына 16-августтан 18-октябрга чейин жарандардан 791 кайрылуу келип түшкөн. Алардын 335и жарандардын тизме боюнча суроолору болгон.
  • 2012-2016-жылдар аралыгында 26 миң 891 адамга Кыргыз өлкөсүнүн ЖАРАНДЫГЫ берилген. 8 миң 810 адам жарандыктан чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
  • Жогорку Кеңештин экс-депутаты САДЫР ЖАПАРОВ Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №1 катуу тартиптеги абакка которулду. Анын жаза мөөнөтү 2028-жылдын апрелинде аяктайт.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо