ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 30-октябрдан 5-ноябрга чейин

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж



КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада көпчүлүк адамдар менен жакшы тил табышасыз. Активдүүлүгүңүз күчөйт. Эски тааныштарга жолугасыз. Көп көйгөйлөр оң жагына чечилет. Жума акырында айрым адамдар менен болгон узак мамилелерге чекит коюлушу мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Бейшембиге чейин кесиптештердин сүймөнчүлүгүнө ээ болосуз. Өз ара түшүнүүчүлүк жогорку деңгээлде. Каржы жагы жаман болбойт. Жума күндөн тарта спирт ичимдиктеринен, ашыкча тамактануудан оолак болуңуз. Кыйналып каласыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул күндөрү өзгөчө эргүү менен иш алып барганыңыз оң. Талантыңыздын, сулуулуктун бардык жактарын колдонууга, көрсөтүүгө аракет жасаңыз. Бирок жума күнгө чейин гана. Андан ашыгы адамдар арасында көрө албастык, кызганыч гана жаратат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Үй, турмуш шарт жактарын жакшыртасыз. Үй-бүлө мүчөлөрү менен жагымдуу маанайды баштан кечиресиз. Каржы, ден соолук жагы да жаман эмес. Апта акырында жакындарыңыз менен абайлаңыз. Күтүүсүз кайчы пикирлер келип чыгат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жуманын баш, орто чендеринде жол, документ, туугандар маселеси ойдогудай ишке ашат. Жагымдуу кабар да угасыз. Аптанын соңку күндөрү турмуштун ушул эле тармактары күтүүсүз кыйынчылыктарга учурайт. Күтүүсүз көйгөйлөр жаралат. Абайлаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптанын акыр чендерине чейин каржы маселеси көп бушайман кылганына карабай, жеке иштериңиз сиз ойлогондой ишке ашат. Кыйкымчылдыкты бир аз азайтыңыз. Антпесеңиз жума күндөн тарта күтүүсүз чыгымдарга дуушар болосуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бейшембиге чейин жеке иштериңиз ойдогудай бүтөт. Өзгөчө сүймөнчүлүккө ээ болуп, баркыңыз жогорулайт. Жакын санаалаш, документтер жагы да жаман болбойт. Жума күндөн тарта күтүүсүз тоскоолдуктарга туш болушуңуз мүмкүн. Мыйзам чегинен чыкпаңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жетекчилик жана акча жаатында айрым нерселер оң келгени менен, купуя аракеттериңиз жума акырында зыянын тийгизиши мүмкүн. Андыктан сырдуу нерселерди аптанын акыр чендеринде такыр колдонбоңуз. Жүрөк өйүгөн абалда болосуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Койгон максаттарыңызга жетүү үчүн эң ыңгайлуу мезгил. Бул максаттарды ишке ашырууда досторуңуз, кесиптештер жардам беришет. Апта соңунда алар менен күтүлбөгөн түшүнбөстүктөргө дуушар болосуз. Андыктан алдын ала тактикалуу болуңуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Айрым жашыруун жана каржы көйгөйлөрүн жетекчи менен бирге иш күндөрү бүтүрүп үлгүрүңүз. Антпесеңиз жетекчинин суудан кургак чыгып, сиздин тутулууңуз турган сөз. Анын бул күндөрдөгү сизге болгон мамилеси заматта өзгөрөт.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Алыскы жол, мыйзам көйгөйлөрү оң жагына чечилет. Башка шаардык адамдар менен жакшы алакада болосуз. Дем алыш күндөрү ушул эле тармактардан терс жооптор кайтарылып зээниңизди кейитет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кесиптештер сизге сый-урмат менен мамиле кылышат. Каржы жагы жакшы чечилет. Боорукерлигиңизди көзөмөлгө албасаңыз апта соңунда аргасыз чыгымдарга дуушар болосуз.


Жылдыз төлгө. 30-октябрдан 5-ноябрга чейин

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо