НАЗАРАЛИ АРИПОВ «КЫРГЫЗСТАН» БАНКЫНАН КРЕДИТ АЛДЫ БЕЛЕ?

№782 27-октябрь-2-ноябрь 2017-ж

Акыркы күндөрү интернеттеги социалдык тармактарда, айрым басылмаларда «БШК мүчөлөрүн сатып алуу аракети болгонбу?» деген мааниде маалыматтар айтылып, жазылып, талкууга алынууда. Мындай талкууларды «БШКнын мүчөсү болгон Назарали Арипов Өмүрбек Бабановдун үй-бүлөсүнө тиешелүү «Кыргызстан» коммерциялык банкынан 19-октябрда 19 920 доллар өлчөмүндө кредит алыптыр» деген маалымат ого бетер күчөттү. Бул маалыматты талкууга алгандардын арасында «Бабановдун банкынан БШКнын башка мүчөлөрү да кредит алган эмеспи? УКМК менен Башкы прокуратура муну иликтейби?» деп суроо салгандар да бар.
Назарали Арипов бул боюнча «Супер-Инфого»: «Мындай маалыматтарды таратуу акмакчылык деп эсептейм. Паракорлорду башка жактан издешсинчи. Өтө төмөн деңгээл бул. Издей беришсин дагы. Кредит боюнча айтсам, мен банктар менен иштешем, бирок азыр эч кандай кредитим жок»,- деп билдирди.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо