КАПЧЫК ҮЧҮН ҮНӨМДҮҮ УНААЛАР

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж

Соңку кездерде айдоочулар арасында коомдогу экономикалык шартка ылайык майды аз короткон унааларга басым жасалууда. Андыктан аларга карата баа да өсүп, айрымдарынын наркы өзүнөн жогорку класстагы унаалар менен дээрлик тең болуп калды. Өлкө ичинде кеңири тараган мини класстагы үнөмдүү унааларды мүнөздөп көрөлү.

ЫҢГАЙСЫЗ, БИРОК АРЗАН

Авто өндүргөн компаниялар адатта эконом класстагы унаалардын кузовун хэтчбек кылып чыгарууну туура көрүшөт. Мындай модель чакандыгы менен айдоого ыңгайлуу болуп, тыгын көп болгон шаарларда кыйынчылык жаратпайт. Биздин аймакта негизинен үнөмдүү унаалардын алдыңкы приводдогулары (алдыңкы дөңгөлөктү кыймылга келтирүүчү) кеңири таралган. Алардын кемчилиги катары тоо-ташка ыңгайсыз экени айтылат. Төмөндө үнөмдүү автоунаалардын 2002-2003-жылы чыккан моделдеринин Кыргызстандын базарындагы орточо баалары көрсөтүлгөн. Алардын баары орточо эсеп менен 100 чакырымга 5-7 литр күйүүчү май сарптайт.

HONDA FIT

Бул унаанын популярдуу экенин мындан билиңиз, эл арасында «Хонда Фит – Бишкекте хит», «Ош фиттеп кетти» деген сыяктуу тамашалуу сөздөр айтылып келет. Бул унааны базардан өзүн да, тетиктерин да арзан жана оңой сатып алуу мүмкүн. Ошондуктан жергиликтүү айдоочулар аны жеткиликтүүлүгү жагынан эч бир унааны алдыга салбайт дешет. Ал эми кемчилиги катары аны назик деп баалап, консерва банкасына салыштырышат. Ушул эле кузовдогу унаанын сол рулдуусу Honda Jazz деп аталып, Фитке салыштырмалуу баасы кымбатыраак болот.

• Кыймылдаткычынын көлөмү – 1339-1496 сантиметр куб
• Салмагы – 1100-1350 килограмм
• 100 чакырымга кеткен чыгым – 5 литр
• Баасы – абалына жана жылына жараша 3000-4500 $


TOYOTA IST

Бул унаа түрү 2002-жылы чыгып, дүйнөдө жана 2011-2012-жылдан тарта биздин рынокко келип, интерьери жана баасы жагынан элдин купулуна толуп, аз убакыттын ичинде суроо-талапка ээ болгон. Исттин бекемдигин, чыдамкайлыгын, салону кенен жана бийик болгонун, дөңгөлөктөрүнүн сыртындагы аркалар анын жол тандабасты элестеттирген дизайнын баалашат. Ошол эле учурда айдоочулар бул 5 эшиктүү хэтчбекти айдоодо катуулугу билинерин жана багажынын тардыгын кемчилик катары айтышат. Аталган авто өндүрүштө турганына 15 жыл эле болгондуктан, жалпысынан жылы жаңы жана дээрлик баары аз чакырым айдалганы менен айырмаланат. Истти жактыргандар каалоосуна жараша, кыймылдаткычынын көлөмү 1.3 же 1.5, алдыңкы же толук приводдо тандап ала алышат.

• Кыймылдаткычынын көлөмү – 1299, 1496 сантиметр куб
• Салмагы – 1200 килограмм
• Чыгым – 100 чакырым/5,5 литр
• Баасы – абалына жана жылына жараша 3600-5000 $


VOLKSWAGEN BEETLE (ЖУК)

3 эшиктүү бул автоунаанын сырткы келбети чындап коңузду элестетип, анын көпчүлүгү ачык түстө кездешет. Кызыктуу кузов дизайны менен өзүнө тарткан бул унаанын алгачкы моделдери 1938-жылы жарыкка чыгып, 2003-жылга чейин 21,5 миллион даана унаа сатылып компаниянын тарыхында рекорд койгон. Коңуз деген каймана ат менен белгилүү болгон бул авто эл арасында германиялык өндүрүш болгону үчүн, рулунун сол жакта экендиги жана бекемдиги менен бааланат. Бирок асты жапыз болгону дөңсөөлөрдөн өткөндө ыңгайсыздык жаратат. Ушул үлгүдөгү унааны Уругвай мамлекетинин мурдагы президенти Хосе Мухика да тандаган.

• Кыймылдаткычынын көлөмү – 1390 сантиметр куб
• Салмагы – 1650 килограмм
• Чыгым – 100 чакырым/6-7 литр
• Баасы – абалына жана жылына жараша 2600-3500$


NISSAN MARCH

Алгач бул модель 3, андан кийин 2002-жылы чыккан үлгүсүндө (5-муун) 5 эшиктүү хэтчбек болуп чыга баштаган. Өндүрүүчүлөр салон үчүн жогорку класстагы материалдар колдонулганын айтышып, кыймылдаткычынын сапаты япон унааларынын стандарттарына туура келет деп ишендиришет. Бул унаанын эмнеси жакшы, каалоочулар анын коробкасынын автоматын да, механикасын да кыйналбай таба алышат. Айдоочулар аны айдоого жеңил деп айтышканы менен, жүргүнчүлөр бул унаанын арткы орундуктары адамды түз эмес жолдордо катуу чайпап коёт дешет.

• Кыймылдаткычынын көлөмү – 1240 сантиметр куб
• Салмагы – 1475 килограмм
• Чыгым – 100 чакырым/5-6 литр
• Баасы – абалына жана жылына жараша 2000-3000$


MERCEDES A 160

Мерседес А 160ты үнөмдүү автосүйүүчүлөр Мерседестин продукциясы болгону үчүн тандашат. Алар бир эле учурда «жол падышасын» айдап, унаасы майды аз сарптоосун каалашат. Артыкчылыгы: ишенимдүү, бекем, чыйрак, сол рулдуу жана салону ыңгайлуу. Кемчилиги: тетиктери башка үнөмдүү унаалардан кымбатыраак жана айрым деталдары Кыргызстандын аймагында чанда кездешип, муктаждык жаралганда аларды атайын буюртма менен алдырууга туура келерин айтышат.

• Кыймылдаткычынын көлөмү – 1598 сантиметр куб
• Салмагы – 1500 килограмм
• Чыгым – 100 чакырым/7-8 литр
• Баасы – абалына жана жылына жараша 2700-4500$

Артыкчылыктары:

• Баалары башкаларга салыштырмалуу арзан;
• Күйүүчү майды аз коротот;
• Чакан болгондуктан, унаа токтотуу маселе жаратпайт;
• Кызмат көрсөтүүлөр кымбат эмес;
• Кыймылдаткычынын көлөмү аз болгондуктан, салыктын баасы да ага тиешелүү болот;
• Абаны азыраак булгайт;

Кемчиликтери:

  • Салмагы жеңил болгондуктан, автокырсыкка туруктуу эмес;
  • Үн өткөрбөөсү начар;
  • Аз жүк батып, оор жүк көтөрө албайт;
  • Дээрлик баары 5 кишилик деп аталганы менен, салон 4 кишиге ылайыкталган;
  • Асфальтта гана жүрүүгө ыңгайлуу.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(31)
31.10.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Баары калп 5литр жегени. ен аз женен фит ал 7-8ичет. Ист демио жана башкасы 10-11 ичет анткени мен баарын айдап кордум ен жакшысы 1,8. Же 2 обем алгыла 8ден 12 чейие ичет окунбойсунор маламетрашка деген аты еле бар
31.10.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин кыялым..
31.10.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менде фитин 2004 1.5 об болгон. Рестайлинг рулдагы типтироник полный обвес. Бирок 8.9 литр ичет эле экономичный эмес. Азыр фити барлар крутой:)
31.10.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Өпкөнү колуңа кармап алып айдасаң баардык эле машине расход кылат ыгыменен айдаш керек
31.10.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гольф 4 алсан экономмичный 8-10 реально ичет
31.10.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде дагы болгон фит.жүк көп болсо көп жейт.5 адам салсан объем 2дей эле жейт.азыр скайлайн 34 бар.объем 2 трубо жакшы эле келатат алдына ат салдырбай
31.10.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да өз тажрыйбамдан бөлүшүп коеюн. Honda Jazz, 1.4 обьем, 2004-ж - 5,5-6 литр; Hyundai Getz, 1.1 обьем, 2003-ж - 6-7 литр; Daewoo Nexia, 1.6 обьем, 2010-ж - 6-7 литр. Бирок трассада көп учурда 90-100 км/саатына ылдамдык менен жүрөм.
31.10.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Матиз жакшы
31.10.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээн эле жакшысы тикооо
31.10.2017. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Меники мерседес с180 1.8. Расход город 9-12 трасса 7-8. Фит алсам разница кандай болот?
01.11.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mers124,фит узак жолго бир аз кыйналып калат
атак расход 5.5-6л эгер жугу жок журсон
01.11.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mers124,мерс 1.8 менен кыйналбай элеби?
01.11.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgul, кыйналбайт.
31.10.2017. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Машинанын баары жакшы айдаган кишиден болот.
01.11.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hyundai Getz ди жазбадынарбы
01.11.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
гетз ким айдайт.автомат каробка об.1.3 же 1.5 дегендер точна расход канча?запчасть деги эле туруктуулугу кандай ошол машинанын?
01.11.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менде тайота витз бар.жылы 2005 об.1.3.полный привод.трассада 6.5 жеди.точна эсептедим.бирок жүк аябай оор эле анан жай айдадым.шамалдуу сайда гана 150 гө чыгардым а так айылдарда 80-100 менен гана айдадым.макташ эмес расход аз экен мага жакты фит менен исттен кыйла эле соонун экен.комфорт жумшак шум угулбайт анча
01.11.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менин машинам atwagen аябай үнөмдүү вопще май ичпейт чөп анан суу болсо болду,всем советую
02.11.2017. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Samat777,atwagen менде да бар кышкысын чоп суу кобуроок жеп жашайт
Кышы менен улакка жарап берсе болду
02.11.2017. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Силерден ким сурап атат? Мактанбагылачы
02.11.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Эшка Х5 эле экономный.Бирок жайыраак либой жерге жетесин.
02.11.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Велик
02.11.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2-3 литрден качпай 2 көлөм алгыла.комфорт шум жок ылдам кыйналбайсыңар
03.11.2017. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менде 1,3 обьем фит бар расходу
100км 6,8 же жолдомо 7 литр кетет 5 литр дегени жалганго. Болсо болгондур жанылары Японичда 0 пробег менен кедгендери
03.11.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фитти минип көрдүк салону жакпады, бирок жеңил жүрөт, азыр Тойота Раум айдайм комфортный экен, негизинен эле Тойота жакшы экен.
03.11.2017. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булар заводтон чыккандагысын жазган, а так биздин жолдун абалы жана майдын сапаты мн жогоруда корсотулгондон коп ичет.
03.11.2017. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машмналардын баарынын эле механикасы аз ичет бензинди, а афтоматтары коп ичет. Ошон учун механиканы уйронуш керек. Эн аз ичкен машина тико болсо керек.
03.11.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустар айткандай. Все зависит от прокладки между рулём и , сиденьем беле?
03.11.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Меники акорд об 2 расход 15 по городу трасса 10
03.11.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Админ супер инфого маалыматымды чыгаруу учун эмне кылыш керек. Рахмат
06.11.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Камри американец 2.2 тан калычтуусу 100 км 7-9 ичип атат,балким айдагандан болуш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо